Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о ноздрях) раздуваться;
мурду дердейип турат у него ноздри раздуваются;
2. перен. важничать;
башына балиш койдуруп, дердейип уктап калды приказав положить себе под голову подушку, он важно разлёгся и уснул.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дардаюу, көөп көрүнүү (көбүнчө мурун жөнүндө). Астындагы Айбанбоз Кош таноосу дердейип, Коёндой кулак серейип («Манас»). Ачууланды таноолору дердейип (Үмөталиев). 2. Мактануу, бой көтөрүү, менменсинүү, чиренүү. Сонун ырдап жатам го деп, мен ансайын дердее түштүм,– дейт Шаршен («Ала-Тоо»). Сабыр эки колун чөнтөгүнө салып дердейип турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
сүйл. Мактанчаак, бой көтөргөн, менменсинген, куу чирен, ала көөдөн, дардаңбай. Кээде жигитти бир көргөндө эле, а кокуй, чиренимиш болгонуң менен каш-кабагың ким экениңди дайындап койду; анык дердеңбайдын өзүсүң го деп тымызын гана кирпиктин учунан сынап коюучу («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о ноздрях) раздуваться;
аттын таноосу дердеңдеп, тери зиркирейт ноздри коня раздуваются, и пот с него струится;
2. перен. (о человеке маленького роста) быть в приподнятом, боевом настроении; воспрянуть духом;
3. перен. зазнаваться;
сен эмне дердеңдеп калгансың? ты что это зазнался?

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дердең-дерден этүү, дердейүү (көбүнчө мурун жөнүндө). Азоолордун таноолору дердеңдеп, кошкурук атып жалт кайра бурулушту. Балдар күйүгүп калышкандыктан таноолору дердеңдеп, мурундарын шыр тартышат (Осмонов). 2. Мактануу, көтөрүлүп менменсинүү, бой көтөрүү. Бала дердеңдеп кырдуусунду. 3. Көңүлү көтөрүңкү болуу, эдиреңдөө. Бир бала дердеңдеп чуркап келип, үйгө кирди (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Серейген кыймылсыз көрүнүштө болуу. Дерейип катып калган киши жатат. Арчанын көлөкөсү аны басат (Шүкүрбеков). 2. Дердейүү, менменсинүү, көтөрүлүү, чиренүү, бой көтөрүү. Сөз чыгарбайт кедейден, Старчындар дерейген (Тоголок Молдо).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕРЖАВА (МАМЛЕКЕТ) – 1) көзкарандысыз мамлекет. «Д.» аталгысы иш жүзүндө баарына карата эмес, эларалык саясатта өзгөчө орду бар мамлекеттерге карата гана «мамлекет» дегендин түгөйлөш түшүнүгү катары колдонулат; 2) монархтын бийлик символу (белгиси) (м.; Орусияда таажылуу же кресттүү алтын шар).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕРЖАВА (МАМЛЕКЕТ) – 1) көзкарандысыз мамлекет. «Д.» аталгысы иш жүзүндө баарына карата эмес, эларалык саясатта өзгөчө орду бар мамлекеттерге карата гана «мамлекет» дегендин түгөйлөш түшүнүгү катары колдонулат; 2) монархтын бийлик символу (белгиси) (м.; Орусияда таажылуу же кресттүү алтын шар).

