Толковый словарь кыргызского языка. 2015
дин. Оорулууну айыктыруу үчүн же кандайдыр керемет, сыйкыр жасоо үчүн дуба окуп, ичине абаны же сууну об тартып, кайра аны дубасы арналган адамды же нерсени көздөй багыттап «сүф» деп үйлөө. Негизинен мусулман өкүлдөрү Курандын кайсы бир аяттарын, сүрөөлөрүн окуу менен дем салган. Апсун окуп, дем салды («Манас» С. О.). Эшен, кожо чогулуп, Дем салган менен айыкпайт (Барпы). Шыбырап молдо, сопу дем салышты (Токомбаев).