ДЕМЕЙДЕГИ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Кадимки, баштагы, адаттагы, баштатан белгилүү, демейки. Баягы демейдеги чакылдаган жоругу кана? (Байтемиров). Салыктын демейдеги сумсайыңкы иреңи кара көк тартып, шашканынан алактап калды (Каимов).
ДЕМЕЙДЕГИДЕЙ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Баштагыдай, мурункудай, боло жүргөндөй. Анткени менен кыштак ичи демейдегидей көңүлдүү («Ала-Тоо»). Бирок бул көрүнүш демейдегидей мени кубандырып жибере алган жок («Ала-Тоо»).