Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (на части) бөлүү, бөлүштүрүү, үлөштүрүү;
2. мат. бөлүү;
3. биол. бөлүнүү;
4. (на шкале) бөлүк;
ртуть в градуснике поднялась на два деления градусниктеги сымап эки бөлүккө көтөрүлдү.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(цит.) клетканын бөлүнүшү; көбөйүү процессинде клеткалардын бөлүнүшү. Д. митотическое — к. Митоз; д. множественное — к. Шизогония, д. непрямое к. Митоз; д. поперечное — туурасынан бөлүнүү, жандыктардын жыныссыз көбөйүшүнүн бир жолу; кээ бир жандыктар, мисалы, деңиз жылдыздар денесин туурасынан экиге бөлүп, жыныссыз көбөйүшөт; д. продольное - узунунан бөлүнүү, жандыктардын жыныссыз көбөйүшүнүн бир жолу. Мында жандыктын денеси узунунан экиге бөлүнөт (мисалы, актиниялар); д. простейших — жөнөкөйлөрдүн бөлүнүшү, жөнөкөй жандыктардын көбөйүү жолу, д. прямое — к. Амитоз; д. редукционное — к. Мейоз; д. эквационное — эквациялык бөлүнүш, мейоздук бөлүнүштүн бөтөнчө бир түрү; д. ядра — ядронун бөлүнүшү, клеткалардын көбөйүү процессиндеги бир көрүнүш.