Денежно-кредитная политика
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АКЧА-КРЕДИТТИК САЯСАТ – экономикалык өсүштү жөнгө салууга, акча кунунун түшүп кетүүсүн токтотууга, төлөм каражатынын иштөөсү менен теңелүүсүн камсыз кылууга багытталган акча жүгүртүмү менен кредит чөйрөсүндөгү ишчаралардын жыйындысы; мамлекеттин өндүрүш жүрүмүнө кийлигишүүсүнүн өтө зарыл усулунун бири катары кызмат кылат. КРУБ сомду коргоого жана анын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик А-к. с-ын жүргүзөт.