Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Оор жана тез-тез дем алуу, энтигүү. Тоо абасы тездете басууга мүмкүндүк бербей демиктирди (Убукеев). Ат демигип турат.
2. Алдыга умтулуу. Алдыңкыга жетсем деп, Арткы киши демигет (Осмонкул). Илгери карай демигип.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. тяжело и учащённо дышать (с закрытым ртом); страдать одышкой;
ат демигип турат лошадь учащённо дышит;
2. перен. стремиться, приложить усилия, стараться;
"алдынкыга жетсем" деп, арткы киши демигет фольк. отстающий силится догнать передовых;
илгери карай демигип стремясь вперёд;
угуп алып Кыргыл чал, жаны калбай, демигип, кырк чоронун үстүнө жете келди, теминип фольк. услыхав (об этом), Кыргыл чал изо всех сил устремился вперёд и, пришпоривая коня, подъехал к сорока витязям;
демиккен желин басайын, өзүм жолун тосоюн фольк. чрезмерную спесь я ему собью, сам прегражу ему путь.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйүккөндө, чарчаганда ж. б. энтеңдеп оор дем алуу, энтигүү. Керез Майрык молдонун тамынын эшигине барганда демигип токтоп калды (Бейшеналиев). Курманбектин Койкүрөң, Баспай келет демигип («Курманбек»). 2. Алга умтулуу, ашыгуу. Алдыңкыга жетсем деп, Арткы киши демигет (Осмонкул). Оокаттын камын ойлобой; Оюн десе демигип (Осмонкул).