кан I 1. кровь; кан төгүлгөн уруш или кан төккүч уруш кровопролитное сражение; кан буу- останавливать кровь; кан буугандай токтолду или кан буугандай тыйылды перен. сразу остановилось, прекратилось; арам кан разг. 1) венозная кровь; 2) редко менструальная кровь, менструация; 3) перен. бран. чужеродный, враждебный; киндик кан кровь пуповины (у новорождённого); киндик каным төгүлгөн жер моя родная земля (букв. место, где пролилась кровь моей пуповины); адал кан послеродовое кровотечение; таза кан чистокровный; таза кан жылкы чистокровная лошадь; 2. то же, что кун; кан куу- то же, чтокун куу- (см.кун 1); кан ичер кровопийца; кан ич- 1) убить (букв. пить кровь); каныңды ичем я тебя убью; 2) (или кан уурта-) уст. хлебнуть крови убитого врага; Эржан экенин билер замат, бычак кенен жара тартып, канын үч ууртап алып, жолдошторуна кошулган как только он узнал, что это Эрджан, распорол его ножом, трижды хлебнул его крови и присоединился к своим спутникам; канга мал- ист. обмакнуть (оружие) в кровь врага или специально зарезанного животного, чтобы обеспечить удачу; шаркыраган канына, Аккелте оозун малганы фольк. (Манас) в бурлящую кровь (врага) обмакнул дуло (своего ружья) Аккелте; атаңын канын ич! как тебе не стыдно пить! (букв. пей кровь своего отца!); арак ичпей, атаңын канын ич! как тебе не стыдно пить водку!; кан кеч- утопать в крови; подвергаться массовой кровавой расправе, массовому избиению; канжыгадан (или белден или тизеден) кан кечир- топить в крови; каны (или кан-сөлү) ичине тарткан он побледнел (от злобы, гнева); у него свирепый вид; каны ичине тартып ачууланды он пришёл в неистовство; он злобно буйствует; кызармак түгүл, каны ичине тартып, алкымдан алмак он не только (от стыда) не покраснел, а в ярости готов в глотку вцепиться; каны ичине тартып, адамды тирүүлөй жутуп жиберчүдөй болуп он рассвирепел и словно готов был живьём проглотить человека; каны тартып келген смерть его привела сюда; ему здесь суждено было умереть; кан жала- (или канжала-) окровавиться; кан кыл- или кан жалат- (или канжалат-) окровавить, избить в кровь; тумшугун канжалата койду он ему нос расквасил; кан ыйла- или кан какша- плакать кровавыми слезами, горько плакать; кан жут- быть в сильном горе (букв. глотать кровь); каны качкан или кан-сөлү качкан бледный (от истощения, от страха), бледнолицый; бетинен каны тамган жигит парень кровь с молоком; ичинен кан өтөт он в большом горе (букв. у него кровавый понос); каны суюк задорный, несдержанный, горячий; каны суюк жаш бала фольк. горячий молодой паренёк; өзүн-өзү токтото албайт экен, каны суюк он не может сдерживать себя, горяч; каны суюк балдарга атышарга жаа бербе фольк. горячим паренькам не давай лук для перестрелки; каны суюктук задор, несдержанность, горячность; каны кас он к кому-л. враждебно настроен; он ненавидит; кан-жаны менен кас он ненавидит всей душой; экөөбүздүн, кайнаса, каныбыз кошулбайт примирить нас двоих совершенно невозможно (букв. наша кровь, если даже будет кипеть, не соединится); каным катып турат или каным катып суусадым меня томит жажда, меня мучит жажда; биттин ичегисине кан куят он на ходу подмётки режет (букв. он в жилы вши кровь вливает); каны жерге тийбейт нарасхват; жакшы китептин каны жерге тийбейт, талап кетет хорошая книга идёт нарасхват; кан-жел сифилис; кара сууга кан куйган фольк. без меры проливающий кровь; кан алуучу то же, чтоканчы; кан-жин см.жин II; ак бата, кызыл кан см.бата 2; кан жол см.жол 1; кан көчө см.көчө II 1. кан II хан; каары болбой, кан болбойт, кайгысы болбой, жан болбойт фольк. без гнева хана не бывает, без заботы души (т.е. живого существа) не бывает; канга кун жок за хана виры нет; кан көтөр- ист. провозглашать ханом, возводить на ханский престол (по древнему обычаю сажали на белый войлок и трижды приподнимали); кан такта трон, престол; кан-увазир (или канувазир или канвазир или канымдат) этн. название игры в альчики (букв. хан-министр); кан таламай см.таламай; кан талоон см.талоон I. кан- III удовлетворяться, утоляться; суусунум канды я утолил жажду; кана карадым я детально рассмотрел; көз канды приятно для глаза, порадовало глаз; кепке кан- вдоволь наговориться.
Iзат. Дененин бардык клеткаларын азыктандыруучу жана заттарды алмаштыруучу, организмди тамырлар аркылуу айланып жүрүүчү кызыл түстүү суюктук. Күлчородон ал кетти, Кара курум кан кетти («Семетей»). Сатылгандын оозунан кан.. акты (Аалы).
¨Арамканк.арам. Канбуугандай — өтө тез, дароо, ылдам. Каничер — канкор, ырайымсыз, мыкаачы. Кан ичер жоону жеңүүгө камданып чыккам калкымдан (Бөкөнбаев). Кайнасаканыкошулбоо — эч ыркы келишпөө, эч келише албоо, бири-бирине кас болуу. [Бай-манаптар].. кайнаса каныбыз кошулбай турган душманыбыз (Жантөшев). Канкакшоок.какша.Кашыкканыкалганча — өмүрүнүн акырына чейин, бардык күчү түгөнгөнчө. Атыш, чабыш аянбай, Кашык каның калганча (Нуркамал). Каныкатуук. катIV. Канжутуу — абдан кайгыруу, аза күтүү, капа болуу. Кантээр айла таба албай, Кан жуткансың ичиңде (Токтогул). Кан-сөөлүжок — каны, кызылы жок, кубарган, кумсарган. [Гүлайым].. кан-сөөлү жок 6озоруп, жаак эти шимилген (Бейшеналиев). Канжалатуу — оозу-мурдун кандоо, оозу-мурдунан кан чыгара муштоо, катуу жазалоо, уруу. А түгүл [байлар] мына минтип оозубузду кан жалата токмоктошот (Абдукаримов). Ичиненканөтүү — аябай кейүү, өкүнүү, кайгыруу. Каныичинетартуу — кубарып-кумсаруу, каны качуу. Каныбектин каны ичине тартып, тиштери кычырап, жаак эттери түйүлө баштады (Жантөшев). Каныкайноо — ачуусу келүү, кыжырлануу, жини келүү. Арзыкул эми каны кайнап, тиштерин кычыратып отурат (Байтемиров). Каныкызуук.кызы.Канмайдан — кан төгүлгөн согуш, уруш, салгылаш. Талыкшыбай кан майданды аралап, Талкаладың, залим тобун айдадың (Бөкөнбаев). Ашыгы кан майданга жөнөгөндө, Ичинен бакыт тилеп жаш имерген (Осмонов). Кансоргуч — эзүүчү, бирөөнүн эмгегинин эсебинен жашоочу. Кан соргучтар ойлобойт Бечаранын убалын (Токтогул). Ичиңерде калбасын Кан соргучтун баласы (Тоголок Молдо). Канчырайлуу — кызылдуу, кызыл жүздүү, сулуу. Кантемир — чагылгандын огу, чагылгандан түшкөн таш.
КАНIIхан менен бирдей.
КАНIIIэтиш.1. Суусаганы басылуу.
2.өт. Канааттануу, алымсынуу, алымсындырарлык абалга жетүү. Илимге балам кан деди, Аскерлик милдет ал деди (Барпы).
кан (шүйшүн), канга кан агуу (а. ч.) кан анализи (а. ч.) кан басымы кан буугандай кан жалатуу кан жаңыртуу (а. ч.) кан жел (сифилис) кан жол кан жөткүрүү кан жүрүү системасы кан жуткуруу кан жутуу кан ичер кан ичкич кан кайноо кан какша- (кангакша эмес) кан какшат- (кангак шат- эмес) кан катуу (суусоо) кан кечүү кан көчө (чоң көчө) кан күйгөн (иш учуру) кан кускур кан кууш кан куюу кан майдан кан мителери (зоол.) кан плазмасы кан соргуч (кансоргуч эмес) кан тамыр кан темир кан токтотмо буугуч (мед.) кан төгүү кан тырмак кан уурташуу кан чырайлуу (кызыл дуу) канга боёо канга кан канды булоон кандын айланышы кандын уюшу кан-жаны, каны-жаны кан-жин кан-жини аралаш кан-сөл кан-сөлү жок кан-сөлү качуу каны бузук каны-жаны менен каны жерге тийбөө каны ичине тартуу каны кайноо каны катуу каны качуу каны кызуу канына сиңүү канын соруу канын суудай агызуу каны суюк
КАН (кыт. хуан — император, башкаруучу; маньч. «хаан», моңг. «хаан», алт. «каан» — башкаруучу, жол башчы) — элдин сүйлөө тилинде да, башка фольклордук чыгармалар менен бирге «Манас» эпосунда да кеңири колдонулган титул. К. кытай тилинен алтай тобундагы элдердин (түрк-моңгол, тунгус, манжур) тилдерине эң байыркы мезгилде кытайдын «хуан» (башчы, башкаруучу) деген сөзүнөн өздөштүрүлгөндүктөн ал элдердин мифологиялык персонаждары да К. деген титул менен аталат. Мисалы, Теңиркан, Күнкан, Бууракан жана башкалар Кытайдын «хуан» (мамлекетти башкарган адамдын титулу) деген титулдук терминин уруулук-жамааттык түзүлүштө жашаган уруулар өздөштүргөндө социалдык абалынын деңгээлине жана коомдук мамилелерине болгон түшүнүгүнө карата семантикалык мааниси өзгөрүлүп кабыл алынган. Себеби, али таптык коом калыптана элек болгондуктан уруулук коллективдин ички мамилелерине ылайык уруу башчысы (уруу аксакал) ушул титул менен аталган деп айтууга болот. Ал эми уруулук-жамааттык түзүлүштөн алгачкы феодалдык мамилелерге өтүүдөгү өткөөл мезгилге (согуштук демократия) да К. деген термин уруулар союздагы күчтүү уруунун башчысына, ошондой эле жеке уруулардын башчыларына да титулдук мааниде колдонулат. Патриархалдык-феодалдык мамилелер пайда болуп, территориялык жактан ар башка уруулардын биригип, уруулар союзунун негизинде өзүнчө эл болуп түзүлгөн кырдаалда «кан» деген титул жалпы элдин башчысын түшүндүрөт. Ал эми феодалдык типтеги мамлекеттик биригүүлөр пайда болгон процессте К-дын семантикалык мааниси дагы кеңейип, мамлекеттин башкаруучуларына берилген. Демек, тапсыз коомдо эле пайда болгон бул титулдук термин узак эволюциянын негизинде мааниси өзгөрүп таптык коомдо үстөмдүк кылган таптын бийлөөчүсүнө да мансаптык даража катарында колдонулган.
«Манас» эпосунда К. «уруу башчысы», «элдин башчысы», ошондой эле «мамлекеттик биригүүнүн башчысы» сыяктуу ар башка мааниде айтылат. Албетте, эпикалык тексттердеги К. деген терминди контексттеги маанилерине карата элдик (оң жана терс) түшүнүктө жана аны көркөм-эстетикалык сапатына жараша түшүнүү. «Манас» эпосундагы кыргыз элинин душмандарынын башчылары да «кан», «падыша», «төрө» деген титулдар менен аталат, ошондой эле элди-жерди басып алууга аракеттенген баскынчыларга каршы күрөшкөн патриот элдик башчыларга да ушул эле титул катарында колдонулат: «Каспаңдагы кан Коңур Каары катуу оңбогур» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 292-б.). «Кан Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди» (Сагымбай Орозбаков, 2. 27). Ушул сыяктуу эле башка негизги каармандарга да бул титулдук терминдер колдонула берет. Эпосто кыргыз урууларынын ар биринин башчылары да, уруулардын бириккен топторунун (арыш) башчылары да, жалпы кыргыз урууларынын башчысы, коңшу жашаган уруулардын башчылары да, душман элдеринин башчылары да К. деген титулдук наам менен атала берет. Мисалы, Катагандын кан Кошой, Казактардын кан Көкчө же Букардын каны, Оогандын каны, эпикалык душмандар жөнүндө Бээжиндин каны Коңурбай жана башкалар Эпостогу К. термининин эволюциясы жөнүндө Сагымбай Орозбаковдун вариантында талдоого ала турган бир факт бар. Бээжинге жортуулга аттанар алдында шарт боюнча бир кишини (башчы) көтөрүү керек болот. Ошондо Манас өзүнүн сунушун айтат: «Аксакал Бакай абамды, Калк агасы бабаңды Кан көтөрсөк кантет» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 584-инв., 121-б.). Мындай салт моңгол элдеринде да болгондугу белгилүү. Демек, бул (кан көтөрүү) аталык уруулук жана уруулар союзунун (арыш) шарттарындагы салттуу эреже экендигин айгинелейт.
А. Абилов
1. Денеде тамырлар аркылуу айланып жүрүп, клеткаларды азыктандыруучу жана андагы заттарды алмаштыруучу кызыл түстөгү суюктук. Кан тамырлары. Кан куюу. Союл тийип башына, Суу ордуна кан аккан (Токтогул). Күлчородон ал кетти, Кара курум кан кетти (Семетей»). 2. Адамдын же малдын тукуму, жаралып чыккан негизи. Каны таза, асыл тукум жылкы. Ушундай кандан бүткөн бала чиркин (Токомбаев). Бул бейбактын канында бар, атасы ушундай кежир киши эмес беле («Ала-Тоо»).
хан менен бирдей. Таажы кийди кан болуп («Манас» С. О.). Такка минген кандары, Тартиби кандай болду экен? (Тоголок Молдо). Өлтүрүптүр Күн кан, Качканда Жаңыл жеңемди («Мендирман»). Кан атам көзү өткөн соң, Капаланып күйгөмүн («Эл адабияты»).
1. Суусаганы басылуу, суусун ичип, чаңкабай турган абалга келүү. Булакты көрсө суу койбой, Анча-мынча булакка, Суусуну канып бир тойбой («Манас»). Мына ошентип мен айылга барарда, Кымыз ичип, чын суусунум канарда (Осмонов). 2. өт. Толук алымсынуу, канааттануу, кумардан чыга ыракаттануу. Кангым келди турмуштун, Суктандырган ойнуна (Токомбаев). Мен ырдасам ырыма, Канып кетер бекенсиң (Барпы). Кулак бышып, көз канып, Күндө көргөн жай турмуш (Элебаев). Калмактын кылган ишине, Кумардан чыгып кандым мен («Эр Табылды»).
кана I ир. помещение (второй компонент сложных слов; самостоятельно употребляется только на юге); ишкана мастерская; чайкана чайная, чайхана; кана карап см.карап. кана II 1. где; китебим кана? где моя книга? 2. ну, ну-ка; давай, давайте (начинай, начинайте); кана, жүргүлө ну, идите; "кана, канага!" келгенде когда (подбадривая) начинают друг другу говорить "ну-ка, ну-ка!". кана III то же, чтогана. кана- IV кровоточить, истекать кровью; буюрбаган ашка мурун канайт погов. на неположенную (не принадлежащую тебе) пищу из носа кровь течёт (съесть не удаётся); канап-бутап жеди 1) съел с ножками и рожками, сожрал; 2) ободрал (взятками, поборами).
Iат.1. Кайда, кайсы деген мааниде колдонулат. Китебим кана? 2.Бир нерсеге көңүл бурдуруу, бир нерсени баштарда көңүлдү ошо жакка топтоо үчүн айтылат. Кана эмесе, кезегиң, Кайсыны ырдар экенсиң (Токтогул). — Кана, кимден башталсын? (Сыдыкбеков).
КАНАIIэтиш. Кан чыгуу, кан агуу. Буюрбаган ашка мурун канайт (макал).
¨Согончогуканоо—бала төрөө, балалуу болуу. Канымдын ушул күнгө чейин согончогу канай элек (Бейшеналиев). Канап-бутоо — кыйратуу, кайсоо, түгөтүү. Өткөн менен кеткенди Канап-бутап жоготкон («Манас»). Чоң айыл кичи айылды канап-бутап жиберер бекен (Убукеев).
1. Бир нерсенин турган ордун, жөнүн ж. б. суроо маанисинде колдонулат. Жер майышкан кол кана? Жети миң калмак эл кана? («Эр Табылды»). Ээ, түгөнгөн Жанаалы, Сенин убадаң кана жанагы? (Токтогул). Чиркин сулуу, кана сенин сүйгөнүң (Шимеев). 2. Бир нерсеге көңүл бурдуруу, көңүлүн топтоо же кандайдыр бир ишке буюруу, өтүнүч кылуу учурунда айтылат. – Кана, Чүкө, нанга, этке караңыз (Баялинов). Кана, сен эле кире койчу, кайра тез чыккын («Ала-Тоо»). Кана, балам, баштагын, Калыгым сени биерде, Кайрат берип маштадым (Токтогул). Кана, акетайым, туюндурчу (Сыдыкбеков).
Денеден кан чыгуу, кан агуу. Азыр дагы атам көзгө элестейт, Көзү шишип, жаагы айрылып канаган (Турусбеков). Коркунучтан чыдабай, Чалдын мурду канады. (Токомбаев).
Болгонуна, бар экенине ыраазы болгондук, алымсынгандык, каниет алгандык. Калкыма мүдүр койбой отоп-бутап, Алса да канаат кылбай кардын сылап (Абдыраманов). Канаат деп бир мүнөз бар албайт сурап, Тапканын оокат кылат эптеп курап (Тоголок Молдо).
Ыраазы болуу, алымсынуу, каниет алуу. Ушул болгон оокатыбыз барында эч кимге жалдырай койбоспуз, ушуга канааттанып, тобо кылганыбыз эле жакшы эмеспи, байбиче! («Ала-Тоо»). – Кудайга шүкүр, эми өз үйүбүзгө да келип калдык, балдарым,– деди Алима канааттанган үн менен (Абдукаримов).
(канааттанарлык) удовлетворительный, такой, которым можно довольствоваться (ср. канааттандырардык); аздыр-көптүр канааттанардык более или менее удовлетворительный.
