этиш. 1. Желбирөө, Байрактын баары делбиреп, Желектин баары желбиреп («Эр Табылды»).
2. өт. Кубануу, сүйүнүү. Быяк-тыяктан жолугуп калганда, Эрке кыз апа деп делбиреп турат го? (Байтемиров). — Токтогул аман келди — деп, Тосуп чыгып делбиреп (Токтогул).
развеваться (напр. о флаге);
алдымдан тосуп, делбиреп, амандашып чыгарым фольк. та, которая выйдет с приветом мне навстречу, развевая (свое платье).
1. Желп-желп этип желпилдеген, дирилдеген абалда болуу, желбирөө. Мала кызыл крепдешин косынкасынын учу желге делбирейт (Сыдыкбеков). Байрактын баары делбирейт («Эр Табылды»). Делбиретип деңиз мынча сагынтат, толкунунда калган өңдүү элесим (Абдалова). 2. өт. Эпилдеген жеңил кыймыл-аракетте, элпек, шайдоот мамиледе болуу. Быяк-тыяктан жолугуп калганда, Эркекыз апа деп делбиреп турат го (Байтемиров).
понуд. от делбире-;
ак жоолугун делбиретип жолоочулар түшкөн машинаны узатып турат (женщина) на (голове) которой развевается белый платок, провожает (взглядом) машину с пассажирами.
делбире этишинин аркылуу мамилеси.