Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНОМИНАЦИЯ (лат. denominatio – атын өзгөртүү) – улуттук валютанын наркын көтөрүү жана акча жүгүртүмүн тартипке салуу максатында өлкөнүн акча бирдигин (атын алмаштырбай туруп) ирилештирүү. Д-га көбүнесе акча куну түшүп кеткен шартта акча жүгүртүмүн техникалык жактан камсыздоо кыйынчылыгы (акча белгилерин басып чыгаруу, аргандай нарктагы акчалардын зарыл теңсалмактуулугун сактоо, ири нарктагы акчаны майдалоочу тыйындарды чыгаруу) түрткү берет.