(канааттандырарлык) удовлетворительный, способный удовлетворить; удовлетворительно; төмөнкү суроолорду канааттандырардык болуу керек должен отвечать нижеследующим требованиям; канааттандырарлык эмес неудовлетворительный.
диал. Талкаланган, кыйраган, тымтыракайы чыккан. – Күл. Күлө түш. Жарым эс. Жети атаң мекен кылган өлкөң канавайран болуп жатса, кайсы ырысыңа күлөт экенсиң? – деди Исхак жай (Касымбеков).
Түндүк Америкага биринчи жолу барган европалыктар жергиликтүү элден: «Бул кайсы жер?»- деп сурашса, алар: «канада»- деп жооп беришет. Алардын тилинде бул сөз азыркыга чейин «үй, кепе» деген маанини билдирет. Көрсө, алар үйдүн атын сурап атышат окшойт деп ойлошуптур. Дүйнөдөгү ири мамлекеттердин биринин аты ушинтип пайда болгон экен.
канаке, канакей то же, чтокана II; аттиң, ана, атаке! акылыңыз канаке? фольк. ох, матушка и батюшка! где же ум ваш? айланайын энеке, кайрат, акыл канаке? фольк. милая маменька, где сила, ум?
зат. 1.Суу агызуу үчүн казып жасалган чоң арык, өстөн. Канал казып туш-туштан, Агызды терең дайраны (Үсөнбаев). Чүй каналын казууга булгаары заводунун жумушчулары да барышты (Сасыкбаев).
2. Бир нерсенин ичиндеги труба сыяктуу көңдөй, сай.
feed (noun)
A distribution mechanism for frequently-updated content that is aggregated by an RSS reader and delivered or published in a standard XML format. The content is often summarized, with links to a more complete version.
channel (noun)
A path through which information passes between two computers or devices. It can refer to the physical medium (such as wires) or to a set of properties that distinguishes one channel from another.
м. 1. канал (казып жасалган чоң өстөн); судоходный канал кеме жүрүүчү канал; оросительные каналы сугат каналдары; 2. най, түтүк; канал артиллерийского орудия артиллерия замбирегинин найы; 3. анат. канал, түтүк, жол, үт (дененин ичиндеги көңдөй тамыр, түтүк); мочеиспускательный канал сийдик чыгаруучу канал; 4. перен. жол; переговоры велись по дипломатическим каналам сүйлөшүүлөр дипломатиялык жолдор аркылуу жүргүзүлдү.
(анат.) канал, органдарга суюктук өтүп тура турган жол. К. вольфов — к. Вольфовы каналы, к. гаверсов — Гаверс каналы, жиликтин сөөгүнүн ичиндеги майда канал; к. желудочнокишечный — ичеги-карын каналы, ооздон башталып, арткы тешик менен бүткөн түтүк; к. лауреров — Лаурер каналы, кээ бир трематоддордун үстүнкү бетиндеги кичине канал; к. мочеиспускательный — сийдик чыгаргыч канал, табарсыктан сыртты карай сийдикти өткөрүүчү түтүк; к. пищеварительный — к. Канал желудочнокишечный, к. полукружный — жарты тегерек канал, ички кулакта жаткан бир тетик; к. семяизвергательный — урук аттыргыч канал, урукту сийдик чыгаргыч каналга алып келүүчү түтүк; к. слезноносовой мурун-жаш каналы, көздүн чарасынан жашты мурундун көңдөйүнө өткөрүүчү түтүк; к. спинномозговой — жүлүн каналы, жүлүндүн өзөгүндөгү ичке түтүк; к. эндолимфатический — эндолимфалык канал, ички кулактагы түтүк.
1. Суу жүргүзүү же дарыя, көл, деңиздерди бири-бири менен байланыштырып, кеме жүргүзүү үчүн атайын жасалган чоң арык, алыш, өстөн. Кеме жүрүүчү канал. Сугат каналы. Чоң Чүй каналы. Эчен жаңы каналды алдык дайрадан, Суусуз чөлдөр гүл термешип жайнаган (Калык). Электр кубатын алыш үчүн каналдарды казабыз (Убукеев). 2. Бир нерсенин ичиндеги түтүк сыяктуу көңдөй, сай.
ЭЛАРАЛЫК КАНАЛДАР – деңиз жана мухит төтө жолдорун тогоштуруу максатында курулуп, эларалык кеме каттамдарынын унаа байланыштары үчүн кызмат кылуучу кээбир мамлекеттердин аймагында жайгашкан суу жолдору (Суэц каналы, Панама каналы, Киль каналы). Ал чегарасында жайгашкан өлкөнүн эгемендүү-лүгүнө карабастан, ошону менен бирге эле эки же көп тараптуу эларалык келишимдерге же болбосо эларалык салттарга ылайык эларалык-укуктук режимге баш ийет. Мындай режимдин негизин соода кеме каттамдарынын эркиндик принциби түзөт.
канартаранчылар; Канар аралындагы жакшы сайроочу кооз таранчылардын бир уруусу, булардын кыйла түрү бар: канарейка дикая — жапайы канартаранчы, к. домашняя — бакма канартаранчы, к. европейская — Европа канартаранчысы, к. лесная — токой канартаранчысы.
КАНАР-ТОО — топоним. Манасты чаап алмак болуп көп кол менен аттанган он бир Дуу-ду сары ногойлордун Эштегине К.-Т-до жолугуп токсон төрт күн уруш кылып жеңилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 10).
канат I 1. крыло; темине канат или темир канат пенчук (птенец в том возрасте, когда его тело начинает покрываться пеньками); ак шумкардын баласы темир канат болуптур фольк. птенцы белого кречета уже стали пенчуками; узун канат стриж; ала канат (или алаганат) 1) утка серая; 2) перен. непостоянный, легкомысленный; ала канат жигитке, калтыңдаган кыз жакшы фольк. для легкомысленного парня хороша игривая девица; канат жай- 1) раскрыть крылья, распустить крылья; 2) перен. принять широкие размеры (напр. о положительном общественном движении); 2. полотнище кереге; алты канат ак ордо фольк. белая юрта с кереге в шесть полотнищ; он эки канат чоң үй огромная юрта в двенадцать полотнищ; 3. оперение (на стреле); канаты сынып калды он понёс большую утрату (напр. у него умер сын); канат-куйругун кес- подрезать крылья кому-л.; канат-куйругум жетилди я достиг довольства (сам здоров и обеспечен, дети поставлены на ноги и т.п.); канатымдан кайрылдым см.кайрыл-; ата канат то же, чтоатаганат. канат- II понуд. откана- IV окровавить; тишимди чукуп жатып, канатып алдым я до крови расковырял себе зубы.
зат. Сымдан эшилип жасалган жоон аркан. [Мусабек].. канат жолду кайтарчу болуп алгансыңбы? [деди Андрей](Сасыкбаев). [Даша].. канат будкасында вагонетка тейлөөчү болуп калган (Сасыкбаев).
КАНАТIзат.1. Куштардын жана учуучу жаныбарлардын учууга ылайыкталган мүчөсү. Бадалдан канатын жарк эткизип сагызган учту (Сыдыкбеков). Сүзүп жүргөн эки өрдөк.. мемиреген көлдү канаттары менен чапкылап уча жөнөдү (Сыдыкбеков).
2. Самолёттун жерден көтөрүлүшүнө жана абада учушуна мүмкүндүк бере турган эки капталына орнотулган жалпак бөлүгү.
3. өт. Жардамчы, колдоочу, жөлөк, өбөк, тирек. Кайрылар сенде канат жок, Капаланып күйөмүн(Үсөнбаев). Эр жигит, жакшы болсо алган жарың, Ал сага канат, куйрук, келген багың(Шүкүрбеков).
¨ Казканаттапжеказканатболуптуруу — жардашып туруу, катар-катар болуп туруу. Каз канаттап турган жортуулчуларды көздөй жөнөдү (Жантөшев). Канат-бутак — жөлөк, тирек, жардамчы, колдоочу, көмөкчү. Ар кимге эле канат-бутак керек эмеспи (Маликов). Темирканат — 1) балапандын канат түтүкчөлөрү пайда болгон учуру; 2) өт. жаш. Темир канат.. кезиңерден бери тарбиялап, эми силерди шумкар кылып учурду («САЖИ»). Темир канат кезимде, партия мени ушул мектепке жиберген эле (Сыдыкбеков). Канатжаюу — кулач жаюу, тароо, жайылуу. Ташкент темир жолчуларынын арасында мындай кыймыл өзгөчө кеңири канат жайды (Абдукаримов).
КАНАТIIкана этишинин аркылуу мамилеси.
канат (зат а.), канаты, канатты канат-бутак канат буттуулар (зоол.) канат-куйругу жети лүү канат-куйрук канат сымал бакалоор дуулар (зоол.) канаты кайрылуу канатына калкалоо темир канат (зоол.)
1. Куштардын же башка учуучу жаныбарлардын учууга ылайыкталган мүчөсү. Сарайгыр кош канатын серпип, кулунчактан кулунчакка өтөт (Касымбеков). Бадалдан канатын жарк эткизип сагызган учту (Сыдыкбеков). Шайтан көпөлөк канаттарын дирилдетип, эркинче чыгып кете албай аракеттенүүдө (Сыдыкбеков). 2. Самолёттун жерден көтөрүлүп, абада учушуна мүмкүндүк берүүчү, эки капталына орнотулган бөлүгү. Канатына кир жукпай, Ак булутту жиреген (Тоголок Молдо). 3. Боз үйдүн кереге бөлүктөрү. Корчунун он эки канат ак үйү он алты түтүн, коңшусу менен Рыскулбектин айлына канатташ конду (Токомбаев). Алты канат ак ордо, Аркасынан капшырдым («Саринжи-Бөкөй»). 4. өт. Жөлөк, таяныч, өбөк, тирек. Беттеп кирген душманга, Санат болот деди эле, Аман жүрсө Сейтегим, Канат болот деди эле («Сейтек»). Туяктан калган канатым Семетей келсе болбойбу («Семетей»). 5. Зымдан же кендир буласынан эшилип жасалган жоон аркан.
(биол.) танап; бир органды бир орган менен байланыштырып турган танап. К. пупочный (анат.) — киндик танабы; к. семенной — эн танабы, урук-без танабы, урук жаратуучу бездерди эркектин жыныс мүчөсү менен байланыштырып турган танабы бар.
Баралына келүү, өсүп жетилүү, чоңоюу, торолуу. Канат-куйрук жетилип, туш-туш жакка учуп жөнөдүк (Шүкүрбеков). Канат-куйругу жетилип дегендей, айланасына ар кыл жөндөмдүү шакирттерди топтоп, алардын өнөр сабатын өркүндөтүүдө (Бейшеналиев).
Баралына келүү, өсүп жетилүү, чоңоюу, торолуу. Канат-куйрук жетилип, туш-туш жакка учуп жөнөдүк (Шүкүрбеков). Канат-куйругу жетилип дегендей, айланасына ар кыл жөндөмдүү шакирттерди топтоп, алардын өнөр сабатын өркүндөтүүдө (Бейшеналиев).
канатташ I близкий сосед; находящийся рядом; канатташ уч- 1) лететь крыло в крыло (рядом); 2) перен. действовать заодно, в полном единении; канатташ болуп баралы фольк. отправимся вместе; Өзбекистан, Казакстан менен канатташ элбиз мы (киргизы) - народ, находящийся в близком соседстве с Узбекистаном и Казахстаном. канатташ- II находиться близко друг к другу; канатташып конолу давайте расположимся рядом (на кочёвке).
сын. 1.Тилектеш, таламдаш, боордош, жардамдаш. Бир боорум, канатташым, баатыр Нурлан, Эл үчүн эрдик менен болдуң курман (Аалы).
2. Жамаатташ, коңшу, аралаш, биргелеш, чектеш. Жерибиз бирге канатташ, Элибиз бирге жамаатташ (Осмонкул). Канатташ турган казагы, Кабарын угуп турганы («Манас»). Көрчү.. он алты түтүн коңшусу менен Рыскулбектин айлына канатташ конду (Аалы).
1. Тилектеш, таламы бирге, боордош. Казак эми, учсак бирге канатташ, Казак эми, устатташым сабакташ! (Токомбаев). Бир боорум, канатташым, баатыр Нурлан (Токомбаев). 2. Жамаатташ, бири-бирине жакын, коңшу. Кыдырбай айлы, Тазабек айлы бири-бирине канатташ отурушат (Сыдыкбеков). Канатташ турган казагы, Кабарын угуп турганы («Манас»).
1. (о птицах и насекомых) крылатый; 2. птица; эрдиги артык бүркүттүн - канаттуунун берени стих. велика храбрость беркута, он самая сильная птица; бакма канаттуулар домашние птицы; канаттуу сөздөр (калька с русского) крылатые слова.
1. Канаты бар, канатчан. Канаттуу кушка тил кирип, Мукам-мукам үндөгөн (Барпы). Унутуп ачык бойдон койгон эле, Сулууну канаттуу дөө ала качты (Үмөталиев). 2. Жалпы эле куштар. Канаттуулар фермасы. Канаттуу учуп өтпөгөн, Көйкөлүп шибер өспөгөн (Турусбеков). Жүгүргөндө жаныбар, Канаттуу качып кутулбайт («Манас»). 3. өт. Учкан куштай тез жүгүргөн күлүк. Куюндар менен жарышып, Канаттуу тулпар дегизген (Токомбаев). Сөзүмө кулак салыңыз, Канаттуу кара бээңди, Чалгынга минип алыңыз («Эр Төштүк»).
КАНАТТУУ АТ — кыргыз элинин мифологиялык түшүнүктөрүнүн эң байыркы катмарларынан келе жаткан, жан-жаныбарлар тууралуу мифтердин эң өнүккөн тибине жаткан көөнө аң-сезим жараткан мифологиялык образ. Мындай байыркы түшүнүктөр менен рухий дөөлөттөрдүн учурдагы адабий-маданий өнүгүштөгү ролу жөнүндө Ч. Т. Айтматов даана белгилеген: «Ажайып искусство образдарында, башкача айтканда байыркы мифтерде, аңыз аңгемелерде (легендаларда), классикада сакталып калган рухий таржымалы менен тарыхын унутуп калган адам акыл-эс жагынан эч качан жарыбайт, андай адам азыркы ашкан татаал турмушту аңдаганга алсыздык кылат» (Ч. Айтматов. «В соавторстве с землею и водою...» Фр., 1978, 381-б.). Көөнө коллективдүү элес-түшүнүктөрдүн, элдик этика менен эстетикадагы нускалуу салттардын рухий-аксиологиялык бай арсеналында мал киндиктүү жергени мекендеген ат жандуу эл — кыргыздар үчүн так ошо жашоо-тиричилиги менен аң-сезимдеги мифологиялык көөнөнүн көптөгөн түрлөрүнүн ичинен (космогониялык, лунардык, солярдык, астралдык, антропоморфтук, кудай, пайгамбар, пир, периште, жин-шайтан, гиги дүйнө, тозок, бейиш, этиологиялык мифтер, тотем, жан-жаныбарлар жөнүндөгү мифтер жана башкалар) ит төрөсү Кумайык, куш төрөсү Буудайык, төөнүн пири Ойсул-Ата, койдун пири Чолпон-Ата, уйдун пири Заңги баба, жылкынын пири Камбар ата жана башкалар болуп, ар бири өз-өзүнчө жиктелет. Ат кудайы мифологиялык түшүнүк катары байыртан бери белгилүү, маселен кытайдын элдик мифологиясында Маван-ат төрөсү аталып жылкы тукумунун кудайы катары эң байыртан келаткан культ. Болгондо да ал моңголдор менен чектеш Түн. Кытайда кенен таралган (Мифы народов мира, М., 1982, 2, 86—87-с.).
Байыркы көчмөн уруулардын чарбалык жана жоокерчилик турмушунда аттын ролу өтө зор болгон. Ошо себептүү атка айрыкча ызат менен карашкан. Анын адамга кылган ак кызматын баалашкан, күлүктөргө тен беришкен. Ушундай асыл касиеттери жана канаттуудай учкулдугу үчүн аны асманга танапташ кылышкан. Байыркы түрк-моңгол урууларынын мифологиялык түшүнүгүндө асман — карапайым көр пенделер жашаган кара жерден айырмалуу духтар менен теңирлер мекендеген ажайып бир чөйрө. Демек, ат асманга танапташтырылуу менен теңирге теңештирилген. Теңирди болсо түрктөр күн түспөлдүү элестетишип, көкө теңирдин жүзү деп күнгө сыйынышкан. Бул жагынан алганда дүйнөдөгү эң байыркы диндердин бири Зороастризм культуна оропара келген, күнгө, отко (очок) табынып, ыйык тутуу жагынан окшош мотивдер чыгат. Ошентип, ат алардын аң-сезиминде күндүн ыйык символуна айланган. «Күлүк атуу күндүн» символдору болушкан тулпарлардын образдары алардын искусствосунда эң кеңири колдонулган. Ыйык асман атынын жарташтарга тартылган сүрөттөрү Борбор Азияда биздин заманга чейин миңинчи жылдарда эле пайда боло баштап, биздин заманга чейин 8—5-кылымдарда алар Саян-Алтай тоолуу жерлери менен Моңголиянын мейкин талааларынан тартып Скиф-Сак дүйнөсүнүн күн батыштагы чегине чейинки көз жетпеген аймакта кеңири таралган. Жоокерчилик доорлордо жашаган байыркы көчмөн элдер атты акылдуу жаныбар, ишенимдүү жардамчы катары барктап, кадырлаган. Жоокерлердин күрөшү менен жеңишинин ажырагыс атрибуту болгон жакшы аттар, анын ичинде кереметтүү касиетке ээ канаттуу тулпарлардын образы эл чыгармаларынан туруктуу орун алган өзүнчө бир идеалдар. Эл аралык салттык орток мотивге негизделген мифтик тулпарлардын эпикалык образы жаратылыштан тышкары (сверх «естественный») «канаттуулугу» менен мисалы, грек мифтеринде Пегас жана Көруулунун Гыраты, Алпамыштын Байчубары өзгөчөлөнөт. Канаттуу тулпарлар баатырдык жомок тибиндеги эпостун алгачкы үлгүлөрүндө ээсинен жогору коюлуп, каарман аткара албаган кыйын милдеттерди аткарат. Айткан акыл-кеңешин аткарбай душман тарабынан өлтүрүлгөн ээсин ар кандай кереметтүү жол менен тирилтет. «Барса келбестеги» кайнак көл, от көлдөрдөн өтүп, укмуштуудай тоскоолдуктарды жеңип, аял алып берет ж. 6. сапаттык артыкчылыгын көрсөтөт. Мунун өзү канаттуу тулпарлардын образынын байыртадан бери элдик эпостордон кеңири орун алып келгенин белгилейт.
