Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Эби-сыны жок болуп калдайып туруу, калдайып көрүнүү. Кулагы делдейип турат.
2. Эмне кыларын билбей далдыроо. Кайда кетеримди билбей, делдейип карап калдым («Ала-Тоо»). Эркинбек чоочун аялдын билгичтигине таң калгандай делдее башын ийкеди (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. оттопыриваться (напр. об ушах); топорщиться;
кулагы делдейип турат у него уши оттопырились;
2. опешить, остолбенеть;
эмине кыларын билбей, өз көзүнө ишенбей, делдейип калды не зная, что делать, не веря своим глазам, он растерялся;
Гүлнар, кеп таап айта албай, делдейип карап калды Гюльнар, ошеломлённая, смотрела, не находя слов.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калдайган көрүнүшө серейип чыгып туруу, далдайып туруу. Акия эринин делдейген кулагын тырс-тырс черткилеп, шак-шак күлөт (Сыдыкбеков). Кулагы делдейип турат. 2. Эмне кыларын билбей далдырап түшүү, селейип, жалдырап туруп калуу. Татыбек делдейип карап калды (Байтемиров). Темирболоттун көздөрү алайып, оозу ачылып делдее түштү (Жантөшев). Эркинбек чоочун аялдын билгичтигине таң калгандай делдейип башын ийкеди (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Делдегей, делдейген, калдайыңкы. || Эдирейген, дердейген. Делдек таноо, кара чаар, эң сүйкүмсүз бир киши көрүндү (Баялинов). 2. Желпилдеп делбектеген көрүнүштү, энтелеңдеп шашкалаңдаган абалды билдирүүдө колдонулат. Тик жакалуу боз кемселинин этектери делдек-делдек этет (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Желпилдеп делбектеген көрүнүштө же дегдеңдеп энтелеңдеген, шашкалактаган абалда болуу, делдек-делдек этүү. Чотурдун тумагынын кулактары делдектеп баратат (Касымбеков). Кара жигит делдектеп, Чаргындын столун көрсөтө берди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Делдектеген көрүнүштө же дегдеңдеп калдактаган, шашкалактаган абалда болуу. Жаны калбай делдеңдеп, Качкан балдар андан көп («Манас»). Коргондун эшиги шарт ачылып, апам делдеңдеп басып үйгө кирип кетти (Абдыраманов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДЕЛДЕШ — эпизоддук кейипкер. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда анын калыңына уй айдаган бадачылардын башчысы (Сагымбай Орозбаков, 2. 394).