Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
дезертир (1. өзүнүн аскер бөлүгүн өз бетинче таштап кеткен же армияга чакырылуудан качкан кшии; 2. перен. мамлекеттик милдеттен же көпчүлүктүн тапшырган милдетинен баш тарткан киши).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнүн аскер бөлүгүн өз бетинче таштап кеткен же армияга чакырылуудан качкан, адам. 2. өт. Өзүнүн граждандык милдетин, милдеттүү кызматын же коомдук милдеттүү иштерин аткаруудан баш тарткан адам.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АСКЕРДЕН КАЧУУ – аскердик милдетин өтөөдөн баштартуу максатында аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзбетинче таштап кетүү коштогон аскердик кылмыш. А. к.: а) кылмыш кызмат өтөө куралы менен кошо качуу; б) алдынала макулдашып алуу же уюшма топ тарабынан жасалган качуу болуп жиктелет. Биринчи жолу качкан аскер кызматкери оор жагдайдан улам жасалган болсо, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.