Түрк-моңгол элдеринин эпостору сыяктуу эле «Манас» үчилтигинде сыпатталган аттын мифтик элементтерди сактап калышынын бир белгиси катары баатыр минген тулпардын капталында канаты болот. Канаттуу аттын мифтик образы үчилтиктин башкы идеал баатырларынын каршысында турган эпикалык душмандардын айрым өкүлдөрүнө кызмат кылган терс күч катары сүрөттөлөт. Үчилтиктин көркөм образдар системасындагы терс каармандардын ичинен Кожожаш менен Чынкожо К. а. минип согуш майданында жүргөнү айтылат. Алар минген тулпарлардын өзүнө гана таандык сын-сыпаты, өзгөчөлүгү, энчилүү аты (кличка) бар. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Кичи казатта» кытайлардын көзгө атар мергени Кожожаштын (Шапак Рысменде уулунда Шыпшайдар деп аталат) кыргыздын кыйын баатырларын окко учурууда минген аты асман менен учуп жүргөн Куубайталдын ролу зор. «Семетей» бөлүмүндө ички душмандардын көрүнүктүүлөрүнүн бири Чынкожо да К. а. минип, асмандап учуп, Семетейге уруш салат. Чынкожонун канаттуу Кара аты эпосто төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Эр Семетей киргенде,
Семетейдин айбатын
Кан Чынкожо билгенде,
Кара ат менен чаргытып,
Аңгемесин арбытып,
Чыдай албай шашканда,
Чынкожо чыкты асманга.
Көк жорудай айланып,
Учуп жүрөт асманда.
Чынкожонун Кара аты:
Капталында бар эле
Калдайган эки канаты (Курама варианты, «Семетей», 222) болгон канаттуу Кара ат минип учуп урушкан Чынкожо Семетейлерге үстөмдүк кылат. Качан гана Күлчоро канатка атканда Кара ат жерге түшүп, Чынкожо жеңилет. «Сейтек» бөлүмүндөгү эпикалык башкы душман Кыястын Тооторусу асман менен учат, адамча сүйлөй алат. Тоотору тулпарды анын өзүндөй эле керемет күчкө ээ Айчүрөк «тилин байлап», «койго жеткис, уйга жеткис» кылып багындырат.
«Манас» изилдөөчү окумуштуулар (Р. Сарыпбеков) мифтик-фантастикалык тулпарлардын баштагы оң образы (башкача айтканда кереметтүү колдоочулугу) өзүнүн эволюциялык өнүгүшүндө эки тенденцияга туш болорун белгилейт: «Аттын образынын оң багытта өнүгүүсү акырындап мифтик касиеттеринен ажырап, кадимки жердик атка айлануу менен башкы идеал каармандын ишенимдүү жардамчысы боюнча калат. Ал эми экинчи учурда мифтик-фантастикалык касиеттерин (канаттуулугун) дагы эле сактап калуу менен, коомдун алга өскөн көз карашында айыпталган жат көрүнүш катары терс мүнөзгө ээ болуп, жаманчылыктын (зло) өкүлү катары душман тарабына кызмат кылат, жакшылыкты (добро) көздөгөн оң каарман өз максатына жетишине тоскоол болот, терс каармандарга кереметтүү жардамдарды көрсөткөн ишенимдүү жолдошуна айланат» — деп белгилейт. Эпикалык душман элдин тулпар аттарындай адаттан тышкары укмуштуу сапатка, мифтик катмар негизин түзгөн баатырдык эпостун баш каарманы Төштүктүн Чал-куйругун айтпаганда, «Манас» эпосунун бүгүнкү колдо бар негизги варианттарындагы оң каармандардын эч кимисинин аты ээ эмес. Ырас, мындан бир кылым мурда эле. Ч. Валиханов жазып алган вариантта Аккуланын «бир жагында 21, бир жагында 20 канаты бар, аркасында ажыдаар түгү бар» укмуштуу тулпар катары сыпатталат. Айтуучулардын түштүк группасынын айрым өкүлдөрүнөн жазылган варианттарда жоодон жараланган Манасты канаты бар Аккула ала качып куткарып айыктырганы айтылат. Мунун өзү анын алгачкы образы мифтик-фантастикалык аттардан башталып, коомдун алга жылышы, аң-сезим, көз караштардын өзгөрүшү менен кошо акырындап жердик атка айланганын көрсөтөт. Негизги варианттарда (Сагымбай Орозбаковдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты) Манастын Аккуласы эти кызыган кезде өпкөсүнөн канат өсүп чыгары эскерилет. Эпикалык душмандардын башкы баатыры «Коңурбайдын Кара аты Кара атынын бар эле, Капталында канаты» деп ээсин дайыма кысталыш учурда «куштай учкан күлүктүгү» менен ажалдан куткарат. Бирок, Кожожаштын Куубайтал, Чынкожонун Кара аты сыяктуу Аккула да, Алгара да асмандап уча албайт. Манасчылар аларды сыпаттоодо канчалык гиперболизациялабасын жердик аттын табигый чегинин рамкасынан чыгарбайт. Жалпы эле үчилтикте чагылдырылган оң, терс каармандардын минген аттарынын образдарында өз-өзүнө мүнөздүү айырмачылыктары болуу менен бирге, негизинен алардын күлүктүгү, чаалыкпастыгы баса көрсөтүлөт.
С. Алиев
к. КАНАТТУУГА КАКТЫРБАЙ, ТУМШУКТУУГА ЧЕКТИРБЕЙ
Ушуга чейин канаттууга кактырбай жакшы тарбиялады (Мурзаев). Канаттуга кактырбай душмандан элди сактаймын (фольк.).
Эч кыйынчылыкка дуушар кылбай, жамандык көргөзбөй кастарлаган, бардык жагынан кам көргөн. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей бөпөлөп асыраган балам («Ала-Тоо»). Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей багам. Мага да бала керек. Кошкула (Сыдыкбеков).
Эч кырсыкка, кыйынчылыкка дуушар кылбай, кордук тарттырбай, бардык жагынан кам көргөндүк. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей бөпөлөп асыраган баламдын тагдырына кара санайсыңбы («Ала-Тоо»). Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей багам. Мага да бала керек. Кошкула (Сыдыкбеков). В.: Канаттууга кактырбай. Ушуга чейин канаттууга кактырбай жакшы тарбиялады (Мурзаев). Канаттуга кактырбай душмандан элди сактаймын (фольк.). Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай. Мындан нары да туугандарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай өз калкасына алганы болуп эсептелди (Касымбеков). Кудайбергенди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай келе жаткан кезде жетим калышы кыйынчылыкка дуушар кылган (Бектенов). Канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай. Канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай баккан балам сен болсоң (фольк.).
к. КАНАТТУУГА КАКТЫРБАЙ, ТУМШУКТУУГА ЧЕКТИРБЕЙ
Мындан нары да туугандарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай өз калкасына алганы болуп эсептелди (Касымбеков). Кудайбергенди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай келе жаткан кезде жетим калышы кыйынчылыкка дуушар кылган (Бектенов).
КАНАТТУУ КАБАРЧЫ — фольклордук чыгармалардын баш каармандарынын окуясы, дарек-дайны, ал-абалы жана башкалар жазылган каткабарларды жеткирүүчү куштар. Табияттын жапайы күчүн элестеткен ар кандай канаттуу байланышчынын кат ташып кабарчылык кылышы жөнүндөгү жөө жомоктук мотивдер түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында кеңири учурайт. Бизге жомок жана миф түрүндө жеткен мындай мотивдердин келип чыгышы жаратылыштын табигый мыйзамдарын билишпеген байыркы адамдардын анимисттик түшүнүктөрүнө байланыштуу экени белгилүү. Байыркы коомдо жашаган түшүнүгү чектелүү адамдар айбанаттарды да адам сыяктуу ой жүгүртүүгө, сүйлөшүүгө жана эс-акылдуу аракет жасоого жөндөмдүү деп ишенишкен. Айрыкча канаттуу куштар менен эпикалык каармандардын ортосундагы байланыш элдик баатырлардын туткундалып ордо (зынданда) жаткан же жарадар болгон учурдагы оор абалын билдирген катын алыста калган элине жапайы каз, торгой, көгүчкөн жеткиргендиги бир катар эпостордо салттык түрдө баяндалат. Академик В. М. Жирмунский К. к. жөнүндөгү мотивди түрк элдеринин баатырдык жомокторунда (эпосторунда) кеңири кездеше турган эң эски мотивдердин бири катары карайт. Ал эми Алтай эпосторун изилдөөчү А. Коптелов К. к-дын алтай эпосторунда болушун «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн поэтикалык чагылышы деп эсептейт.
Түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларынын баш каармандары менен канаттуулардын ортосундагы байланышты, ал гана эмес тектештиги, жакындыгы жөнүндөгү түшүнүктөрүнөн келип чыккан көз караштардын эпостордогу калдык элестери экенин мына бул маалыматтар аныктайт: алтайлыктардын «Алтай-Буучай» эпосунда эки өрдөк, хакас элинин «Судэй-Мерген» жомогунда чабалекей, «АйМерген жана Алтын кыз» жомогунда эки үкү, бурят-моңголдордун «Гэсэринде» карга, тоту куш, казактардын «Козу Көрпеш, Баян Сулуусунда» бакма кара кучкач, өзбектердин «Алпамышында» жапайы каз, «Равшанда» кара кучкач кат ташып, кабарчылык милдет аткарат. Кыргыз эпосторунда да канаттуулар кабарчылык милдетти аткаруу менен элдик ишенимде зор симпатияга ээ. Мисалы, «Жаныш, Байышта» көгүчкөн, «Эр Табылдыда» күкүк, «Олжобай менен Кишимжанда» торгой, «Манаста» көгүчкөн аркылуу кабар бериши эпостордун байыркы жомоктук-мифтик абалына байланыштуу болот. «Манас» эпосунда ушуга жакын элес Коңурбай канатына кат байлап Эсенканга жиберген Карганын, кытай чегин кайтарган тыңчы-кабарчы Куу Өрдөктүн образынан көрүнөт. Эпосто кат ташыган Көгүчкөн делбей, Карга менен алмашылган мифтик кабарчынын терс мүнөзү — анын эпикалык душмандарга кызмат кылышы менен түшүндүрүлөт. Демек, кабарчы канаттуулардын эпикалык каармандар менен болгон байланышын ошол байыркы доордогу «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн кыргыздын улуу жана кенже эпосторунда чагылган жаңырыгы катары каралууга тийиш.
С. Алиев
«Килем көчөт» келтирип, чырмак салган чийне («Манас»). Бул чырмалган же эндей чийден токулган боз үйдүн сыртынан калануучу жабуу. Анын узундугу боз үйдүн аянтына карата аныкталат. Ал эми бийиктиги чыгдан (ашкана) чийдей келет. Эки башында үчтөн алты боосу болот. Алар ыңгайына карата уукка, керегеге жана босогонун таягына байланат. Канат чийдин баш-аягы ийректелет. Эгер көркөм оюм түшүрүлсө, анда чийдин баш-аягы кара жүн менен чыбыкталат. Керегенин сыртынан калоочу чийди үйдүн чоң жана кичинесине карай эки бөлөк согот. Канат чийди кызыл, көк, жашыл, сары, ак ж. б. ар түрдүү түстөгү жүндөн түр салып чырмайт. Ал «чырмак чий» деп аталат. Чийди жибек менен да чырмашкан. Өткөн мезгилдерде 10—12канат ак үйлөргө тасма чийди да колдонушкан. Бир кылка ичке чийди «тасма чий» деген. Анда көркөм көчөт түшүрүшкөн. Жалаң ичке чийди тандап алып, түрдүү жибек менен чырмап, кооз көчөт берген. Тасма чийлерди чырмоо — татаал көрүнүш. Эки канат чийди минтип чырмап бүтүрүүгө эң кеминде 4—5 чырмакчы болжолдо 5—6 ай убакытты сарптаган. Канат чийди көркөм оюм-түр түшүрбөй, түрдүү түстөгү жип менен жыш эле чырмактап да жасашат. Аны «чыбыктоо» же «тап бердирүү» деп атайт. Канат чийге «мүйүз оюмун» бериш үчүн ар бир чийдин эсеби алдын-ала такталат. Чырмалуучу ошол бир талдын аяк-башынын чени да узга белгилүү болот. Эгер муну төрт өңдө берүүгө тийиш десек «мүйүз оюмунун» башын же анын чеке-белин так көрсөтүүдө кайсы түстөгү жүн канчанчы тал жүн аркылуу кошулат. Оюм менен ак чийдин аралыгы кандай берилет, оюмдун кылда учу менен аягы кандайча кошулат, ошондо узун-туурасы метр-бир метр сексен см. бийиктиги бар буюмдун жалпы аянтына канча тал чий, жүндүн түрүнөн канча өлчөмдө кетээрин чырмакчы баамдайт. Ар бир чырмалган тал чий белгиленип турулат. Канат чийди чырмоо жана согуу үчүн буюмдун мыкты үлгүсү катары узданууну мындан баштоо керек. Чийдин аяк-башы, адаттагыдай, кара жүн менен чырмакталып, ал «ийректелет». Эми түшүүчү көчөттүн фонуна кызыл өңдү тандообуз керек. Анан көктөн «мүйүз оюмун» бергенде, буюмдун ортосу үч бурчтук келет. Анын ичине сарыдан көчөт түшүрүп, жогоруда айткан ушул шарттуулук дал өзүндөй кайталанат. Кызыл менен көктүн айрым жерлери сары өң аркылуу жээктелет. Ал андан бетер жүзүн ачат. Адатта, чий буюмдарына түшүүчү көркөм оюм-көчөттөр бурч чыгарылып, сындырылып түшкөндүктөн «мүйүз уюмдарынын» башы «бармак боочу оюму» баштанып калуусу да ыктымал. Мына ушундай канат чийдин өзүн жогорудагы үч өңдү айкалыштырбай эле ак-кара аркылуу да берүүгө болот. Мындай бири-бирине карама-каршы эки өң өтө «алачакмактанып» калат. Болбосо, кара ийректен кийин канат чийдин жээгин сарыдан берип, буюмдун четтигине кызыл-кара «бадамча оюмун» түшүрүп, анан «салбай оюмун», «табак оюмун», «омуртка оюмун» келтирүү салтка айланган. Мындай көрүнүш Нарын аймактарында кулач жаюуда. Мында оюм көчөттөрдүн ортолору омурткаланып, өз ара шуруланып, «тап бердирилип», төрт бурчтук, тумарчаланып, кошуу ( + ) белгиси өңдөнүп, «ала мончоктолуп» турат. Көркөм буюмга «ала мончок» берүү көбүнчө чий чырмакчылыкка, өрмөкчүлүккө жана килемчиликке бөтөнчө таандыктай туюлат. «Тап бердирүү» — буюмдун өңүн буруу жана ачуу, айрым жерлерине өзүнчө өзгөчөлөнгөн ачык белги берүү. Маселен, чийди чырмап чыбыктап, аны ак чийге аралаштыра токуу, өрмөктү эндей таар согуп баратып, айрым жерлерине түр түшүрө чалып кетүү, токулуп жаткан килемдин бир өңчөй жерлерине башка өң келтирүү жана башка ушул өңдүүлөр — тап бердирүүнүн ачык далили. Жоон чийди жүн менен чырмоо тасма чийге караганда оңой болгон. Жалпы эле көчөтү бар чий үйдүн ички жасалгасына кошумча кооздук берип, жайдын күнү үйдүн ичин чандан коргоп салкындаткан. Кыштын күнү сууктан сактаган. Үйдүн эптүү тигилишине шарт түзгөн. Чий чырмалса, чырмалбаса да кыргыздар чийсиз боз үй тикпеген. Анткени, чийсиз боз үй коолдоп, ички көрүнүшү жоголуп, ысыкты да, суукту да өткөрө берет. Кыргыздарда «Кереге чийдей болбойт, келин кыздай болбойт» — деген кеп бар. Үйгө калана турган чийдин бийиктиги орто эсеп менен 1,50—1,70 см. болот.
Чоң жоготууга же кырсыкка учуроо, мүңкүрөп калуу. Минтип канатым кайрылып колго түшүп калдым (Осмоналиев). Жакшы шакирттериңден ажыраганыңда бир канатың кайрылып үрпөйгөнсүң (Бейшеналиев) Үмүттүн канаты кайрылды, кайгы бир жагынан, жокчулук бир жагынан куушурду (Ашымбаев).
Чоң жоготууга же кырсыкка учурап мүңкүрөп калуу, мурдагы абалындай боло албай өксүп калуу. Дөгүрсүгөн эр Коңур, Дөөлөрүнөн айрылып, Канаттары кайрылып («Семетей»). Минтип канатым кайрылып колго түшүп калдым (Осмоналиев). Жакшы шакирттериңден ажыраганыңда бир канатың кайрылып үрпөйгөнсүң (Бейшеналиев). Үмүттүн канаты кайрылды, кайгы бир жагынан, жокчулук бир жагынан куушурду (Ашымбаев). В.: Канаты сынуу. Карып калган кезимде, Канатым сынып какшадым (Осмоналиев).
Коргоо, жакын көрүү, көз салып жүрүү. Дайыма канатына калкалап, жакынсынып, ар кандай сынактан өткөргөн (Медетов). Анан ушу киши канатына калкалап, бооруна кысып, китеп кап сатып берип турганы баланы эреркетип жиберди (Айтматов).
Коргоо, жакын көрүү, көз салып жүрүү. Дайыма канатына калкалап, жакынсынып, ар кандай сынактан өткөргөн (Медетов). Анан ушу киши канатына калкалап, бооруна кысып, китеп кап сатып берип турганы баланы эреркетип жиберди (Айтматов). В.: Канатынын алдына калкалоо. Мына бул өйдө чекти уругун жөн эле канатынын алдына калкалап бакпадыбы (Бердикеев).
