Киргизско-русский словарь Юдахина
1. быть толстым и неуклюжим;
2. перен. важничать;
Элдияр барып эңкейди, ардемсинип деңкейди, эрмелте албай бул ташты, эки көзү чекчейди фольк. Элдияр пошёл и наклонился, расхрабрился и разважничался, (но) не будучи в силах сдвинуть камень, глаза свои выпучил.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дөңкөйүп, бөлүнө көрүнүп туруу, даңкаюу, дүңкүйүү. Деңкее таңылган отунга сүйөнө калып, Зууракан Батийна менен ачык-айрым сүйлөштү (Сыдыкбеков). 2. Бой көтөрүү, менменсинүү, дердейүү. Өзү үчүн гана эңкеет, өзгөнүн баарына деңкеет (Борбугулов).