Киргизско-русский словарь Юдахина

демилге, дебилге
порыв; старание, усилие; инициатива;
эмгектик демилге трудовой порыв;
жакшы эле дебилге кылды эле, болбой калды он как следует постарался, но из этого ничего не вышло.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Белгилүү бир иштин башталышына, колго алынышына же аткарылышына багытталган аракет, дем, чечкиндүүлүк. Бул демилгени селолук жаштардын бардыгы жан-дили менен колдошкон («Советтик Кыргызстан»). Жаштар көтөргөн жакшы демилгелерди ар дайым колдоп туруу керек («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир иштин, аракеттин, саамалыктын башталышына, колго алынышына же аткарылышына багытталган жол, баштаган аракет, дем берген күч. Кеп жолдо эмес, кеп демилгеде,– деп Зулай сөзгө кирди (Байтемиров). Ыракмат, кайраттуу энелер, сиздердин демилге бизге күч кошот (Сыдыкбеков). 2. Пайдалуу жаңы сунуш, жаңыдан башталган саамалык иш, чара. Чогулушта Мамбеткулдун демилгесин талкуулайлы (Каимов). Башкарма менин демилгеме ыраазы болуп, ошо замат мактоого ала кетти (Таштемиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Демилге көрсөтүүчү, демилге көтөрүүчү, белгилүү бир ишти баштоочу. Ар бир кызылчаны адилет иштеген демилгечи болсо, колхозубуз жеңишке ээ болору талашсыз (Жантөшев). Бул ишке Ташбай аке да демилгечи болду (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Демилге көтөрүүчү, дем берүүчү, белгилүү бир ишти баштоочу. Заводдогу бул эки бригада өз ишканасындагы коммунисттик кыймылдын демилгечилери («Кыргызстан аялдары»). Ар бир кызылчачы адилет иштеген демилгечи болсо, колхозубуз жеңишке ээ болору талашсыз (Жантөшев).