Кырсыкка учуратуу мүңкүрөтүп коюу. Байларга тең ата болом деп айтыша кетсең канатыңды кайрып коёт (Сыдыгалиев). В.: Канатын кыркуу. Салкынайдын өмүрүн мен кыйбасам, бул күнгө түшпөйт эле, канатын мен кырккан экенмин (Абдукаимов).
Тып эле, дароо эле, ошол замат, арыдан-бери. Карым-катыштын кан буугандай басылып калышы Суусардын ичин туз куйгандай ачыштырды (Бердикеев). Өзү бүтүм чыгарды, өзү баарын кан буугандай токтотту, бирок Эдигейди ойлободу (Айтматов). Мурдагы кылык-жоруктары кан буугандай тыйылды («Кыргызстан маданияты»).
Тез, дароо, ошол замат, арыдан-бери. Ошондон кийин тишимдин ооруганы кан буугандай басылды («Чалкан»). Бул ишти кан буугандай токтотууга болот (Жантөшев). Карым-катыштын кан буугандай басылып калышы, Суусардын ичин туз куйгандай ачыштырды (Бердикеев). Өзү бүтүм чыгарды, өзү баарын кан буугандай токтотту, бирок Эдигейди ойлободу (Айтматов).
ж. 1. канва (көбүнчө крахмалданып жасалган көз-көз токума; бул токума аркылуу кездемеге сайма сайылат); 2. перен. канва (окуянын негизи, схемасы); канва поэмы поэманын канвасы.
1. Кан кызыта кекенүү. 2. Өчү бардай ачуулануу. 3. Кыжыры кайноо. ...Тоо эчкилери кыл моюн баштарын суудан ала жогору көтөрүп, кулактарын тикчийтип, жай гана сак көздөрүн жалжылдатып, кызыл ашыгына чейин суу кечип, шырп алдырбай кылкылдата жутуп жатканында да каныңа каар ойното карап чыдаш оң (Айтматов).
Анча-мынчаны теңине албоо, тоготпоо, эч кимге көз каранды болбоо. Тирүү болсо эле болгону, түндөгү түн ал үчүн оор түн болчу, эми буюрса канга салам бербейт (Сыдыгалиев). Култай аксакалдын оокат-тиричилиги ого бетер оңоло түштү, канга салам бербей калган («Чалкан»).
Анча-мынчаны тенине албоо, тоготпоо, эч кимге көз каранды болбоо. Тирүү болсо эле болгону, түндөгү түн ал үчүн оор түн болчу, эми буюрса канга салам бербейт (Сыдыгалиев). Култай аксакалдын оокат-тиричилиги ого бетер оңоло түштү: канга салам бербей калган («Чалкан»).
КАНГУ — этноним. Эпосто кытайлардын бир уруусу. Чоң казат мезгилинде чалгынга барган Алмамбет менен Сыргак жылкы айдаган Карагулга жолугушат. Ошондо Алмамбет аны алдап колго түшүрүш үчүн өзүнүн кимдигин жашырып ага мындай дейт:
Шаарым менин Чынмачын,
Жайымды менин тыңдагын.
Кангулардын калкымын.
Бакбурчунга падыша
Бир атадан жалкымын (Сагымбай Орозбаков, 4. 279).
1. окровавить; 2. ист. смазать кровью, обмакнуть в кровь, окропить оружие или знамя кровью первого убитого врага или специально зарезанного животного; жөрөлгө ушул болсун деп, желектүү найза кандадык фольк. пусть, мол, это будет (хорошей) приметой, мы окропили кровью наши пики.
1. Бир жерин канатуу, кан чыгара коюп жиберүү, уруу. Кандап бетти тытпаңыз, Кара чачты жайбаңыз («Сейтек»). Булчуң эти буруюп, Кармаган жерин кандаса («Мендирман»). Рыскулбек датка балдары Кедейлерди келтектеп, Далайдын башын кандады (Токтогул). 2. Жоокерчиликтеги эски адат боюнча биринчи өлтүрүлгөн душмандын же атайылап союлган малдын канына жоо куралдарын же тууну малып, кан жугузуу, канга боёо. Шаркыраган канына Аккелте оозун малганы, Камдап алып мылтыкты, Кайра тартып калганы («Манас»). Жөрөлгө ушул болсун деп, Желектүү найза кандадык («Эр Табылды»).
мужские штаны из кожи горного козла (для эпического богатыря обязательны); төрө Манастан калган кандагай фольк. кожаные штаны, оставшиеся от господина Манаса; кара боюн тыңданып, кандагайын шымданып фольк. подтянув свой стан и заправив рубашку в кожаные штаны.
КАНДАГАЙ (моңголчо «кандага» — багыш) — тоо текенин, багыштын жана башкалар терисинен жасалып, баатырлар, балбандар жоого, балбан күрөшкө, эр сайышка, оодарышка кийиш үчүн тигилген чалбар шым. Калың териден, булгаарыдан жасалып, кылыч, жебе өтпөй турган согуштук ат жабуу да К. деп аталат. К. кенен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып, шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамыш менен тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыштан ычкыр өткөрүлгөн. «Манас» эпосунда да жоого кийчү кийим катары К-га кеңири көңүл бурулат.
Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшкөн К-дын тарыхына өзгөчө көңүл бурулат. Аны тигиш үчүн Каныкей Анжыяндын ары жагы, Айым-Мүнсөк бери жагы Даңдуң - Баштын тоо текесинин териси калың болот деп угуп, Абыке баш болгон алтымыш мергенди атайы жөнөтүп, териге залал кылдырбай жалаң көзгө аттырып алат. Аны күндүн көзүн көрсөтпөй кургатып, жез челекке алты ай алманын кабыгынан жасалган малмага салып ашаттырат. Кайыптын кызы Арууке баш болгон токсон узга тиктирет. Ичине буулум ичтеп, тышы бышык болсун деп болот эгер ширетет. Мусулман кандарынын кийген шымдарынын ичинен жалгыз ушул К. балбанга түшчү Кошойго бап келип, ыраазы болгон ал аны жасаган Каныкейге батасын берет. Ошол батадан Семетей бойго бүтөт. Эпосто К-га мындай олутуу көңүл бурулушу, анын түпкүлүгүндө тотемдик жаныбар менен байланыштуулугунда. Адепки учурда ал магиялык күчкө ээ шым катары эсептелген. Муну анын К. аталышы ырастайт. Алтай тилдеринин чоң тобунда багыш — кандага (эвенкиче), кандахан (манжурча), хандагай (моңголчо) деп айтылат. Якуттардын мифтик ишениминде Алып хандагай токойдун ээси, аңчылыкты колдоочу. Байыркы Сибирь элдернде Хандагай (багыш) кудай жаныбар — тотем болгон. Ошондуктан кыргыздардын көп учурлары ушул тотем жаныбардын атын алып жүргөн (сары багыш, кара багыш, чоң багыш, багыш). Тотемдик жаныбардын терисин кийген адам анын колдоосу менен жеңилбес күчкө ээ болот деген ишеним болгон. Ошондуктан арстан кебин кийген Рүстөм, Геракл сыяктуу эле Кошой да багыш терисинен шым кийгенде кебелгис күчкө ээ болуп, эч кимден жыгылбаган Жолойду жеңет.
Ы. Кадыров, М. Толубаев
Азыркы кыргыз тилинде балбандар, батырлар кийчү текенин терисинен жасалган жаргак шым кандагай аталат. Моңгол тилинде болсо хандгай сөзү орусча лосъ деген жаныбарды билдирет. Ушуга караганда алгач кыргыз тилинде да кандагай сөзү лосту билдирген. Бирок кийин андай жаныбар Тянь-Шанда жок болуп калганда, ал сөз ошол жаныбардын терисинен жасалган шымдын атында сакталып калган. Балбандар менен баатырларга кандагайдын терисинен шым тигип берүү мүмкүн болбой, анын ордуна текенин териси пайдаланылса деле, эски көнүмүш боюнча ал шымдын аты кандагай аталып кала берген.
1. Тоо теке, багыш сыяктуу териси калың жаныбарлардын терисинен эр сайышта күрөштө кийүүгө ылайыкталып жасалган чалбар шым. Кагышка балбан кийүүчү, Кандагай болду кийгени («Сейтек»). Жайы, кышы кийгени, Кандагай теке шым экен (Жантөшев). 2. Согушка кирүүчү аттын калың териден жасалган жабдуусу. Алтыным теке терисин. Сырттан кылган кандагай («Эл адабияты»).
1. как; какой; кандай болбосун так или иначе; кандай да болбосун как бы то ни было; какой бы то ни было; кандай гана болбосун любыми средствами; в любом случае; кандай болсо да 1) во всяком случае, при любых условиях, так или иначе; 2) хоть какой-нибудь; мейли кандай болбосун ладно, хоть какой-нибудь; кандай кылсаң да любым способом (ты); барганыбыз кандай, барбаганыбыз кандай? пойти нам или лучше не ходить? кимге кандай кому как, на чей взгляд; кандайдыр бир иш менен келсе керек он, нужно полагать, прибыл по какому-то делу; 2. с предшеств. прич. прош. вр. в местн. п. да ещё как!; билгенде кандай! да ещё как знает-то!; жакшы көргөндө кандай! да ещё как любит-то! кандайлык отвл. откандай; кандайлыгын билбеймин я не знаю, каков он (каково оно и т.д.); не знаю, что и почему; кандайлыктан почему, по какой причине; кандайлыктан талганым, билинбейт менин өзүмө фольк. почему я обмерла, мне самой невдомёк; Коңурбайдын айласы, кандайлыгын билгизди фольк. хитрость Конгурбая показала, каков он.
ат.1. Бир нерсенин түрүн, түсүн, сапатын, касиетин билүү үчүн берилүүчү суроо. Искендер, дарманың кандай? (Турусбеков). Топозтун эти кандай болот, Медер ата?! — деди Акбар (Убукеев).
2. өт. Бир нерсени экинчи нерсеге салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат. Боз тамдын сырты кандай жарды болсо, ичи да ошондой эле (Сыдыкбеков). ..Жомокто айтылган бөз баштык кандай болсо, биздин чанач нак ошондой (Сыдыкбеков).
3. өт. Таңданууну, суктанууну билдирген учурларда колдонулат. Кандай ысык, кандай жакын өскөн жер! (Аалы).
♦ Алдакандайк.алдаII.Аркандай — ар түрдүү. Алтыбайдай калмакка Ар кандай кызмат кылгансың («Эр Табылды»). Эчкандай — эч бир, түк, кенедей да. Эч кандай табып анын оорусуна дары таба албады (Аалы).
1. Нерсенин түрүн, түсүн, сапатын, касиетин, жөнүн, абалын же башка белгилерин билүү үчүн берилүүчү суроо. Кандай бала болгонсуң? Кандай окуяга туш келер экенбиз? Элиңдин түрү кандай? (Турусбеков). Жаңы эжекемдин обону кандай чыгар экен? (Сыдыкбеков). 3. Бири-бирине окшоштуруу, жалпылыгы бар нерселерди өз ара салыштыруу иретинде колдонулат. Жомокто айтылган боз баштык кандай болсо, биздин чанач так ошондой (Сыдыкбеков). Боз тамдын сырты кандай жарды болсо, ичи да ошондой эле (Сыдыкбеков). 4. Бир нерсенин жөнүн, абалын, сапатын ж. б. өзгөчө белгилеп көрсөтүү (күчөтүү, ашкере жогорулатуу же төмөндөтүү) же ага суктангандыкты, таң калгандыкты билдирүү үчүн айтылат. Кандай ысык, кандай жакшы өскөн жер! (Токомбаев). Кандай мыкаачы адамдын колунан келди экен? – деп, балдар көгүчкөндүн абалына кейип жатышты («Жаш ленинчи»). Биз жашаган доор кандай шаттуу, кандай ыракат! («Ала-Тоо»). Кыял деген кандай жакшы (Сасыкбаев). 7. «Эч», «ар», «алда» деген сөздөр менен айкашып, тануу, жалпылоо, күдүк (белгисиздик) маанидеги ат атоочторду уюштурат. Айганыш эч кандай суроо берген жок (Байтемиров). Ар кандай кишилерди көрөсүң, ар кандай иштердин жөнүнө түшүнөсүң («Чалкан»). Алда кандай бир булут, Пайда болуп калганы («Манас»).
ат. Эмнегедир, эмне үчүндүр. Аттардын.. топ-топ болуп жайылышы.. кандайдыр бир сонун сыяктанат (Жантөшев). Ызакул кандайдыр бир иш менен сыртка чыгып кеткен экен (Бейшеналиев). Зарыл.. кандайдыр бир дүрбөлөңдүү окуя башталганын байкады (Сыдыкбеков).
Нерсенин жөнүн, кандай экендигин, канткендигин билүү үчүн берилүүчү суроо. Жолоочунун бул кандайча шылдыңы? (Осмонов). Силер биздин айылдагыларга кандайча туугандашып, кеткендигиңер жөнүндө уксак дейбиз («Чалкан»). Менин иштериме кандайча кызыгып калганың түшүнө албадым («Ала-Тоо»). Бул кандайча иш болуп калды? Мунун жөнүн билген киши барбы? Менин кандайча тиешем бар буга? («Чалкан»).
How do I (proper noun)
A page that presents a categorical view of select Help content that the user can browse. Depending on the edition, multiple How Do I pages might be available for use.
то же, чтокантала I; кандала чакса, бүргөгө ыйлап көрүшөрсүң погов. если (тебя) укусит клоп, то будешь почтительно (букв. с плачем) здороваться с блохой (т.е. после большой неприятности маленькая покажется удовольствием).
Жалтанбаган, коркпогон, таамай, түз сүйлөгөн. Тоголок Молдо кандан-бектен кайра тартпаган, акыйкатка үндөгөн, жакырларга жан тарткан акын (Бейшеналиев).
Жалтанбаган, коркпогон, таамай, түз сүйлөгөн. Тоголок Молдо кандан-бектен кайра тартпаган, акыйкатка ундөгөн, жакырларга жан тарткан акын (Бейшеналиев).
КАНДАРДЫН ЧАТАГЫ — «Манас» эпосунда айтылган алты кан кеңешип, кол курап Манасты чаап алмак болуп Таласка баргандагы окуя менен байланышкан. Чоң казат бөлүмүнүн киришүүсү катарында милдет аткарган салттык бул окуя эпостун көпчүлүк варианттарында бар жана туруктуу айтылат. К. «Манастын» сюжети.
кандек I общее название собак маленькой породы; кандектин карыганы билинбейт погов. старение маленькой собачки незаметно; маленькая собачка до старости щенок. кандек II ир.тяньш., талас. 1. трещина в земле, яма; кандекке башы тыгылды фольк. голова его уткнулась в яму; 2. ист. крепостной ров. кандек III ир.южн. сорт абрикоса.
м. 1. кандидат (шайланууга, бир ишке дайындалууга же бир уюмга алынууга белгиленген адам); кандидат в депутаты депутаттыкка кандидат; кандидат в члены партии партия мүчөлүгүнө кандидат, партияга кандидат; 2. кандидат (кенже илимий даража); кандидат филологических наук филология илимдеринин кандидаты.
ТАЛАПКЕР – мамлекеттик бийлик органдарындагы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы шайлануучу кызмат орундарына КР шайлоо мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкер катары көрсөтүлгөн (анын ичинде өз талапкерлигин өзү көрсөткөн) адам.
1. Шайланууга же бир уюмга алынууга, ишке дайындалууга ж. б. талапкерлиги белгиленген адам. Жогорку Кеңештин депутаттыгына кандидат. 2. Диссертация жактоо аркылуу ээ болгон кенже илимий даража жана ошол даражаны алган адам (окумуштуу). Тарых илимдеринин кандидаты. Медицина илимдеринин кандидаты. 3. XIX кылымдын 80-жылдарына чейин Россияда жогорку окуу жайын артыкчылык менен бүтүргөндөргө берилип келген кенже илимий даража.
ИЛИМ КАНДИДАТЫ (ТАЛАПКЕРИ) – изденүү-чүнүн илимий эмгегин жарыя жактоосунун натыйжасы боюнча кабыл алынган илимий иштерди жактоо кеңешинин ырасмий өтүнүчүнүн негизинде мамлекеттик сынак органы тарабынан ыйгарылган илимий даража.
кандидаттык I кандидатский; кандидаттык стаж кандидатский стаж. кандидаттык II положение кандидата; илимдин кандидаттыгына диссертация жактады он защитил диссертацию на (степень) кандидата наук.
ж. 1. кандидатура (шайлоо же кандайдыр бир кызматка дайындоо жөнүндөгү кандидаттын заявкасы же укугу); выдвинуть чью-л. кандидатуру бирөөнүн кандидатурасын көрсөтүү; снять свою кандидатуру өзүнүн кандидатурасын алып таштоо (өчүрүү); 2. разг. кандидат; неприемлемая кандидатура ылайыксыз кандидат.
1. Кимдир бирөөнүн шайланууга же бир ишке, уюмга ж, б. алынууга кандидат болуу укугу же мүмкүндүгү. 2. Кандидат катары сунуш кылынган же бекитилген адам. Ылайыктуу кандидатура. Ушул кызматка ылайык деп эсептелген кандидатураңар барбы? («Ала-Тоо»).
Машыккан, дасыккан, маш болгон. Көп өтүп кандим болгондору токтобой эле сууга үңүлүштү (Бейшеналиев). Кулжыгачтыктар да кур жатпаган кандим немелер окшойт (Осмоналиев). Жотолору жоон, эби-сынсыз, олчойгон эмелердин кармаштарда кандим болгон чагы (Бейшеналиев).
кандуу I 1. с кровью; таза кандуу мал чистокровный скот; эски кандуу киши перен. консервативный человек; 2. кровавый, в крови; окровавленный; оозу кандуу рыльце в пушку (букв. рот в крови); жесе, жебесе да, - бөрүнүн оозу кандуу погов. ел волк или не ел, (всё равно) у него рот в крови; колу кандуу скор в твёрд на руку (от удара кровь течёт); кандуу жайлоо уст. время, когда на летних пастбищах резалось для угощения много скота; кандуу булоон массовый в беспорядочный убой скота (гл. обр. награбленного). кандуу II имеющий хана; кандуу журт народ, который имеет хана.
сын. 1.Каны бар, кан аралаш. Кандуу көбүк бул көлдөн Кайнап чыгат деди эле («Эр Төштүк»).
