Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Делдегей, делдейген, калдайыңкы. || Эдирейген, дердейген. Делдек таноо, кара чаар, эң сүйкүмсүз бир киши көрүндү (Баялинов). 2. Желпилдеп делбектеген көрүнүштү, энтелеңдеп шашкалаңдаган абалды билдирүүдө колдонулат. Тик жакалуу боз кемселинин этектери делдек-делдек этет (Байтемиров).