зат. Кандайдыр бир мамлекеттин согуш өнөр жайларына ээ болушуна армияга топтошуна тыюу салуу; куралсыздандыруу.
ж.
демилитаризация (куралсыздандыруу; кандайдыр бир мамлекеттин чеп курушуна, согуш өнөр жайларына ээ болушуна, белгилүү бир территорияда аскер топтошуна тыюу салуу).
аскерлешүүдөн арылтуудемилитаризациякуралсыздандыруу
1. куралсыздандыруу;
2. аскерлешүүдөн арылтуу;
3. демилитаризация
чегараларды аскерлешүүдөн арылтуу
ЧЕГАРАНЫ АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛТУУ – адатта, эларалык келишимдердин негизинде, мамлекет чегарасына чукул жайгашкан аймактан аскер күчтөрүн алыстатып, бул жердеги аскердик чыңдоолорду жоюуну билдире турган эларалык жалпы укуктагы аталгы. Ч. а. а. толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн.
АЙМАКТЫ АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛТУУ – эларалык келишимдер менен мамлекеттик ички актылардын негизинде, белгилүү бир аймактагы аскердик чептер менен чыңдоолорду жоюу, анда аскердик базалар менен аскер күчтөрүн кармоого тыюу салуу (көбүнесе аймактык талаш-тартыштарды токтотуу максатында). Антарктика, Аланд архипелагы, Шпицберген, Ай толугу менен, ал эми Африка, Латын Америкасы ж. б. жарым-жартылай аскерлешүүдөн арылтылган. Көп учурларда А. а. а-ну согуш майданы катары кодонуудан баштарткан бейтарапташтыруу да коштоп жүрөт.