2. Кан көп төгүлгөн, кырылган, кыргындуу, өлүмдүү. Алтын тарых барагына чиймеле Кандуу майдан, күрөшүнүн жылдарын (Шимеев).
¨Тазакандуу—асыл тукум, зоот. Таза кандуу, тайкы жал, Тайлары зоот чалыштан (Осмонкул).
1. Каны бар, кан жуккан, канга боёлгон, кан аралаш. Оронуп жатып тердерге, Эчкинин кандуу тери бар («Эр Табылды»). Колго түштүм күнөөсүз, Кубардың кандуу кызыл жүз (Токтогул). Жесе, жебесе да бөрүнүн оозу кандуу (макал). 2. Кан төгүлгөн, кыргындуу, кырылган. Ким акмак, ким акылман экенин кандуу казат көрсөтөт, мырзам! (Турусбеков). Тынчтык күндүн тынбай турган иши бар, Кандуу күндүн камчы тактай изи бар (Осмонов).
Киши өлтүргүч, кан ичкич, мыкаачы, зулум. Качыке селее: кандуу моюндун баласы эмнеге келди? – Мен жөнүндө бирдеме уккандан сообу? – деди ичинен (Сыдыкбеков). В.: Канды моюн. – О, кан күсөгөн канды моюндун баласы! Менин ишиме кийлигишкендей не акысы бар. Мени ала жатайын деген экен го (Сыдыкбеков).
Киши өлтүргүч, кан ичкич, мыкаачы, зулум. Качыке селее: кандуу моюндун баласы эмнеге келди? -Мен жөнүндө бирдеме уккандан сообу? - деди ичинен (Сыдыкбеков).
Жегич, ичкич, алдым-жуттум. Кандуу ооз бөрү болуп, азыр журттун жүзүн карай албай калмакмын да (Сыдыкбеков). - Ай, койчу, ошолорду! Кандуу ооз карышкырлар эмеспи (Укаев).
Жегич, ичкич, алдым-жуттум. Кандуу ооз бөрү болуп, азыр журттун жүзүн карай албай калмакмын да (Сыдыкбеков). – Ай, койчу, ошолорду! Кандуу ооз карышкырлар эмеспи (Укаев). В.: Кандуу тумшук. Оңбоюн жаңы жырткыч кайра кандуу тумшугун матырып, чеңгелин арбайтып ачканын кара (Бейшеналиев).
Мал көп союлуп, эт-аш көп болгон, бака-шака түшкөн көрүнүш. Канча малын кырышып, Канды булоон кылышып («Манас», С. О.). Казан асып, эт салган, Канды булоон эл көрдүм («Эр Табылды»). Канды булоон союлган малдын саны жок (Сыдыкбеков). В.: Кандуу булоон. Тандап союп кандуу булоонго киришет (Осмоналиев).
Мал көп союлуп, эт-аш көп болгон, бака-шака түшкөн көрүнүш. Казан асып, эт салган, Канды булоон эл көрдүм («Эр Табылды»). Канча малды кырышып, Канды булоон кылышып (фольк.). Канды булоон союлган малдын саны жок (Сыдыкбеков).
1. Делебесин козгоо, ышкысын арттыруу. Анын ырынын сөзү да, обону да канды кызытчу (Борбиев). 2. Ачууга тийүү, жинди келтирүү. Анын керооздонуп сүйлөгөн сөзү Бектемирдин канын кызытып жиберди (Казакбаев).
КАНДЫ-ТОО — топоним. Манас төрөлгөндөгү жентек тою К.-Т-нун оюнда өткөрүлөт. Ал эпосто:
Канды-Тоонун оюна,
Кара-Суунун боюна,
Карап тургун калайык
Кан Жакып кылган тоюна (Сагымбай Орозбаков, 1. 79),
— деп Алтай чөлкөмүндөгү тоо катары сүрөттөлөт.
зат. Уч жагында тамеки салуучу кичине чөйчөкчөсү бар, оозго салуучу жагы ичкерээк келген тамеки тарткыч аспап, мүштөктүн бир түрү. Оозунда канжа бурулдап («Эр Табылды»). Жезекчиси көрүнөт, Канжанын оту жылтылдап («Эр Табылды»).
Тамеки салып тарта турган түтүктү билдирген бул сөз кытай тилинен кирген: канжа < ганцзы (Манас энциклопедия 1 1995:223). Алиги алтын канжанын, Аз болгондо капырай, Он жети байтал баасы бар» (Сагымбай Орозбаков).
КАНЖА (кыт. ганцзы) — тамеки салып тарта турган түтүк. Эпосто көбүнчө кытай-калмак баатырларынын (мисалы, Макел дөө, Коңурбай) түрү сууктугун, алптыгын көрсөтүү үчүн алардын өздөрүнө таандык опсуз зор буюм катары сүрөттөлөт.
Капчыгынан бу доңуз
Канжасын сууруп алганы,
Канжасына салганы
Алтымыш чейрек тамеки,
Аз бөксө болуп калганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 233).
Эпостогу сүрөттөөлөр боюнча К. колодон, алтындан жасалат: «Алтын найлуу чоң канжа, Жаткан экен дат басып, Найын жарып ат басып» (Сагымбай Орозбаков, 4. 276—277). Мындай К-нын баасы кымбат экени төмөнкү эпостун саптарынан көрүнүп турат: «Алиги алтын канжанын, Аз болгондо капырай, Он жети байтал баасы бар» (Сагымбай Орозбаков, 4.277). К-ны кыргыздар да колдонгондугу белгилүү. К. кыргыз тилине кытай тилинен кирген. Бул болсо кытай эли менен кыргыз элдеринде революцияга чейин маданий карым-катнаштардын болгондугун айгинелеп турат.
Тамеки салып тартууга ылайыкталган чөйчөкчөсү жана түтүгү бар, мүштөк сыяктуу буюм. Келин, кыздын ортосунда жылмайып, Кант карыя буркуратат канжасын (Токомбаев). Оозунда канжа бурулдап («Эр Табылды»). Алтын найлуу канжага («Семетей» С. К.).
КАН-ЖАЙЛАК — топоним. Манас баатыр Ала-Тоого жүрүш жасап, ата-бабанын туулуп өскөн жерин сырткы душмандардан бошотуп, Алтайдагы кырк үйлүү (уруу) кыргыз элин өз жерине көчүрүп келишин баяндаган окуяда айтылат. Эпосто «жер соорусу» аталган Талас өрөөнүндөгү мал чарбасына ыңгайлуу, климаты жагымдуу, табияты кооз, идеалдуу жер катарында сүрөттөлөт. Географиялык реалияда Талас өрөөнүндөгү жайлоо.
КАН-ЖАЙЛАК — топоним. Алмамбеттин атасы Азизкандын жайлоосу. Баласыз Азизкандын жакын туугандары Алооке уулу Коңурбай, Эсенкан уулу Бөрүкөз аны басмырлап К.-Ж-ты тартып алышат. Буга арданган Азизкан карыганда кайра үйлөнүп, ал аялынан Алмамбет төрөлүп, эрезе тартканда аны Коңурбайга өч алууга жиберет (Саякбай Каралаев, 2. 101 —137). Чоң казат мезгилинде кытай чек арасындагы К.-Ж. аттуу белди Коңурбайдын укмуштуу жаныбарларынын бири Куу түлкү кайтарып, кабарчылык милдет аткарат. Эпосто чай алуучу тоонун тумшугу катары сүрөттөлөт:
Билген жанга ал тумшук
Кан-Жайлактын бели ушул
Кароолго койчу түлкүнүн
Качып кетер жери ошол (Саякбай Каралаев, 2. 126).
Абдан аракет кылуу, бир нерсеге жетүү үчүн бүткүл күчүн сарптоо, жан-дили менен киришүү. Башка жумуштарын таштап, болуштукка кан-жанын салып киришкен эле (Укаев).
Абдан аракет кылуу, бир нерсеге жетүү үчүн бүткүл күчүн сарптоо, жан-дили менен киришүү. Башка жумуштарын таштап, болуштукка кан-жанын салып киришкен эле (Укаев). В.: Каны-жанын аябоо. Бир тыным албай, каны-жанын аябай, күчүн ушу айылды курууга жумшады (Жусупов).
зат. Курал катарында пайдалануучу эки миздүү, учтуу чоң бычак. Канжар менен Канкорлордон, Кан жуткуздум канчаны (Нуркамал). Жеңине каткан канжарды Чыгарып колго алды эми (Үсөнбаев). Калканды баштан жулушуп, Канжар менен урушуп («Эр Табылды»).
КАНЖАР — кооз кыны бар, кош миздүү, болоттон жасалган өтө курч бычак, эпосто көбүнчө согушта колдонулган курал катары сүрөттөлөт: «Канжарлуу канжар алышты, Капташып кетип эки кол, Кайрыла албай калышты» (Сагымбай Орозбаков, 2. 139). Ошону менен катар эпосто К-ды уруш маалында гана эмес, күндөлүк турмушта ар бир адам (аял киши деле) тагынып (байланып, асынып) жүрө турган коргонуч курал катары айтылат. Мисалы, Манас Каныкейге күйөөлөп барып, анын койнуна жашырнып кирмек болгондо Каныкей канжарлуу жүргөнү сүрөттөлөт: «Айтып аны кан кызы, Атемирдин жалгызы Алды канжар колуна» (Сагымбай Орозбаков, 2. 402). Археологиялык казуулардын негизинде К. кыргыздарда да болгону аныкталган. Араб тилинен алынган К. деген сөз «Манас» эпосуна кыргыздар Орто Азия аймагына келгенден кийин кирген болуу керек.
Эки жагы миздүү келген, саюуга колдонулуучу чоң бычак. Жонуна келип күрс этти канжар, Оргуштап агып төгүлдү кандар (Осмонов). Колуна канжар алып, Белине балта байланып (Борбугулов).
КАНЖАР КОЛ — жоокерлердин куралсыз мушташа билген тобу. Эпостогу кытай аскерлеринин бул түрү жаш кезинен атайын машыктырылат, машыгуусун адегенде эң жөнөкөй дене тарбия (гимнастика) жасоодон баштап, бара-бара дем алуунун ар кандай ыкмаларынын жардамы менен бүт ой-дилин, энергиясын, күчүн жана бардык салмагын денесинин белгилүү бир бөлүгүнө (бут, кол, чыканак, тизе, чеке, жамбаш, ич, манжалардын учу жана башкалар) топтой алууга үйрөнүшөт; ылайды, дубалга кадалган кийизди, тактайды ургулап-тепкилөө жана туура дем алуу, ой-дил мүмкүнчүлүгүнүн ачылбай жаткан ички жигерин пайдаланууга багыттап машыгуунун натыйжасында жоокердин буту-кол, чыканак, тизе, чеке, ич, манжалардын учтары жана дененин башка бөлүктөрү уруш маалында таштай катуу же өзгөчө ийкемдүү абалга келет. Абдан машыгып, дасыккан жоокерди сайган найза, чапкан кылыч сынып калган учурлар болот. Мындай жоокерлер арстан, жолборстун акырегин оңой эле сындыра тээп, буура, бука, айгырдын курсагын колунун учу менен жыра сая алышкан. Эпостун «Манас» бөлүгүндө К. к-дор калмак, кытайлардын баскынчы жортуулдарына катышкан аскерлердин (жоокерлердин) тобу сүрөттөлөт: «Темир аркан торчону Каптап уруш салды эми. Тегиз канжар колчону Тегиз кирип урушту» (Саякбай Каралаев, 1.89).
С. Карагулов
1. Бири-бирине абдан үйүр алышып, жамандык-жакшылыгы да бирге болуп, сиңишип кетүү. Алардын анчалык деле каны-жини аралаша элек болсо керек («Чалкан»). 2. Иретсиз, баш аламан, ыпылас абалда болуу. Каны-жини аралашып калган тура («Чалкан»).
Чоң жол, ары-бери каттоо мүмкүнчүлүгү кеңири болгон чоң, даңгыр жол. Сабыр атынын башын буруп кан жолго тартты (Жусупов). Биз бала кезде чоң апа кан жол менен кыштактын ортосунда почточу болуп кат-кабар ташыды (Жусупов).
Эл тынымсыз жүрүп турган, ары-бери каттоо мүмкүнчүлүгү кеңири болгон чоң, кенен жол. Сабыр атынын башын буруп кан жолго тартты (Жусупов). Биз бала кезде чоң апа кан жол менен кыштактын ортосунда почточу болуп кат-кабар ташыды (Жусупов). Мамлекеттин улуу кан жолундагы транспорттун журүшүнө эч кандай ысык таасир эте албайт (Айтматов).
Көргүлүктү көрсөтүү, катуу кайгыга салуу, абдан кыйноо, өтө жакын адамдарынан ажыратып, чоң кырсыкка дуушар кылуу. -Суусунбу? Кан жуткурам сага! (Осмоналиев). Калпа көркоо калкка кан жуткуруп, кайгыга чөмүлтүп жаткан тура (Бейшеналиев). Көркооңдун көзүндө огу болсо мени кан жуткуруп атууга белен (Бейшеналиев).
Көргүлүктү көрсөтүү, катуу кайгыга салуу, абдан кыйноо, өтө жакын адамдарынан ажыратып, чоң кырсыкка дуушар кылуу. – Суусунбу? Кан жуткурам сага! (Осмоналиев). Калпа көркоо калкка кан жуткуруп, кайгыга чөмүлтүп жаткан тура (Бейшеналиев). Көркооңдун көзүңдө огу болсо мени кан жуткуруп атууга белен (Бейшеналиев). В.: Кан жуткузуу. Бай, манаптар жалаа менен дыйкандарды курмандыкка чалышып, катын-баласын кан жуткузуп какшатууда (Бейшеналиев).
Жан күйөр адамынан ажырап оор кайгы тартуу, күйүттүү болуу. Ата-энемден тогуз жашымда ажырап, зар какшап, кан жуттум эле (Жантөшев). Кантээр айла таба албай, Кан жуткансың ичиңде (Токтогул). Кайгы аралаш кызыл кан, Жутуп турган кезидир («Семетей»). Өткөн кармашта капилеттен окко учуруп, кан жутуп ажыраган айбаттуу агасы Шеримбегин эскерткендей кабылдады (Бейшеналиев). Кан жутуп, кайгы тартты калың эли (Мидин).
Күйүмдүү адамынан ажырап оор кайгы тартуу, күйүттүү болуу. Ата-энемден тогуз жашымда ажырап, зар какшап, кан жуттум эле (Жантөшев). Кантээр айла таба албай, Кан жуткансың ичиңде (Токтогул). Кайгы аралаш кызыл кан, Жутуп турган кезидир («Семетей»). Өткөн кармашта капилеттен окко учуруп, кан жутуп ажыраган айбаттуу агасы Шеримбегин эскерткендей кабылдады (Бейшеналиев).
торока; кол канжыга торока, прикрепляемые впереди седла; канжыгага байла- или канжыгага чал-приторочить; досуңдун тоогун алсаң, канжыгасына каз байла погов. если ты взял у друга курицу, привяжи ему в торока гуся; баш канжыгада, кан көөкөрдө погов. иду на смерть (букв. голова в тороках, кровь в бурдючке, т.е. иду на то, что враг, отрезав, приторочит мою голову и наберёт в бурдючок моей крови); башың канжыгага кетсе, кеткенин көрөрмүн если ты будешь убит (букв. если твоя голова окажется притороченной), посмотрю (что будет дальше); жоо жолунда ар башы канжыгада болучу фольк. молодец всегда готов сложить голову в борьбе с врагом (букв. голова молодца в тороках на пути врага); канжыгадан баш чеч- победить врага (букв. отвязать голову из тороков); колдон намысты кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек погов. чем честь потерять, лучше голову отдать; канжыга жол тропинка.
зат. Буюмду байлап алуу же бөктөрүү үчүн ээрдин эки капталынын арт жагына тагылуучу боо. Аманат койгон нокто эле, Канжыгаңа чала кел («Манас»). Бир кыргоол менен коён менин канжыгамда (Каимов).
¨Канжыгажол— жалгыз аяк жол, ичке жол.
«Канжыгасы кабат», «Куу канжыга» (эл сөзү). Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ат үстүндө ар кандай нерсени байлануу жана бөктөрүү үчүн ээрдин арткы эки чагаракка «чаян түйүлгөн» жарым кулачтай ичке кош кайыш. Аны ийленген кайыштан тилет да, кез-кез майлап турат. Көчкөндө бешикти, же баланы өзүнчө өңөрүүдө аялдардын ээринин эки капталынын алдыңкы четине да атайын жазы кайыш тагылган. Олжолуу адамды «кош канжыгалуу» деп айтат.
Бир нерсени байлоо, бөктөрүү үчүн ээрдин эки арткы капталына тагылган кайыш боо. Султан капкандарын канжыгасына байланып, Сары-Булактын жонун көздөй жөнөдү (Каимов). Кара кочкул кан агып, Канжыгага байланды (фольк.).
то же, чтоканаат; каниет кыл- удовлетворяться; оттоп, каниет кылбаган сугалак мал прожорливая скотина, которая не насыщается подножным кормом; алар бул акчаларга каниет кылган жок этой суммой они не были удовлетворены (букв. они этими деньгами не удовлетворились).
канаат менен бирдей. Берген кезде тилегиңди Жараткан, Каниет кылуу сенин жообуң ага айткан (Баласагын). Кечке көк оттоп каниет кылбаган сугалак малды көр? (Сыдыкбеков). Жакшы адамга бир эле жолугуп, маектешүү канчалык жаныңа каниет (Бейшеналиев). Өткүрмүш – байлыкка, мансапка кызыкпас, кумарга алданбас каниет ысымы (Сыдыкбеков).
ар. удача; удобный момент; убакты канимет билип улучив удобный момент; считая момент удобным; тирүүлүгүң - канимет, менин жайым уга кет фольк. что ты жив - это (уже) удача, послушай о моём положении.
Киши өлтүргүч, канкор, ырайымсыз, мыкаачы, зулум. Эгерде комсомол, бул кан ичкич залимдерге каршы болсо, мен ага жазылып алсам болмок экен (Баялинов). Кыларын кылып коюп кан ичкичтер, Жылмайып четте гана аман калды (Турусбеков). В.: Кан ичер. Ат коюп алыс карап, мылтык атып, Басмачы кан ичерлер келе жатты (Шамшиев). Кан ичер жоону жеңүүгө, Камданып чыккан калкымдан (Бөкөнбаев). Кан ичме. Шаймердендин кан ичмеси кармап, калтаарыды (Сыдыкбеков). Калтырбай жинин жайнаткын, Сен кан ичмеңди карматкын, какбаш («Эр Төштүк»). Өрттөй көзү бек жайнап, Кан ичмеси чын кармап («Манас»).
