Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. демократия (бийлик элдин колунда болгон мамлекеттик башкаруунун формасы);
страны народной демократии элдик демократия өлкөлөрү;
буржуазная демократия буржуазиялык демократия;
2. демократия (кандайдыр бир коллективдин жетекчилик принциби, мында - маселени чечүү үчүн бардык коллектив катышат);
внутрипартийная демократия партиялык ички демократия.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМОКРАТИЯ (гр. demokratia – эл бийлиги, demos – эл, kratos – бийлик) – азыркы түшүнүк боюнча, баш мыйзам менен мыйзамдардын үстөмдүгү, жарандардын эркиндиги менен теңдиги, эл бийлиги менен саясий ырашкерликти, адам укугунун ажыратылбастыгы сындуу көзкараштарды таанууга негизделген мамлекеттик түзүлүш таризи. Өнүккөн эл өкүлчүлүгүнөн турган бийликти бөлүштүрүү менен, республикалык башкаруу аркылуу ишке ашырылат. Д. мамлекет (байыркы Афина) менен бирге пайда болгон. Ал азыркы коомдо азчылыктын укугун чектебеген көпчүлүктүн чын эркин, негизги мамлекеттик органдардын шайламдуулугун, жарандардын саясий эркиндиги менен укугунун бар экендигин, алардын теңдигин, мыйзам үстөмдүгүн, конституциялуулукту, бийликтердин бөлүнүшүн туюндуруп турат. Ал түздөнтүз Д. (негизги чечимдер жалпы элдик добуш берүү, жыйын аркылуу жарандардын түздөнтүз катышуусу менен кабыл алынат) өкүлчүлүк Д-сы (чечимдер шайланма мекемелер – парламент ж. б.) аркылуу кабыл алынат. Д. институттары укуктук мамлекеттерде кыйла толук өркүндөйт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ишке элдин, коллективдин активдүү катышуусун жана чечүүчү мааниге ээ болгон таасирин камсыз кыла алган башкаруу формасы, саясий түзүлүш, жетекчилик. Элдик демократия мамлекеттеринин ортосунда илим жана маданий жагынан да бекем байланыштар бар.