Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (действовать) иштөө, кылуу;
не говорить надо, а делать сүйлөөнүн кереги жок, иштөө керек;
2. что (производить, изготовлять) жасоо, иштөө;
мебель делают на фабрике мебелди фабрикада жасайт;
3. что (продвигаться) жүрүү, басуу;
поезд делает семьдесят километров в час поезд саатына жетимиш километр жүрөт;
4. что, разг. даярдатуу, тиктирүү;
к зиме я делаю себе шубу кышка өзүмө тон тиктирип (жасатып) жатамын;
5. что (выполнять) даярдоо, иштөө, жасоо;
делать уроки сабак даярдоо;
делать задачи эсеп чыгаруу;
6. кого кем кылып алуу, жолуктуруу;
делать своим помощником аны жардамчы кылып алуу;
не делай его несчастным аны бакытсыздыкка жолуктурба;
нечего делать или делать нечего разг. амал жок; эмне кыласың;
от нечего делать кылар иш жоктуктан, бекерчиликтен;
что делать! арга канча!;
делать вид -мышка салуу, -ымыш болуу; -тансуу, -ымыш болуп;
делать гимнастику гимнастика ойноо;
делать выбор тандоо;
делать сообщение кабар берүү;
делать попытку аракет кылып көрүү;
делать подарок белек берүү;
делать обход обход жасоо;
делать наблюдения байкоо жүргүзүү;
делать ошибки ката кетирүү (жиберүү);
делать вывод корутунду чыгаруу;
он из мухи делает слона кымындай нерсени төөдөй кылып көрсөтөт; арадай жерге чарадай жыйын кылат; "саман учуптур" - десе, "Самарканды жоо чааптыр", - деп апыртыш.