Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени кооздоого, көркүнө чыгарууга пайдаланылуучу, керектелүүчү. Фрунзе шаарынын өзүнө гана 200 миң түп декоративдик жана жемиш бактарын тигүү белгиленген («Айыл чарба») 2. Сахнанын жабдылышына таандык, декорацияга керектүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (служащий для украшения) декоративдик, кооздогуч (кооздоо үчүн колдонулуучу);
декоративные растения декоративдик өсүмдүктөр;
2. перен. (внешне эффектный) сырты гана жылтырак, сырты эле кооздолгон;
3. театр. декорация-га т.;
декоративные мастерские декорация мастерскаялары.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сахнада көрсөтүлгөн окуянын ордуна, айлана-чөйрөсүнө карата живописттик же архитектуралык мүнөздө берилген жасалга.
2. өт. Ички мазмунун, кемчиликтерин боёмолоп, сырт көрүнүшүн кооздоп көрсөтүү, ичи калтырак, сырты жалтырак абал, көрүнүш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сахнада көрсөтүлгөн окуянын ордуна, айлана-чөйрөсүнө карата живописттик же архитектуралык мүнөздө берилген жасалга. 2. өт. Ички мазмунун, кемчиликтерин боёмолоп, сырт көрүнүшүн кооздоп көрсөткөн, ичи калтырак, сырты жалтырак абал, көрүнүш.