Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Депозиттер (Deposits) —Финансы-кредит мекемеси тарабынан башка жактардан өз учурунда кайтаруу, төлөөгөжөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө шарттарында келишим боюнча кабыл алынган акча каражаттардын суммасы. Депозиттер мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге бөлүнөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БЮДЖЕТ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ДЕПОЗИТТЕРИ – убактылуу бюджеттик уюмдардын карамагына түшкөн жана белгилүү шарттарда (сот чечим кабыл алганда, оорулуу дарылоо мекемесинен чыкканда) юридикалык же жеке жактарга кайтарып берилүүгө жаткан акча каражаттары, баалуу кагаздар.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
М2Х камтылуучу депозиттер (Deposits included in M2X) —Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттерин эске албаганда, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, ошондой эле башка финансы-кредит мекемелеринин депозиттери.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Талап боюнча төлөнүүчүдепозиттер (Demand deposits) —Бул, финансы-кредит мекемесинде аманат келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн ачылган жана эсеп ээси ишкердикти жана/же үчүнчүжактар менен мына ушундай эле иш чөйрөсүн жүзөгөашыруусуна байланыштуу эсептешүүлөр үчүн каралбаган депозит. Талап боюнча төлөнүүчүдепозиттин каражаттары аманатчынын биринчи эле талабы боюнча төлөнүп берилет.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Которулма депозиттер (Claim deposits) —Төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда түздөн-түз колдонулушу мүмкүн болгон, айыптык төлөм төлөөсүз жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз баштапкы талап боюнча номиналга ылайык алмаштырыла турган депозиттер (эсептешүүэсептериндеги акча каражаттар).