Киргизско-русский словарь Юдахина
демөөр, демөөрүн
поддержка, подмога; облегчение;
артынан демөөр болбосо, асылдар жоону жеңеби? фольк. если сзади (т.е. в тылу) не будет поддержки, разве победят молодцы врага?
аманат жанига демөөрүм алдейлеген белексиң фольк. ты (мой младенец) моей душе поддержка, ты дар, который я баюкаю.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМӨӨРЧҮЛҮК – КР мыйзамдары боюнча, жеке же юридикалык жак (демөөрчү) тарабынан башка бир жеке юридикалык жактын (демөөр алуучунун) иш-аракетине салым кошуусу (мүлктү берүү, интеллектуалдык менчиктин үзүрлөрүн ыйгаруу, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу түрүндө). Мында демөөр алуучу тарап демөөрчү жеке анын товарлары тууралуу жарнама таратуу шартын аткарат: демөөрчүнүн кошкон салымы жарнама үчүн төлөнүүчү акы, демөөрчү – жарнама берүүчү, демөөр алуучу – жарнама таратуучу болуп эсептелет. Демөөрчү демөөр алуучунун иш-аракетине кийлигишүүгө акысы жок.