зат.1. Куралдуу күчтөрдү жана өнөр жайларды согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү.
2. Армиянын тынчтык абалга өтүшүнө байланыштуу аскер кызматкерлерин бошотуу, резервге же отставкага чыгаруу.
ж. демобилизация (1. куралдуу күчтөрдү жана өнөр жайларды согуш абалынан тынчтык абалга өткөрүү; 2. аскер кызматкерлерин чыныгы аскер кызматынан бошотуп резервге же отставкага чыгаруу).
1. Тынчтык абалга байланыштуу аскер кызматкерин чыныгы аскер кызматынан бошотуп, резервге же отставкага чыгаруу. Бир үйдүн бүлөсү аскерден демобилизация болгон атасын күтүп жатышты («Советтик Кыргызстан»). 2. Куралдуу күчтөрдү жана өнөр жайларды согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү.