Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дардаюу, көөп көрүнүү (көбүнчө мурун жөнүндө). Астындагы Айбанбоз Кош таноосу дердейип, Коёндой кулак серейип («Манас»). Ачууланды таноолору дердейип (Үмөталиев). 2. Мактануу, бой көтөрүү, менменсинүү, чиренүү. Сонун ырдап жатам го деп, мен ансайын дердее түштүм,– дейт Шаршен («Ала-Тоо»). Сабыр эки колун чөнтөгүнө салып дердейип турат.