Киши өлтүргүч, канкор, ырайымсыз, мыкаачы, зулум. Эгерде комсомол, бул кан ичкич залимдерге карты болсо, мен ага жазылып алсам болмок экен (Баялинов). Кыларын кылып коюп кан ичкичтер, жылмайып четте гана аман калды (Турусбеков).
к. КАН ИЧКИЧ
Шаймердендин кан ичмеси кармап, калтаарыды (Сыдыкбеков). Калтырбай жинин жайнаткын, Сен кан ичмеңди карматкын как баш («ЭрТөштүк»). Өрттөй көзү бек жайнап, Кан ичмеси чын кармап («Манас»).
1. Зар кагуу, зарлаган кейиштүү абалда болуу. Кан какшап басмачынын азабынан, зарлады муңга батып далай бейбак (Шамшиев). Көп сандаган үй-бүлөлөр кан какшап, багар-көрөр кишиси жок темселеп калышты (Абдукаримов). Байкуш Сабира жегени желим, ичкени ирим болуп, кан какшап жургөн имиш (Абдукаримов). 2. Кайра-кайра, улам-улам айта берүү. Кетип жатат туш-тушка, кан какшап үгүттөп отуруп ээ боло албай жатабыз («Ала-Тоо»). Энеси машинага чыгып «Тарастан айрылба деп ыйлап, Ленага кан какшап айткан» (Баялинов). 3. Зыркырап-сыздап ооруй берүү, жан кейите аябай ооруу. Бүгүн менин буту-колум кан какшап ооруйт, күн бүркөө болгондуктан болсо керек («Ленинчил жаш»).
1. Зар кагуу, зарлаган кейиштүү абалда болуу. Кан какшап басмачынын азабынан, зарлады муңга батып далай бейбак (Шамшиев). Көп сандаган үй-бүлөлөр кан какшап, багар-көрөр кишиси жок темселеп калышты (Абдукаримов). Байкуш Сабира жегени желим, ичкени ирим болуп, кан какшап жүргөн имиш (Абдукаримов). 2. Кайра-кайра, улам-улам айта берүү. Кетип жатат туш-тушка, кан какшап үгүттөп отуруп ээ боло албай жатабыз («Ала-Тоо»). Энеси машинага чыгып, Тарастан айрылба деп ыйлап, Ленага кан какшап айткан (Баялинов). 3. Зыркырап-сыздап ооруй берүү, жан кейите аябай ооруу. Бүгүн менин буту-колум кан какшап ооруйт, күн бүркөө болгондуктан болсо керек.
Кандуу майданга катышуу, кан төгүлгөн катуу согушта болуу, урушта болуу. Мен мында курал кармап канды кечип, Салыштым душман менен эчен ирет (Абдыраманов). Кан кечсек өз-өз ара болдук жөлөк, Бир гана жеңсек дейбиз ой жок бөлөк (Абдукаримов).
Кандуу майданга катышуу, кан төгүлгөн катуу согушта болуу, урушта болуу. Мен мында курал кармап канды кечип, Салыштым душман менен эчен ирет (Абдыраманов). Кан кечсек өз-өз ара болдук жөлөк, Бир гана жеңсек дейбиз ой жок бөлөк (Абдукаримов). В.: От кечүү. От кечип кан майданда болдук эчен (Турусбеков). Өрт кечүү. Өрт кечип, көрбөгөндү көрүп, аман келген экен, кайран досум («Ала-Тоо»).
миф. Эки баштуу бүркүт. Ушундай коркунучтуу кыямат-кайым болуп, жүрөктү түшүргөнүн көрүп турса да, Кан-кирети менен Аргыланг деген жаныбар Бөрүс кан бабабыздын изги тилекке, үзүлбөгөн үмүткө жасаган чоң кайыгына түшпөй коюптур (Субанбеков).
канкор I кирг.- ир. кровожадный, жестокий; кровопийца, хищник; кара сууга кан куйган бир канкорду тууган белем дейт фольк. она, как посмотрю, родила кровожадного, который проливает кровь (букв. который льёт кровь в воду). канкор II (обычно смешивается с канкор I, см.) молодец, храбрый, герой (часто встречающийся эпитет богатыря Манаса; ср. монг. хонгор); канкор болсоң, шер болсоң, тууганга көздү салыңыз фольк. если ты молодец, если ты богатырь (букв. лев), окажите внимание родичу.
Кыргыз тилинде канкор деген эки омоним сөз бар. Биринчиси кан деген сөзгө иран тилдериндеги –кор мүчөсүнүн жалганышы менен жаралып, «кан ичер, кан ичкич» деген маанини билдирет: «канкор I кирг.-ир. кровожадный, жестокий; кровопийца, хищник; кара сууга кан куйган бир канкорду тууган белем дейт фольк. она, как посмотрю, родила кровожадного, который проливает кровь (букв. который льёт кровь в воду)» (Юдахин 1965:340). Экинчиси «баатыр» маанисин туюндурат жана монгол тилдеринде «хонгор» деген паралелли бар: «канкор II (обычно смешивается с канкор I, см.) молодец, храбрый, герой (часто встречающийся эпитет богатыря Манаса; ср. монг. хонгор); канкор болсоң, шер болсоң, тууганга көздү салыңыз фольк. если ты молодец, если ты богатырь (букв. лев), окажите внимание родичу» (Юдахин 1965:340). Жогоруда белгиленгендей, айрым учурда бул эки омонимдин маанилери чаташып кетет. Мисалы: Кан ичип жүрүп катыгат, Өзү канкор Манас аталат (СК 1:124). Айрым окумуштуулардын ою боюнча, «Манас» эпосундагы Коӊурбайдын аты жогорудагы «хонгор» сөзү менен байланыштуу.
КАНКОР — Манастын кайратмандыгын, эр жүрөктүүлүгүн, казаттарда жеңилбестигин туюндурган баатырдык эпитет. Бул терминдин мааниси абдан кенен. К. моңгол тилинде «хонгор» деп айтылып, сүйкүмдүү, аздек, ажарлуу, даңктуу деген маанилерди билдирет. Калмак тилиндеги «кангор» кыргызча — баатыр. Б. Юнусалиев манасчылар тарабынан К. бурмаланып, «кан ичкич» маанисинде да айтылып калгандыгын белгилеген (Б. Юнусалиев, Тандалган эмгектер, 1985, 441). Моңгол фольклорун изилдөөчү Г. О.Санжеев «Манас» эпосундагы К-ду моңголдун «хонгор» деген сөзүнөн алынгандыгын белгилейт. Академик В. В. Бартольд иран тилинде да «Хункор» деген сөз «төрө» же «башчы» деген мааниде колдонулгандыгын көрсөткөн. К. «кан ичер» деген мүнөздөмө түпкүлүгүндө каймана, ошондой эле түз маанисинде болгон деген көз караш бар. Бул көз караш боюнча адам көп кудайга сыйынган доордо К. кудай деген түшүнүк болушу мүмкүн. Байыркы адам кудай кан менен оокат кылат деп ишенген, кудайга арнап курмандыкка адам, кийинчерээк мал чалган. Эпостун азыркы күндөгү айтымдарында да «кан ичмеси кармады» деген сыпаттама көп учурайт. Кара жини кармаганда эч кимге ээ-жаа бербей, кишини тааныбай калат, кан төкмөйүнчө эсине келбейт. Мунун баары бир кездеги «кан ичер» кудайдын образынын белгилеринин калдыктары. Манас манихей дининин кудайларынын пантеонуна кирген деген көз караш да бар.
С. Алиев
Адамга ырайымы жок мыкаачы, кан ичкич. Кантип чыдап жатабыз, Канкорду кармап сойбосок (Тоголок Молдо). Канкор, кааласаң бышырып же (Токомбаев). Сейит бычак салыптыр дейсиңби? Эй, канкор, бузуку! (Сасыкбаев).
Эпостук чыгармалардагы оң каармандардын баатырлыгын, эрдигин билдирүүчү туруктуу эпитет. Канкорум деп, шерим деп, Көргөнү келдим ой, аба! («Сейтек»). Канкоруң атаң Манастын Калтырып кеткен кылычы («Семетей»). Канкорун бүгүн көмгөнсүп, Чыңырып үндү салды эми («Сейтек»). Өзү канкор Манас аталат («Манас» С. К.).
КАНКУУ — эпизоддук кейипкер. Кашкардын беги, калмак. Мурун Манасты таап келүүгө жиберилген кырк төөдөгү мал-пулу менен ың-жыңсыз жоголгон кишилеринин дайнын иликтөөгө, Манасты издетүүгө тогуз жүз аскер менен Нуукерди жөөнөтүп жатып Эсенкан: «Кашкардын беги Канкууга» да барып сураштыр дейт (Сагымбай Орозбаков, 1. 269). Бул антропонимдин төркүнү моңгол тилинде азыркы мезгилге чейин колдонулуп келген Ганхүү антропоними менен өзөктөш жана ган(г) (болот) жана хүү (бала, уул, уул бала) деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн.
Алаамат болгон, ажал менен арбашкан уруш, катуу салгылаш. Эл элкин ыракаттана жашай баштаганда, карабайсыңбы, каргашалуу кан күйгөн согуштун башталганын (Абакиров).
Алаамат болгон, ажал менен арбашкан уруш, катуу салгылаш. Эл элкин ыракаттана жашай баштаганда, карабайсыңбы, каргашалуу кан күйгөн согуштун башталганын (Абакиров). В.: Кан күйгөн жер. Кан күйгөн жерден алты-саны аман кайтып келген атаңды, анын досу Алдакулду чакыргыла («Ала-Тоо»).
Аябай кан төгүлгөн катуу кыргын болуу. Таңга маал катуу атышуу болуп, кан күйүп кетти (Сасыкбаев). Кан күйүп, кырчылдаш күчөгөн кезде баруусу зарыл (Бейшеналиев). Тыякта жер өрттөнүп, кан күйүп жатса, буякта шапар тээп, сайраңдап жүргөндөр бар (Абдукаимов).
Катуу кыргын болуу, кан төгүлүү. Таңга маал катуу атышуу болуп, кан күйүп кетти (Сасыкбаев). Кан күйүп, кырчылдаш күчөгөн кезде баруусу зарыл (Бейшеналиев). Тыякта жер өрттөнүп, кан күйүп жатса, буякта шапар тээп, сайраңдап жүргөндөр бар (Абдукаимов).
Делебени козгоо, дүүлүктүрүп, жүрөктү алып учуруу. Майдандаштарың жер дүңгүрөткөн командалардын коштоосунда кан кызыткан атакалардын шарданында селдей каптап батышка кетип баратышат (Жигитов).
Делебени козгоо, дүүлүктүрүп, жүрөктү алып учуруу. Майдандаштарың жер дүңгүрөткөн командалардын коштоосунда кан кызыткан атакалардын шардаанында селдей каптап батышка кетип баратышат (Жигитов).
Өмүр менен өлүмдүн арбашкан жери, кан төгүлгөн согуш, уруш, катуу салгылаш. Аңгыча согуш чыгып, эр-булөнүн баары туп көтөрө кан майданга аттанды (Өмүрбаев).
Кан төгүлгөн согуш, салгылаш, уруш. Баскынчы жоолорго каршы кан майданга көтөрүлүү даярдыгы башталды (Бейшеналиев). Аңгыча согуш чыгып, эр-бүлөнүн баары түп көтөрө кан майданга аттанды (Өмүрбаев).
м. канон (1. эреже, негизги принцип, үлгү; 2. бир доор үчүн үлгү деп эсептелген художниктик ыктар же эстетикалык эрежелердин жыйынтыгы; 3. үндөрдүн айкалышууларынын бир түрү).
1. Эреже. 2. Диний жоболор, чектөөлөр. 2. Тигил же бул доордун искусствосундагы зарыл деп эсептелген көркөм ыкмалардын жана эрежелердин тутуму. 4. Эки же андан көп үндүн бир кайрыкты эле биринин артынан бири кайталоочу музыкалык форма.
~, ая, -ое: канонерская лодка канонердик кайык (бир нече замбирек менен жабдылып, деңиздин жээгине жакын жерде же дарыяда аракет кылуучу кичирээк кеме).
к. КАН ИЧКИЧ
Жашасын эзилген эмгекчилер, жоголсун кан соргуч залимдер (Жантөшев). Жабыр көрдук бир далай, Кан соргучка жем болуп (Тоголок Молдо). Аркы чоң араандуу кан соргучтар кыбаасы кана Калпанын эрдигин даңазалашууда (Бейшеналиев).
Эзүүчү, адамдардын алын күчүн, ден соолугун ж. б. бардыгын жумшап, өз жумушун кылдырган киши, бийликтүүлөр. Жабыр көрдүк бир далай, Кан соргучка жем болуп (Тоголок Молдо). Жашасын эзилген эмгекчилер, жоголсун кан соргуч залимдер! (Жантөшев). Жабыр көрдүк бир далай, Кан соргучка жем болуп (Тоголок Молдо). Аркы чоң араандуу кан соргучтар кыбаасы кана Калпанын эрдигин даңазалашууда (Бейшеналиев).
Өңүндө кызылы жок, боп-боз, кубарып кумсарган. Гулайым кан-сөлү жок бозоруп жаак эти шимилген (Бейшеналиев). Балдагын өңөргөн, бетинде кан-сөлү жок, отуздарга жакындап калган солдатты аттан көтөрүп түшүрүштү (Абдукаимов).
Өңүндө кызылы жок, бопбоз, кубарып кумсарган. Гүлайым кан-сөлү жок бозоруп жаак эти шимилген (Бейшеналиев). Балдагын өңөргөн, бетинде кан-сөлү жок, отуздарга жакындап калган солдатты аттан көтөрүп түшүрүштү (Абдукаимов).
этиш. 1.Кандын көп агышынан алы кетүү, алсыроо. Токтолбой бир аздан соң кан куюлуп, Эр Төштүк кансырады, эстен танды (Маликов). Ашыр кансырап жаткан Ивановдун башын жөлөп олтура калды (Сасыкбаев).
2.өт. Кан төгүүнү, бирөөнү өлтүрүүнү каалап туруу. Оолуккан, кансыраган карышкырлар Уялбай бута ордуна адамды атты (Маликов).
1. Кандын көп агышынан алсыроо, алы кетүү. Кансырап араң жаткан бирин таптык (Үмөталиев). Аягы сынып алсырап, Башы айрылып кансырап («Манас»). 2. өт. Кан төгүүнү, бирөөнү өлтүрүүнү каалоо, эңсөө. Кансыраган иттердин Канына сөөгү жуулду (Осмонкул). Оолуккан, кансыраган карышкырлар Уялбай бута ордуна адамды атты (Маликов).
кант I ар. сахар (обычно - рафинад); машине кант разг. сахар пилёный; чакмак кант сахар кусковой или пилёный; кант токоч разг. печенье кондитерское; кант кайнатуу сахароварение. кант- II, канет- (т произносится мягко) как поступить, что сделать; атты кантти? как он поступил с лошадью? что он сделал с лошадью? куда он девал лошадь? кантер экен? как-то он поступит? что он будет делать? куда денет? кантем? как мне быть? как мне поступить? куда мне девать? куда мне деваться? канетип или кантип как, каким образом; кантип эле билбейин! а как же мне не знать-то (конечно же, знаю) !; кантип эле ушундай болсун?! да не может быть?! (вопрос с оттенком удивления); кантели эми? что нам делать?, как поступить теперь? канткенде да как бы там ни было; во всяком случае; канткенде жакшы болот? как лучше сделать? как сделать, чтобы было лучше? капаланып калгамы, кантерин билбей турганы фольк. (вот) он опечалился и не знал, как поступить; кантерге айла табалбай, келе жатат ашыгып фольк. не зная, какой найти выход, едет он спешно; кантиш керек? как нужно поступить? что нужно сделать?
Iзат.1. Кийимдин жээгине же тигишине бастырылган түстүү жип.
2. Сүрөттүн, таблицанын жээгине рамка сыяктуу жабыштырылган тилке,
КАНТIIзат.1. Кызылчадан жана кант камышынан иштелип чыгуучу, ак түстүү кристалл түрүндөгү азык-түлүк катарында колдонулуучу таттуу зат. Сыргажан казган кызылча Заводдон чыгып кант болду (Осмонкул). Планын ашык толтуруп, Буттап шекер кант алган (Нуркамал).
2.өт. Таттуу, ширин, кызык. Эң назик.. сага окшогон орой эмес, Жүзү ачык, сөздөрү алтын, тили кант-бал (Осмонов). Кайгыны мынча не салдың, Кант уйкумдан ойготуп (Тоголок Молдо).
КАНТIIIэтиш. Кандай Кылуу, эмне кылуу, кандай этүү. Атты кантти?
1. Кызылчадан же кант камышынан иштетилип алынган, ак кристалл түрүндөгү таттуу азык заты. Кары кемпир, чалдарга кант салган кара чай кызык (Токтогул). Эт, сары май, сүт берип, Кантты, нанды бүт берип (Үмөталиев). Балдары аман болуп, тукуму өсүп, Кант, шекер, бал татысын ичкен чайы (Осмонов). 2. өт. Өтө таттуу, ширин, даамдуу. Өзөгү – бал, өзү – кант, Чөбү сонун Суусамыр (Барпы).
кантала I ир. клоп. кантала- II покраснеть, получить кровоподтёк (напр. от побоев); налиться кровью (о глазах от долгого сна или злобы); бети канталаган у него лицо в крови; башы, көзү канталап, качып барат анталап фольк. голова и глаза его окровавлены, он стремительно бежит.
Башка организмдин канын соруп жашоочу кичинекей мите. Канталага талатып, Кашынгандар андан көп (Казыбек). Кантала, бүргө уктатпайт, Сүлүктөй сорду канымды (Бөкөнбаев).
Катуу нерсенин тийишинен, кан тамырлары жарылып, кандын жайылышынан улам дене кызарып көрүнүү. Аттын тиши тийген жерди чечип көрдү, канталай түшүптүр (Байтемиров). Кызарып бети канталап, Коңурбай турат анталап («Манас»). Көзүнүн агы кыпкызыл болуп канталап турганын байкады («Ала-Тоо»).
