Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДЕРКЕМБАЕВА Ирина Григорьевна (1927, РСФСР, Иркутск облусунун, Нукут району, Үңкүрлүк улусу) — кыргыз совет опера ырчысы (сопрано). Бурят АССРинин (1958), Кыргыз ССРинин эл артисти (1967). Москва консерваториясынын вокалдык факультетин профессор В. Ф. Рождественскаянын классынан бүтүргөн (1952).
И. Деркембаева — Айчүрөк. «Айчүрөк» операсы, 1963.
И. Деркембаева — Айчүрөк. «Айчүрөк» операсы, 1963.
Ал «Манас» үчилтигинин негизинде жазылган «Айчүрөк», «Манас» операларынан Айчүрөк, Калыйман, Канайымдын партияларын ырдаган. Д. Берлинде өткөн жаштар жана студенттердин бүткүл дүйнөлүк фестивалынын (1951), Москвада өткөн вокалисттердин Бүткүл союздук (1956) конкурсунун лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.