депорт (чайкоочулук бүтүм) (экон.)
ДЕПОРТ (фр. deport ) – 1)баалуу кагаздардын бааларынын төмөндөөсүнө эсептелип түзүлгөн биржалык мөөнөттүү келишим; 2) бүтүм боюнча эсептешүүнү кийинкиге калтыргандыгы үчүн жеңилдик.

ДЕПОРТАЦИЯ (лат. deportatio – куугунтук, сүргүн) – Франциянын кылмыш-жаза укугунда Д. айдоонун өзгөчө түрү – ХVIII–ХIХ кылымдарда коркунучтуу кылмышкерлердей эле, саясий кылмышкерлерге карата да (м.; Париж коммуначыларына) колдонулуучу алыскы колонияларга айдоо сүргүндөрү түшүнүлгөн. Кеңири мааниде Д. деп кишини же кишилердин бир тобун башка мамлекетке, башка жерге, адатта кайтаруу менен аргасыз сүргүнгө айдоо түшүнүлөт. Д. аз эмес учурларда тигил же бул өлкөгө мыйзамсыз киришкен чет элдик жарандарга же жарандыгы жок кишилерге карата да колдонулат. Д. массалык репрессия катары да белгилүү, м., 1920–1940-жылдары СССРде бүтүндөй бир элдер (чечендер, ингуштар, калмактар ж. б.) немецтик-фашисттик аскерлерге жардамдашат деген айып менен өздөрү жашап турган жерлеринен айдалган.

1) депортация; 2) чыгарып жиберүү
Куугунтуктоо, сүргүн. Адамды мажбурлап мамлекеттин чегинен чыгаруу.