Депонирлөө
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ДЕПОНИРЛӨӨ (лат. deponere ) – 1) кредиттик уюмга акча каражаттарын, баалуу кагаздарды (акцияларды, векселдерди, облигацияларды, чектерди) ж. б. баалуулуктарды сактоого өткөрүү; 2) депозитарийге эларалык келишимдердин, ратификациялык грамоталардын, эларалык келишимдерге кошулуу же аны депонсирлөө жөнүндө документтердин түпнускасын сактоого өткөрүү.