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Банктык карт ээси (Card holder) —Банктын кардары, анын ичинде юридикалык жак/жеке ишкер – эсеп ээси тарабынан ыйгарым укук чегерилген, эмитент менен келишимдин негизинде картты колдонуу менен операцияларды жүргүзүүукугуна ээ жеке адам.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
РЕЕСТР КАРМООЧУ (КАТТООЧУ) – баалуу кагаздардын ээлерин каттоо боюнча иш алып баруучу, баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу. Р. к. укук жана милдеттери, реестрди (каттоону) жүргүзүүнү ишке ашыруунун тартиби мыйзамдар жана эмитент менен каттоочунун ортосундагы келишим менен аныкталат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Электрондук акча ээси (E-money holder) —Электрондук акчаларды тескөө укугуна ээ жана аларды акцептанттар тарабынан сунушталган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланган адам.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. кого-что кармоо, алуу, жетелөө;
держать ружьё в руках мылтыкты кармап туруу;
держать ребёнка на руках баланы колго алып туруу;
держать ребёнка за руку баланы колдон кармап жетелөө;
держи вора! ууруну карма!, карма ууруну!;
держи лошадей! аттардын башын карма!;
2. что тиштеп туруу, кысып туруу;
держать папиросу в зубах папиросту тиштеп туруу;
держать книгу под мышкой китепти колтукка кысып туруу;
3. кармоо, тутуу;
держать двери на запоре эшикти кулпулап кармоо;
держать продукты на льду азыкты музда кармоо;
4. что токтотуу;
плотина держит воду сууну плотина токтотуп турат;
5. что (хранить) сактоо, коюу, тутуу;
я держу деньги в сберкассе мен акчаны сактык кассасында сактайм;
6. кого тутуу, тутунуу, кармоо;
держать домработницу үй кызматчы аялын тутуу;
7. кого-что багуу, асыроо;
он держит одну корову ал бир уй асырайт, анын бир ую бар;
держать курс бир жакка бет алуу, багытталуу;
пароход держит курс на юг пароход түштүккө бет алды;
держать экзамен сыноодон өтүү; держать слово сөзүндө туруу;
держать речь сөз сүйлөө;
держать ответ жооп (жоопкер болуп) берүү;
держать в тайне сыр сактоо; элге жайбоо; жашырын сактоо (кармоо);
держать оборону коргоо;
держать чью-л. сторону бирөөнүн жагында болуу, бирөөгө болушуу;
держать корректуру корректура окуу;
держать путь жол жүрүү, бара жатуу, жөнөө;
держать пари мелдешүү;
держи язык за зубами разг. тилиңе сак бол, оозуңду тый, оозуңду басып жүр;
держать ухо востро разг. сак болуу кулак түрүү;
держать себя өзүн өзү алып жүрүү;
держать нос по ветру күн тийген жердин чоросу болуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. за кого-что кармап туруу, кармоо;
ребёнок держался за мать бала энесин кармап турду;
держаться руками за перила кол менен периланы кармоо;
2. на чём (быть укреплённым) кармоо, илинип туруу;
картина держится на одном гвозде сүрөт бир эле мыкта илинип турат;
3. (сохраняться) сакталуу, туруу;
молочные продукты держатся в леднике сүт азыктары музда сакталат;
4. перен. (не сдаваться) тырмышуу, сактоого тырышуу;
крепость долго держалась чеп көпкө чейин беришпей (жеңилбей) турду;
5. туруу;
держаться прямо тик туруу;
он с трудом держался на ногах ал араң эле турду;
6. чего, за кем-чем (придерживаться) жүрүү (белгилүү бир жакка багыт алып жүрүү);
держитесь правой стороны оң жак менен жүрүңүз;
7. чего, перен. (следовать чему-л.) болуу, жактоо;
держаться передовых взглядов алдыңкы көз карашта болуу;
8. перен. (вести себя) өзүн өзү тутуу, алып жүрүү, тута билүү;
он держится очень скромно ал өзүн эң жөнөкөй тутат;
9. разг. (сдерживаться) токтолуп туруу; чыдап туруу;
долго держался, но наконец расплакался ал көпкө чейин чыдап турду эле, бирок акырында ыйлап жиберди;
держаться вместе чогуу болуу, бирге болуу;
держаться в стороне четте болуу, кийлигишпөө;
