ДЕЙИЛДЕ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ДЕЙИЛДЕ — кымбат баалуу кездеме. Бул кездемеден баалуу сырт кийим жасалат. Ал сырт кийимдер сый катары ардактуу адамдарга берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Д. эки жерде: биринде Ажыбай Манастын түшүн жоруганда Д. чапан жабат, экинчисинде Жакып Атемир менен кудалашып, ага кызыл кымкап Д-га кошуп үч сарпай кийгизет (Сагымбай Орозбаков, 2. 282, 380).