диал. Топ чүкөнүн бирөөнү «кан» кылып, калгандарын бөк-бөк, чик-чик, алчы-алчы, таа-таа кылып атып, «кан» таа түшсө, талап ойногон оюндун аты. Келгиле, канталамай ойнойлу.
КАН ТАЛООН — артында эрезеге жеткен туягы жок кан өлгөндө анын малы-башын талап кетүү салты. Бул байыркы замандагы салт «Манас» эпосунда да эскерилет: «Кайран көзүм жумулса, Кан талоонун кылдырбай, Кайтарып алчу неме ошол» (Курама варианты, 2. 293). Манас өлгөндө анын мүлкү К. т-го түшкөн. Ошондон улам Каныкей Семетейди төркүнүнө алып качып кеткен да, агасы Ысмайылга бала кылып берип аман чоңойтот.
КАН ТАРТУУ — достошом деп келгенге ызат көрсөтүү менен алдына ашкан күлүк ат, кымкап тон, мыкты жоо-жарак тартуулоо салты. К. т. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири сүрөттөлүп, Алмамбет Манаска келгенде Аккула баш болгон тогуз күлүк, Аккүбө тон, Аккелте мылтык, Сырнайза, Ачалбарс кылыч тартуу кылып тосуп алышат. Ошондо акылга дыйкан Алмамбет айкөл адамга кез келгенине ыраазы болуп:
Аккула Манас аты экен,
Кара жанын өлчөгөн,
Кас тулпарын мингизген,
Ашкере чыккан март экен
Аккүбө Манас тону экен.
Азыркысын сүйүнүп,
Мага кылган жолу экен.
Аккелте Манас мүлкү экен,
Байкаап турсам, Сарала ат
Мага ылайык жылкы экен (Сагымбай Орозбаков, 2. 321),
— деп Манас баатырдын буюмдарын кайрып берип, өзүнө ылайыктууларын гана алат.
~: кантемир огу камень, который, по поверью, падает с молнией; кантемир огун сүрттүрүп, кабылдаган жараны кайра таңып салды эми фольк. приказав натереть кантемир'ом, он опять перевязал разболевшуюся рану.
КАН-ТОО — топоним. Алтайдагы Жакыптын тургун жери. Эпосто Манастын ордо ойногон жана Эсенкандын соодагер-тыңчылары бала Манасты издеп келип, өзүлөрү катылып, ажал тапкан жер катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 73, 165).
1. Катуу кыргын болуу, өлүү. Кыялында кан төгүлүп жаткан майданга аралашты (Мырзаев). Үч жылдан бери кырылышып, кырылышып, кандары төгулүп жатат (Осмоналиев). 2. Өлүү, ажалы жетүү. Мүмкүн башың кесилип, каның төгүлөр (Жантөшев).
1. Аябай кыргын салуу, өлүмгө учуратуу, талкалоо. Каарданып алыпсың, Канымды төксөң мен мына («Манас»). Каарданып алыпсың, Канымды төксөң мен мына («Манас»). Кара кытай манжу журт, Кармашса канын төгөм деп («Манас»). Кан төгүүдөн аянбас, жакыны жок жалгыздын (Осмоналиев). 2. Өлүү, ажалы жетүү. Мүмкүн башың кесилип, каның төгүлөр (Жантөшев).
Аябай кыргын салуу, өлтүрүү. Каарданып алыпсың, Канымды төксөң мен мына («Манас»). Кара кытай манжу журт, Кармашса канын төгөм деп («Манас»). Кан төгүүдөн аянбас, жакыны жок жалгыздын (Осмоналиев).
КАН ТҮШҮШ — кандын канга моюн сунуп достошуп келгендеги аттан түшүш салты. К. т. дос болгондуктан да белгиси болуп, тосуп алган тараптан аттан түшкөн канга кан тартуу, ат чабыш өңдүү ызаттар көрсөтүлгөн. «Манаста» Алмамбеттин келишиндеги К. т. тиешелүү шаан-шөкөттөрү менен аткарылганы сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 320—332).
Мыкаачы, зулум, канкор, тажаал. Касымбектей кан тырмак көркоолорго да жазган балээ бардыр (Бейшеналиев). Ордолуу Келдибек тукуму илгерки кан тырмак ата-бабаларынын доорундагыдай алыстан кекетип-мокотушту (Бейшеналиев). В.: Кан чеңгел. Тобо, кезегинде кан чеңгел Мусакожо, Калпа манаптар күчтүү эле (Бейшеналиев). Кан чеңгел канкорлорго ал экөө тең жек көрүнчү (Бейшеналиев).
Мыкаачы, зулум, канкор, тажаал. Касымбектей кан тырмак көркоолорго да жазган балээ бардыр (Бейшеналиев). Ордолуу Келдибек тукуму илгерки кан тырмак ата-бабаларынын доорундагыдай алыстан кекетип-мокотушту (Бейшеналиев).
Өчмөндүү жоосун аёосуз кырып жок кылуу, көксөөнү суутуу үчүн өлгөн душманынын канын ууртоо. Көкчө көздүн кара кан, Кошколдоп ууртап кочуштап, Жутуп-жутуп алды эми. («Семетей» С. К.).
сколько; канчада? сколько лет? (в каком возрасте?); канча бири многие из них; канча бири кырылган фольк. многие из них были уничтожены; алда канча значительно, много; алда канча күчтүү болуп чыкты он оказался куда сильнее; ар канча сколько бы ни; бир канча несколько, много; канча кылган менен как бы там ни было, как ни говори (а...).
ат.1. Бир нерсенин санын, эсебин суроо үчүн колдонулат. Канча киши? Канча жашта? 2.өт. Көп, нечен, бир топ. Канча жылы көрбөгөн, Калкым аман барсыңбы? (Токтогул). Аралап канча жерлерди, Айлына барды далайдын (Үсөнбаев).
1. Кандайдыр бир нерсенин эсебин, санын суроо үчүн колдонулат. Канча бала? Канча киши? Канча сом? Ата, сен канча жашка келдиң эле? (Шамшиев). 2. Көп, бир нече, нечен ирет, далай жолу. Канча жыл жүрдү кайгырып, Бир балага зар болуп («Манас»). Күн бөксөрүп, ай өттү, Арадан канча маал өттү? («Эр Төштүк»). Какшып жаткан канча жыл, Чөл көгөрдү куруудан (Бөкөнбаев). Канча сурап жүрдүм, бир да жолу эсиңе албадың го, жигит! («Чалкан»).
сколько, насколько; канчалык аракет кылсак да сколько мы ни старались; несмотря на все наши старания; алда канчалык жогору значительно выше; бир канчалык убакыт өткөндөн кийин по прошествии значительного времени; биз канчалык кечикпесек, иш ошончолук жакшы болот чем меньше мы запоздаем, тем (дело) будет лучше; канчалык айтсам, укпады фольк. сколько я ни говорил, он не слушал; бул кудуктун тереңдиги канчалык бар? какова глубина этого колодца? канчалык айткан менен да сколько ни говори.
1. Канчага чейин, канча өлчөмдө. Канчалык көп иштесек, ошончолук көп байлык табабыз («Ала-Тоо»). 2. Канча менен бирдей. Бу баланын чамасы канчалык болду экен? («Чалкан»).
к. КАН ТЫРМАК
Тобо, кезегинде кан чеңгел Мусакожо, Калпа манаптар күчтүү эле (Бейшеналиев). Кан чеңгел канкорлорго ал экөө тең жек көрүнчү (Бейшеналиев).
КАНЧОРО — эпостун «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндөгү негизги каармандардын бири. Чубактын баласы. К-нун акыры Семетейге кас болушу көпчүлүк семетейчилерге таандык салттык көрүнүш. Айтуучулар К-ну ар дайым Күлчоро менен бирдикте Семетейдин акын тууганы катары көрсөтөт. Душманга каршы согуштарда К. да Күлчоро сыяктуу активдүү ролдордун бирин аткарат. Семетей экөөнү тең жогору санап:
Канчоро менен Күлчоро —
Өөдө тартса өбөгүм,
Ылдый тартса жөлөгүм.
Астыга салса ак жолум,
Айдап жүрсө сан колум,
Болоттон кылган сом балтамм,
Болжолу жок чоң аркам (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 557инв., 278-б.),
— деп сыймыктангандыгы бекеринен эмес. Бирок, андагы айрым адамдарга таандык ич тардык сапат бара-бара күчөп отуруп, ачык эле душмандыкка айлангандыгынан улам, эпостун «Семетей» бөлүмүндө терс каарманга биротоло өтөт.
Эпосто К-нун терс кыялы өтө ырааттуу, ишенимдүү далилдер менен мотивделип отурат. Манасчылар Семетей менен эмчектештик салтын айтканда К. эмген эмчектен бекеринен кан чыкты дешпейт. Мындай белгилер К-нун кийин терс каарманга өтүшүнөн шек туугузбайт. Чыккынчы К-нун портрети Саякбайдын «Семетейинде»:
Каарланып сүксүйүп,
Кайраттанып үксүйүп,
Ачылган ороо көздөнүп,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Эки бети салаңдап,
Эки даңгыт тойгудай.
Каарланса кутургур
Кармашканды сойгудай (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 952инв., 644-б.),
— деп чыныгы эпикалык сырткы душмандардай мүнөздөлөт. Бул образдын көркөмдүк таасири анын адамдык сапаттарынын, мүнөзүндөгү татаал бурулуштардын акырындап, ырааттуу сүрөттөлүшү менен түшүндүрүлөт. К-нун образынын биротоло калыптанышы эпостун өнүгүшүнүн кийинки учурларына таандык. Аталарынын адилет иштерин уланткан Семетей менен Күлчородон кара өзгөйлүгү, терс мүнөзү менен кескин айырмаланып, К. эпостогу экинчи сюжеттик өзөктүн өөрчүшүндө белгилүү ролду аткарып турат. Бардык варианттарда Семетейдин өлүмү же кайып болушу. К-нун чыккынчылыгы менен түздөн-түз байланыштырылат. Тоголок Молдонун вариантында ал Семетейди балта менен башка уруп өлтүрүп (Кол жазмалар фондусу, 1078-инв.), бийликти алып Семетейдин аялы Чачыкейге үйлөнөт.
А. Жайнакова
зат. Иттин, карышкырдын ургаачысы. Сары канчык эшиктин түбүндө жаткан экен (Сыдыкбеков). Канчык карышкыр тарс эткен сайын.. качууга аракет кылды (Жантөшев).
1. Иттин, карышкырдын ошондой эле ит тукумдарына кирүүчү айбандардын ургаачысы. Көк дөбөт менен сур канчык үрүп, буларды көздөй чуркашты (Баялинов). Куу канчык тумшугун көтөрүп, улуп-уңшуп коёт («Ала-Тоо»). Канчык карышкыр тарс эткен сайын качууга аракет кылды (Жантөшев). 2. өт. Аял кишини тилдөө, жемелөө учурунда колдонулат.
Жаман көргөндө, жактырбаганда, тилдегенде (көбүнчө эркек балдарга карата) айтылуучу сөз. Анан калса сулуулугу менен көптөрдү суусаткан периге бу кан чычкырдын жан берер түрү байкалбайт (Көчкөнов).
Ачуусу келип, аябай чыңалып чыгуу. Көкүрөгү ачышып, каны башка тээп, жүрөгү жарылып кетчүдөй түрсүлдөйт (Айтматов). В.: Каны башына тебүү. Кекенген сезимге ууланган каны башына тээп, мээсин уулантып, азыр бар күчүн жыйнап, ач бел, куу жондо өлгүсү келди (Айтматов).
Жеңил, тез ачууланма, көтөрүмү жок, бир нерсеге тез кыжырланып кетме. Сенин андай тамашаңды көтөрө албайт. Анын каны бузук, жеңилип кетет, - деп жанындагы жолдошуна эскертип, аны тыйып отурду (Абдукаримов).
Жеңил, тез ачууланма, көтөрүмү жок, бир нерсеге тез кыжырланып кетме. Сенин андай тамашаңды көтөрө албайт. Анын каны бузук, жеңилип кетет, – деп жанындагы жолдошуна эскертип, аны тыйып отурду (Абдукаримов).
Аябай ачуулануу, чыдамы кетип, кыжыры кайноо. Өткөн-кеткенди эсине түшүрүп, каны бузулуп кетти окшойт, бир аз желпилдеп барып токтоду («Ала-Тоо»). Уурту дирт этип, таноосу кыпчылды, канынын бузулганын туйдурбаска аракеттенди (Осмоналиев).
Жини келүү, ачуулануу, бир нерсеге чыдамы кетип кыжырлануу. Өткөн-кеткенди эсине түшүрүп каны бузулуп кетти окшойт, бир аз желпилдеп барып токтоду («Ала-Тоо»). Уурту дирт этип, таноосу кыпчылды, канынын бузулганын туйдурбаска аракеттенди (Осмоналиев).
Бүт мүмкүнчүлүгү, чын ыкласы, жан-дили менен берилген. Ал каны-жаны менен даяр экендигин айтты да, Асанга кагазды акырын сунду («Кыргызстан маданияты»).
Өтө зарыл болуу, оңойлук менен колго тийбөө, табылбоо, тез эле талап алып кетүү, жерге тийгизбей талашып алуу. Жакшы китептин каны жерге тийбейт. В.: Каны жерге тамбоо. Азыр андай буюмдун каны жерге тамбай калган.
Ачуусу келип кумсаруу, кыжыры кайнап, өңү бузулуу. Өзүнүн ички толгоосун байкаткысы келбей, каны ичине тарткансып, куп-куу болуп, бирок жай сүйлөөгө тырышты (Абдукаимов). Тиги таноосу кыпчылган ач күсөндөй сарынын андан бетер каны ичине тартып, муну тооруп жүрөт (Өмүрбаев). Алымды караган сайын таноосу кыпчылып, каны ичине тартат (Осмоналиев). Мисирейип, каары сыртына чыгып, каны ичине тартып, өңү куп-куу болуп, келини түгүл, көзүнө көрүнгөн кишинин баарын жутуп коёр кейпи бар эле (Эшмамбетов).
Ачуусу келип кумсаруу, кыжыры кайнап, өнү бузулуу. Өзүнүн ички толгоосун байкаткысы келбей, каны ичине тарткансып, купкуу болуп, бирок жай сүйлөөгө тырышты (Абдукаимов). Тиги таноосу кыпчылган ачкүсөндөй сарынын андан бетер каны ичине тартып, муну тооруп жүрөт (Өмүрбаев). Алымды караган сайын таноосу кыпчылып, каны ичине тартат (Осмоналиев). Мисирейип, каары сыртына чыгып, каны ичине тартып, өңү купкуу болуп, келини түгүл, көзүнө көрүнгөн кишинин баарын жутуп коёр кейпи бар эле (Эшмамбетов). Каныбектин каны ичине тартып, тиштери кычырап, жаак эттери түйүлө баштады (Жантөшев). Бугимовдун каны ичине тартып, өңү кумсарды (Сасыкбаев).
канык I привыкший, знающий дело, опытный, привычный к чему-л.; эмгекке баатыр, билимге канык, мыкты кишилерди шайлайт выберут крепких людей - героев в труде, сильных знаниями; канык болгон кырк жигит, караңгыга маш болгон фольк. опытные сорок витязей были ловки в темноте; аркы-берки ишке канык болуп калган он попривык ко всякого рода делам; туулгандан сырдаш, канык, тилек да бир, жүрөктөш стих. с рождения они единомышленники, (друг с другом) сжились; ууруга канык или канык ууру вор-профессионал; вор-рецидивист. канык- II привыкать, приобретать навык; көзү катка каныккан он бойко читает, у него глаз привычен к чтению; чындыкка каныккан он привык быть правдивым; көзу каныккан мерген охотник с опытным глазом (ориентирующийся на местности, легко замечающий дичь).
Iсын. Көп билген, терең билген, абдан канган. Музооке.. макал жана жомоктордун баарына канык (Тоголок Молдо).
КАНЫКIIэтиш. Такшалуу, маш болуу, адис болуу. Жумушчулар жедеп бышып, каныгып, Күрөшкө чыдап көнгөн (Элебаев).
Иштин жөнүн, негизин терең билген, каныккан, тажрыйбалуу, такшалган. Он төрт жашка келгенде, Канык мерген болду – деп («Эл адабияты»). Ишке канык илимпоздор турганда, Эч бир калбайт биздин ыркка көнбөгөн (Осмонкул). Өз кесибибиздин эрежесине канык болушубуз керек (Сасыкбаев).
Керекке, максатка жараша катуу, кургак нерсеге суюктукту, суюк, суулуу (нымдуу) нерселерге кургак нерсени талап кылынган өлчөмдө кошуу. Кантка каныктырылган суу. Сууга каныккан эгин желге ыргалат.
Ачуусу келүү, чыдамдуулугун жоготуп, кыжыры кайнаган абалда болуу, катуу кызу-уланып кетүү. Менин каным кайнап, жанымды коёрго жер таппай турганымды командир билди (Өмүрбаев). Сокур намысы тээп чыккан Шаршеналы Асылбектин айтканын уккандай да болгон жок, каны кайнап, эшикти тарс жаап чыгып кетти (Абакиров). Эдигей болсо чыдай алчу эмес, талашып тартышып, кызаңдап каны кайнап кетчу (Айтматов). Мындай сөздөрдү укканда каны кайнап, муштумдары түйүлчү (Айтматов).
Ачуусу келүү, чыдамдуулугун жоготуп, кыжыры кайнаган абалда болуу, катуу кызууланып кетүү. Сатардын жүрөгү туйлап, каны кайнап, жини келди (Жантөшев). Менин каным кайнап, жанымды коёрго жер таппай турганымды командир билди (Өмүрбаев). Сокур намысы тээп чыккан Шаршеналы Асылбектин айтканын уккандай да болгон жок, каны кайнап, эшикти тарс жаап чыгып кетти (Абакиров). Эдигей болсо чыдай алчу эмес, талашып-тартышып, кызаңдап каны кайнап кетчү (Айтматов). В.: Каны кызуу. Барган сайын Кебек карыянын каны кызып, урушарга киши таппайт (Байтемиров). Ошону ойлосом, эми да каным кызыйт (Байтемиров). Карт балбандын каны кызып, Куйручукка ачуусу келди. (Бектенов).
