ДЕТАЛЬ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Иштин же белгилүү бир маселенин майда учурлары, көрүнүштөрү. Майда деталына токтоп турбай эле эң негизгисин айтты. Эң башкысы: аңгеме майда деталдарынан өйдө лирикалык планда түзүлүп, сезимге таасирдүү экендигинде («Ала-Тоо»). 2. Машинанын, механизмдин бөлүктөрү, тетиктери. Мына экөөбүз куйган деталдар,– деди мастер өсөрдү карап (Сасыкбаев). Шура чарыкка деталдын улам башка жагын кармай берет (Сасыкбаев). 3. адаб. Көркөм чыгарманын майда бөлүкчөсү.