ДЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Айтуу, сүйлөө. Дегениңе көнөйүн, Жолдош болуп берейин («Эр Төштүк»). Айта берип, дей берип, өзүм да тилдүү болуп кете турган болдум (Убукеев). 2. Ойлогондугун, ниеттенгендигин билдирүү үчүн колдонулат. Кара дарак жеримди, Кайрылып көрсөм дечү элем (Токтогул). Ак маңдай көрөр бекен деп, Айлыңды эңсеп көп келем (Маликов). 3. Деген, деп формаларында. Кандайдыр бир нерсени атоодо же белгилеп көрсөтүүдө колдонулат. Окуу деген оюнчук эмес (Убукеев). Жүгүргөн албайт, буюрган алат деген кеп бар (Байтемиров). Аны Шаке деп коюшат (Сыдыкбеков). Очок дегени – коломтонун орду, боз үйдүн чок ортосу (Сыдыкбеков). 4. Кандайдыр бир пикир, ошондой көрө тургандыгын, катарында эсептей тургандыгын билдирүүдө колдонулат. Э, калп десеңер өзүңөр билгиле! (Сыдыкбеков). Ал мени сойдум десе керек! (Токомбаев). 5. Тууранды жана элестүү сөздөр менен айкалышып, көмөкчү этиш катарында алардын дабышын, үнүн, кыймыл-аракетин же элесин билдирүүдө колдонулат. Жыгач тирөөчтөр карс дей түшөр бекен деп кыпылдайсың (Сасыкбаев). Ууз кымыздын жыты жакын отурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). Бүткөн бою дүр дей түштү (Сыдыкбеков). Буласы бурт деп бөлүндү («Эр Табылды»).