Киргизско-русский словарь Юдахина
деме I
(только в сочетании с числительным бир)
то же, что неме;
бир деме (или бирдеме) нечто;
азыраак бирдемени эстегендей болду он как будто что-то вспомнил;
мен тууралуу бирдеме деп кой замолви за меня словечко.
деме- II
добавлять (досыпать, доливать);
үстүнө суу деме- долить водой;
бошогон чынысына чайды демей куйду он налил ему чаю в порожнюю чашку;
кылт этип демеп суу жутпай (о выносливом коне) не глотнув вторично воды (глотнув только раз);
демеп-демеп опять и опять, ещё и ещё;
куч деме- набирать силу;
сени демеп келгемин я пришёл сюда, надеясь на твою поддержку.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Үстүнө кошуу, кошумчалоо. Кымыз эмес эле бал экен, Жээнге демеп куй (Аалы). Түн эле, кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Аалы). Мына бүгүн мен Москванын кечинде, Демилгени демеп турган кезинде (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үстүнө кошуу, кошумчалоо, көбөйүү, күчөө, үстү-үстүнө артуу. Кымыз эмес эле бал экен, жээнге демеп куй (Токомбаев). Отту дагы демеп жакты (Жантөшев). Түн эле, кар чапкындап элеп турду, Борошо бет бактырбай демеп турду (Токомбаев). 2. Бел кылуу, арка тутуу, жөлөк кылуу. Сени демеп келгенмин.

Киргизско-русский словарь Юдахина
в обычных, обыденных условиях;
демейде кыйын сүйлөйсүн, директордун алдында сүйлөсөң болбойбу? сейчас-то ты здорово говоришь, а вот почему бы тебе не поговорить в присутствии директора?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. Башка убакыттарда, башка күндөрдө буга чейин. Бул сөздү укканда демейде шайыр, сөзмөр Жамиланын кабагы бүркөлдү (Баялинов). Демейде булут бугуп жатуучу береги кара асканын башы да ачылып калыптыр (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дайыма, ар убак, ар качан, жөн учурларда, адатта. Демейде кибиреген тумсак Керез күлүк Кычанга да караандатпай жөнөдү (Бейшеналиев). Демейде шайыр, сөзмөр Жамиланын кабагы бүркөлдү (Баялинов). Демейде жаны тынбаган Жылдызкан дарексиз (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
мод. Кандай себептен, эмнеликтен болгондугун, болууга тийиш экендигин белгилөө, аныктоо учурунда колдонулат. — Демек, анын күйөө баласы Зуннахун менен да тааныш экенсиз да (Жантөшев). Демек, бүгүнтөн баштап кам көрө башташ керек экен («Жаш ленинчи»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандай себептен, эмнеликтен болгондугун, болууга тийиш экендигин жыйынтыктай белгилөө, жалпылай көрсөтүү, тыянактоо учурунда колдонулат. Демек, Зуннахун менен да тааныш экенсиз да (Жантөшев). Демек, жалаң кедейлер барат экен да (Турусбеков).