дене
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Тулку бой, ден. Эркекыздын денеси калтырап, көзү чакырайды (Байтемиров). Баягы балканактай эткээл дене да жок (Байтемиров).
♦ Дене тарбиясы; — физкультура. Жаш балдардын дене түзүлүшүнүн туура өсүшүндө дене тарбиясынын ролу чоң (Сыдыкбеков). Дене кул — ата-бабасынан бери байга кызмат кылып, кул болуп өткөндөр. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин («Манас»). Алардан калган балдарды, Дене кул кылып алганы («Манас»).