держаться в воздухе ав. абада болуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. оройлук, осолдук, одонолук;
какая дерзость! эмне деген осолдук!;
2. (смелость) тайманбастык;
он имел дерзость возражать ал каршы келүүдөн тайманбады;
3. (дерзкие слова, выражения) осол сөз, одоно сөз;
наговорить дерзостей капкайдагы одоно сөздөрдү айтуу.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дериватив (производный финансовый инструмент) (Financial Derivatives) —Финансовый инструмент, стоимость которого определяется ценой актива, лежащего в его основе (базисного актива), т.е. является производной от цены этого актива. Примерами производных инструментов являются фьючерсы, варранты, опционы, свопы, форварды, депозитарные расписки. Производные финансовые инструменты используются в различных целях, включая управление рисками, хеджирование, арбитражные операции и спекуляции. Операции с производными финансовыми инструментами должны рассматриваться в качестве самостоятельных операций, а не как составная часть стоимости базовых операций, с которыми они могут быть связаны. Сумма, которая лежит в основе контракта на производный финансовый инструмент и которая необходима для расчета платежей или поступлений, но которая может и не быть предметом обмена является условной (номинальной) суммой производного финансового контракта.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дериватив (туунду финансылык инструмент) (Financial Derivatives) —Наркы базистик активдин негизинде камтылган активдин баасы аркылуу аныкталган финансылык инструмент, б.а. ал ошол активдин баасынан улам келип чыгат. Фьючерстер, варранттар, опциондор, своптор, форварддар, депозитардык тил каттар туунду инструменттердин мисалы болуп саналат. Туундуу финансылык инструменттер ар кандай максаттарда, анын ичинде тобокелдикти тескөө, хеджирлөө, арбитраждык операцияларды жана алып сатарлыкты жөнгө салууда колдонулат. Туунду финансылык инстурументтер менен операциялар, алар байланыштуу болушу мүмкүн болгон базалык операциялардын наркынын курамдык бөлүгү катары эмес, өз алдынча ишке ашырылган операция катары каралууга тийиш. Бул, туунду финансылык инструментке контрактынын негизин түзгөн жана төлөмдөрдү же түшүүлөрдү эсептөө үчүн зарыл болгон, бирок ошол эле учурда алмашуу предмети болбой калышы мүмкүн болгон сумма туунду финансылык контракттын шарттуу (номиналдык) суммасы болуп саналат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДЕРКЕМБАЕВА Ирина Григорьевна (1927, РСФСР, Иркутск облусунун, Нукут району, Үңкүрлүк улусу) — кыргыз совет опера ырчысы (сопрано). Бурят АССРинин (1958), Кыргыз ССРинин эл артисти (1967). Москва консерваториясынын вокалдык факультетин профессор В. Ф. Рождественскаянын классынан бүтүргөн (1952).
И. Деркембаева — Айчүрөк. «Айчүрөк» операсы, 1963.
И. Деркембаева — Айчүрөк. «Айчүрөк» операсы, 1963.
Ал «Манас» үчилтигинин негизинде жазылган «Айчүрөк», «Манас» операларынан Айчүрөк, Калыйман, Канайымдын партияларын ырдаган. Д. Берлинде өткөн жаштар жана студенттердин бүткүл дүйнөлүк фестивалынын (1951), Москвада өткөн вокалисттердин Бүткүл союздук (1956) конкурсунун лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДЕРКЕНБАЙ — эпизоддук кейипкер, Калдайдын небереси. Манас жолдоштору менен салбырында жүргөндө Д-ды да атыңды сой, кан шайлайбыз деп кыйнашат (Сагымбай Орозбаков, 1. 257).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кездеменин бетине нитроцеллюлозадан жаап жасалган жасалма булгаары сыяктуу материал. Ширеңкенин оту дермантинден тигилген спорттук күрмөчөн жаш жигитти аз гана убакытка жарык кылды (Айтматов). Кара дермантин капталган эшик ачылганча Бака карбаластап зорго чыдоодо (Бейшеналиев).