Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Дем алган сайын, аба жуткан сайын» маанисиндеги бул сѳз кыргыз тилине иран тилдеринен кирген: дем ве дем. Сыягы, кыргыз тилиндеги бетме-бет, колмо-кол деген сөздөр дагы ушул моделдин негизинде калька түрүндө жасалып, кийинчерээк кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүнө ылайыкташса керек деп божомолдоого болот : бетме-бет < бет бе бет, колмо-кол < кол бе кол. Мындай сѳздѳргѳ оозмо ооз, колмо-кол, жекеме жеке, байма-бай, сѳзмѳ-сѳз, кѳзмѳ-кѳз, тушма-туш, жайма-жай дегендерди да кошууга болот.