Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Байыркы Чыгыштын кул ээлөөчү монархиясындагы чексиз бийлик жүргүзүүчү жогорку аким. Аныктап Азияны уккам андан, Деспоттор эл жүрөгүн тилген жара (Аалы).
2. өт. Жеке бийликтүү, башкалардын тилеги менен эсептешпестен, бардыгын өзүнүн дегенине багындыруучу катаал киши, зулум, зөөкүр.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. деспот (Байыркы Чыгыштын кулчулдук монархиясында - чексиз бийликтүү жана өз тилегенинче жол башчылык кылуучу жогорку аким); 2. перен. деспот, зулум, зөөкүр (жеке бийликтүү, башкалардын тилеги менен эсептешпестен, бардыгын да өзүнүн дегенине көндүрүүчү ээн баш киши).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Байыркы Чыгыштын кул ээлөөчү монархиясындагы чексиз бийлик жүргүзүүчү жогорку аким. Аныктап Азияны уккам андан: Деспоттор эл жүрөгүн тилген жара (Токомбаев). 2. өт. Башкалардын ою, тилеги менен эсептешпестен, өз оюндагысын таңуулаган катаал киши, залим.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
деспотизм (1. монархтын (деспоттун) эч кандай закон менен чектелбеген бийлигине негизделген мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасы; 2. перен. кол алдындагы адамдарга карата жеке бийлөөчүлүк жана өзү баштык кылуу).