Мурдатан, ата-бабасынан бери душман, эзелтен касташкан жайы бар. Ошол жакшы көргөн кызынын эле каны кас кишинин инисине катын үстүнө чыкканын укса, намысчыл чал ызадан жарылып кетиши ыктымал эле (Осмоналиев).
Мурдатан, ата-бабасынан бери душман, эзелтен касташкан жайы бар. Ошол жакшы көргөн кызынын эле каны кас кишинин инисине катын үстүнө чыкканын укса, намысчыл чал ызадан жарылып кетиши ыктымал эле (Осмоналиев).
Тили оозуна батпай абдан суусоо, чаңкоо. Бир көнөчөк аш айран жеткизип бербесең, каным катып кетет го, кемпир жан (Сыдыкбеков). Токтогул чөйчөктү көрө коюп сүйүнүп кетти, анын тили кургап, каны каткан (Токомбаев). – Ичип жибер, балам, – деди Тазабек, – каның катып тургандыр! (Сыдыгалиев). Мен абдан жакшымын, бирок каным катып, суусап жатам (Саатов). Каның катып калса да чыдайсың (Айтматов).
Тили оозуна батпай абдан суусоо, чаңкоо. - Ичип жибер, балам, - деди Тазабек, - каның катып тургандыр! (Сыдыгалиев). Мен абдан жакшымын, бирок каным катып, суусап жатам (Саатов). Каның катып калса да чыдайсың (Айтматов). Ошол калың топтун ичинде туруп, кайдагы суу. Каның катып калса да чыдайсың (Айтматов).
1. Өңү кубарып кумсарып кетүү, куп-куу болуп кетүү (катуу корккон, ачуусу келген абалга карата). Эмне кыларын билбей каны качып, калтаарып туруп калды («Ала-Тоо»). Каны качкан Эсир тиштенди (Осмоналиев). 2. Абдан арыктоо, эти качуу. Кемпир тарбайып каны качкан колдорун серепчилеп бир нерсени караган болот (Сыдыкбеков). Малдыбайдын каны качкан өңүн бир карап алды да, Сейитке шашпай сөз узатты («Ала-Тоо»). 3. Кургай түшүү, тоборсуу (көбүнчө жыгач же башка өсгүмдүктөргө карата). Тээтиги каны качкан карагайдын түбүнө барып токтогула («Кыргызстан маданияты»).
1. Өңү кубарып-кумсарып кетүү, купкуу болуп кетүү (катуу корккон, ачуусу келген абалга карата). Эмне кыларын билбей каны качып, калтаарып туруп калды («Ала-Тоо»). Каны качкан Эсир тиштенди (Осмоналиев). 2. Абдан арыктоо, эти качуу. Кемпир тарбайып каны качкан колдорун серепчилеп бир нерсени караган болот (Сыдыкбеков). Малдыбайдын каны качкан өңүн бир карап алды да, Сейитке шашпай сөз узатты («Ала-Тоо»). 3. Кургай түшүү, тоборсуу (көбүнчө жыгач же башка өсүмдүктөргө карата). Тээтиги каны качкан карагайдын түбүнө барып токтогула («Кыргызстан маданияты»). В.: Каны-сөлү качуу. Каны-сөлү качып, калчылдап туруп берди (Сыдыкбеков).
1. ист. дочь хана, царевна (это значение забыто); 2. Каныкей Каныкей (в эпосе - имя любимой жены Манаса, дочери бухарского хана); каныкей балпылдак см.чым I.
КАНЫКЕЙ — үчиликтеги негизги башкы каармандардын бири. Манастын аялы, Темиркандын (Каракандын) кызы. Т. Герцен. Санирабнга (Каньгкей).
К-дин образы «Манас» эпосундагы аялдардын образдарынын ичинен айрыкча бөлүнүп турат. Ал Манас баатырга дайыма жардам берген, акыл айткан мыкты кеңешчиси. Эпостун бардык негизги окуяларына катышып, чыгарманын сюжетинде чечүүчү роль ойнойт. К-дин образы аркылуу баяндалган элдик идеялар эпостун башкы идеясынын ачылышында чоң мааниге ээ. Көп учурда Манаска акыл айтып, аны кыйынчылыктардан, айрым мезгилде ажалдан сактап калат. Айлакерлик, акылмандык, чечкиндүүлүк, чыдамкайлык — К-дин негизги касиеттери. К-дин образында баатырдык касиеттер да жок эмес. Саякбай Каралаевдин варианты нда К-дин образы эрдиги, кайраттуулугу жана күчү менен айырмаланган баатырдык образ катары берилет. Анын эр жүрөк баатырдыгы «өрүмдөн чачы өтө элек, өзү бала секелек» кезинде эле башталат. Сүрүнөн «жалпы Букар чайпалып, өлүп кете жаздаган» Чубак баатыр менен жекеме-жеке кармашып, намыс алат. К-дин эрдиги «Букарды төрт жолу курчоодон куткарды» деген сүрөттөөдөн көрүнөт. Аны Айкожо көрүп эч жеринде кеми жок экен, эркек болсо он сегиз миң ааламга тутка болчу неме экен, — деп 1-ын берет. «Кыз да болсо, кылым чайкап журт бузган Каныкей»:
Узун чачтын ыктуусу,
Ургаачынын мыктуусу,
Кең көйнөктүн тазасы
Ургаачынын паашасы (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 539инв., 217-б.),
— деп мүнөздөлөт. Манастын образы эпосто кандай негизги мааниге ээ болсо, К. да ошого барабар. К. катышпаган окуялар өтө аз. Манастын балалык күндөрү жана эң алгачкы баатырдык иштери гана К-сиз өтөтт. Манаска баш кошкондон тартып анын образы тереңдетилип, элдин асыл сапаттары көркөм чагылган. Каныкейдин сапаттары негизинен эпостун биринчи бөлүмүндө ачылат. К. айрым эпизоддордо башкы ролду ойнойт. Мисалы, К-дин тоюнда, Чубактын Букарды камаганында жана Манастын сөөгүн коюуда, ага күмбөз салууда акылмандык кылат. Көзкамандар окуясында, Көкөтөйдүн ашында, Чоң казатта жана башкалар көп окуяларга активдүү катышат. Көзкамандар чыккынчылык менен Манасты ууландырганда кыраакы К. Манасты өңөрө качып, өлүмдөн куткарат. Эпосто К. өзү түздөн-түз катышпаган окуяларда да кыйыр түрдө катышы бар, анын аты аталат. Сарамжалы, акылы, берген кеңеши эскерилет. Жоо бетинде жүргөн баатырлар эл-жердин кабарын алганда «калк энеси Каныкей, кайгысын тарткан эл-журттун, Жеңебиз аман жатабы» — деп атайын эскерип, ал-абалын сурап билишет. Т. Герцен. Каныкей.
К. Орозматов. «Жер эне». 1983.
К-дин көңүлдү өзүнө бурган башкы белгиси — колунан көөрү төгүлгөн уздугу. Баатырлардын бою-башына, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктап, эл намысы үчүн жоодо кийилүүчү ок өткүс кийим, курал-жарактарды алдын ала даярдайт. Көкөтөйдүн ашындагы балбан күрөштө Жолойду жыгып, Кошойдун намыс алышы К. тиккен кандагай шымга байланыштуу. К-дин камкор, сарамжалдуулугу булар менен эле чектелбейт Камкордугу жоокерлердин башына кыйынчылык түшүп, арып-ачканда жей турган күл азык камдап, түрдүү дары-дармекти баатырлардын жанына салып бергенден да көрүнөт. Мисалы, Алмамбет Чоң казатта жарадар болгондо К. берген дары менен күч-кубатына кирип, кайрадан майданга кирет, К. жасаган Алгаранын кебин Саралага кийгизип, душмандын чегинен өтөт. К-дин камкордугу баатырлардын тулпарларына кандай кам көргөнүнөн да айкын көрүнөт. Жоокерчилик мезгилде тулпардын кандай мааниге ээ экендигин жакшы түшүнгөн К. Аккулага «күрүчтөн күрмөк жем берип, күндө терин алып», ар качан саяпкерлердей таптайт. К-де алдыда боло турган жакшылык-жамандыкты сезип турган көзү ачыктык да бар. Манастын Чоң казатка аттанышына К. каршы тургандыгы да ошого байланыштуу. Манас Бээжинди алып, такка отурду деген кабар К-ди кубантпайт тескерисинче баатырлардан ажырап калбасын деп сарсанаа болот. Чынында Кичи казат кыргыз баатырларынын жеңилиши менен аяктайт. Манас өлгөндөн кийин бардык оорчулук К-дин мойнуна түшөт. Баатырдын өчүн алып, эли-жерине баш-көз болчу Семетейдин өмүрү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, акыры максатын ишке ашырат. Семетейге турмушту таанытууда, эли-жерин сүйүү, душманын жек көрүү сезимин курчутууда маанилүү милдет аткарат. Айрыкча К-дин «Тайторуну чапканы», «Каныкейдин жомогу» өңдүү эпизоддордо анын ар-намыс, эл-жер үчүн түрдүү ой-толгоолорго баткан психологиялык абалынын кеңири берилиши каармандын образын дагы тереңдетип, анын мүнөзүн ого бетер курчутат жана толуктайт. «Семетейде» К. өткөн муундун өкүлү катары акылман тарбиячы, камкор эне болсо, «Сейтек» бөлүмүндө келечектен үмүт үзбөй, карыса да ар-намыска бел-байлан, кыйынчылыктарга майышпай чыдаган туруктуулугу баса көрсөтүлөт. Эл өткөн коомдук түзүлүштөрдүн шартындагы социалдык чындыктан алда канча жогору турган өзүнүн адеп-ахлактык нормаларын да ушул образ менен тыгыз байланыштырышкан. К-дин образы — кыргыз элинин нечен кылымдардан берки жашоо-тиричилигинен келип чыккан, мыкты деп эсептелген түрдүү касиеттерди топтоштуруу аркылуу жаратылган образ. Анын бүткүл өмүрүндөгү иш-аракети элдин ар-намысын, эркиндигин, жыргалчылыгын коргоого арналган. Кыскасы К. кыргыз аялдарына таандык болгон акылмандык, мээримдүүлүк сыяктуу асыл сапаттарды сактайт жана өнүктүрөт. Элдик кыял аны биротоло ажалдын алы жетпеген аңыз каарманга айландырган. Жомокчулар Сейтектин эр жетиши менен Семетей, Айчүрөк, Бакайга кошулуп К. да түбөлүк аалам кезип кетти деп баяндашат. Т. Садыков. Каныкей. «Манас» архитектуралык скульптуралык композициясынан, 1981
Манасчылар өзү өлсө да иши өлбөгөн, тукумдан тукумга түбөлүк үлгү катары сактала турган көркөм салттуу элести ушундайча жаратышкан.
А. Жайнакова
«КАНЫКЕЙДИН АРМАНЫ» — классикалык элдик күү. «Манас» эпосундагы негизги каармандардын бири Каныкейдин айланасындагы окуялардын негизинде чыгарылган. Калк кастарлап уккан улуу эпостун кызык окуяларынын негизинде жаралган татаал кайрыктардагы нечен залкар күүлөр бар (к. «Алмамбеттин арманы», «Семетей күү»). Ал эпикалык күүлөр музыкалык ойлорунун тереңдиги, көркөм каражаттарынын молдугу менен мүнөздөлөт. Көбүнчө айтым күүлөр болуп комузчу адегенде күүгө өзөк болгон окуяны жорго сөз менен чечмелей айта отуруп, күүнү анан черткен. Мына ошондой күүлөрдүн бири «К. а.» чертилерде төмөнкү окуяны айтышкан. Айтылуу Манас атабыз өлгөндө, Абыке, Көбөш, Көлбай, Чыйбыт, Кочкор Манастан калган дүйнөнү камчыга ченеп бөлгөндө, Каныкейди Абыке алам деп, Ырамандын Ырчыуулун сен барып Манастын аялына: «Ат өлсө соору керек, ага өлсө жеңе керек» — жообун ала кел дейт. Ал Каныкейге барып, атчан туруп: Каныкей жеңе, кайнилериң жиберди. «Ат өлсө соору, ага өлсө жеңе керек» — экен дейт. «Арага келчү сен белең? Алуучу алты арам беле?» — деп, Каныкей оттун жанында жаткан шамшарды ала коюп уруп калат. Түнүндө кайненеси Чыйырды менен Семетейди Кайыпчынын кара үңкүргө жашырат. Эртең менен үрөң-бараңда Абыке, Көбөш келип Каныкейдин эмчегин жара чаап, «Ишенген балаң ушубу!» — деп жабылуу бешикти кылыч менен бөлө чаап кете берет. Ошондо Каныкей атасы Темиркандыкына кетмек болуп, Чыйырдыны айдалыга мингизип, Семетейди бооруна көтөрүп, Алмамбеттин сыр бараңын таянып:
Жоргонун белин аша албай,
Боздоп ыйлап баса албай,
Күйүктүн белин аша албай,
Күрмөлүп ыйлап баса албай
Балтырдан кара кан кетип,
Каныкейден ал кетип,
жолго жөө чыкканын билген Бакай минерине унаа, жээрине азык камдап Чакмактын белинен Каныкейге жолугат. Ошондо Каныкей Бакайга кайрылып: — Ушул жетимди алып барып таятасы Темирканга бала кылып берейин. Атасын тарткан эр болсо, чоңойгондо элин бошотуп, «алты арамдан» кегин алар. Жаман болсо кул болуп жүрүп өлөр... дегенде, Бакай эки тулпарга Чыйырды менен Каныкейди мингизип, азыгын берип, Темирканга качырганын айтып келип, андан соң жалаң кайрыктардан турган «К. а-н» чертишкен. Эпостун обону, күүнүн чертилердеги баяндамасы муңайыңкы жүрүштөгү албан кайрыктарда түрлөнө кайталанып, күүнү уккан адамдын көз алдына Семетейди ала качып кетип бараткан Каныкейдин кайгылуу элеси тартылат.
Б. Алагушов
«КАНЫКЕЙДИН ЖОМОГУ» — Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн китепче (Фр., 1940). Басмага даярдаган Ы. Абдыракманов. Латын тамгасы менен басылган. 288 сап ыр. (к. «Семетейдин» сюжети).
«КАНЫКЕЙДИН ТАЙТОРУНУ ЧАПКАНЫ» — Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн китепче (Фр., 1941). Жооптуу редактору Ө. Жакишев. Латын тамгасы менен басылган, 4466 сап ыр. Китептеги «К. Т. ч.» эпизодунун сюжети Манастын өлүмүнө байланышкан кайгы сууп, көз жаш кургай электе анын арсыз бир туугандары — Абыке менен Көбөш жаш балалуу Каныкейге, кары чоң эне Чыйырдыга, баатырдын акылман кеңешчиси Бакайга кордук көрсөтө баштаган наадандык иштерин баяндаган салттык окуядан башталып, башка эл-жерде тарбияланган Семетей он экиге келгенде таятасы аны кан көтөргөн тойдо Каныкей Семетейдин келечегин билгени Тайторуну төлгө кылып чаап, Тайтору чыгып келгенге чейинки окуялар камтылган.
КАНЫКЕЙДИН ҮҢКҮРҮ. Ичке жана Таш-Рабат ашуулары аркылуу Ат-Башыдан Ак-Сай өрөөнүнө ашып түшө берээрдеги капчыгайдан (Ат-Башы кырка тоосунун күңгөй бетинде) орун алган. Уламышка караганда бул үңкүргө Каныкей түнөп кеткен имиш.
к. КАНЫ КАЙНОО
Барган сайын Кебек карыянын каны кызып, урушарга киши таппайт (Байтемиров). Ошону ойлосом, эми да каным кызыйт (Байтемиров). Карт балбандын каны кызып, Куйручукка ачуусу келди (Бектенов).
1. к. кызуу кандуу. 2. к. каны кайноо. Барган сайын Кебек карыянын каны кызып, урушарга киши таппайт (Байтемиров). Кээде көрүп отуруп каным кызыйт (Байтемиров).
КАНЫМЖАН — эпизоддук кейипкер, Меңдибайдын энеси. Жакып мал четинде жүрүп, баласы жогуна кайгырып, айлына келгенде минген аты Туучунакты байлабай бош коё берип, үйүнө кирип кетет. Бош калган ат талаага качып жөнөгөндө Меңдибай кармап келмек болуп артынан кууп барып, токойдон Манас баш болгон кырк чоронун руханине жолугуп, алар менен ойноп кечиккенде К. баламды таап бер деп Жакыпка доо коёт. Чыйырдыны төрөтүүгө катышып, Канышбек экөө үйүнө келаткан Жакыпты утурлап чыгып, сүйүнчүлөшөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 51, 56, 77, 88).
к. ИЧИ МУЗДОО менен бирдей. Бек ага, - деди каны муздап, тил тийгизбеңиз, аксакалыбызга (Касымбеков). - Эсиңе кел, удайчы, - деди каны муздай (Касымбеков).
Көнүп кетүү, демейдегидей көрүнүшкө айлануу, кадимкидей эле сезилүү. Мунун баары көз ачкандан бери канына сиңип абдан маш болуп алган кесиби эле (Укаев).
Көнүп кетүү, демейдегидей көрүнүшкө айлануу, кадимкидей эле сезилүү. Мунун баары көз ачкандан бери канына сиңип абдан маш болуп алган кесиби эле (Укаев).
Ачуусун келтирүү, кыжырлантуу, каарын козгоо. Ал тургай кол мылтыгынан ок чыгарууга чейин барышы тигилердин бир жагынан канын кайнатса, экинчи жагынан ойлонтпой койгон эмес (Медетов). Эр намысы канын кайнатып, Жалийге сыпаа какшык жылдырды (Бейшеналиев). Сыртынан билгизбегени менен көөдөндө кур санаа буркан-шаркан түшүп, канын кайнатты (Ашымбаев). В.: Канын кызытуу. Анын кычык сөздөрү канымды кызытып, өзүмдү араң токтоттум («Ленинчил жаш»).
Ачуусун келтирүү, кыжырлантуу, каарын козгоо. Ал тургай кол мылтыгынан ок чыгарууга чейин барышы тигилердин бир жагынан канын кайнатса, экинчи жагынан ойлонтпой койгон эмес (Медетов). Эр намысы канын кайнатып, Жалийге сыпаа какшык жылдырды (Бейшеналиев). Сыртынан билгизбегени менен көөдөндө кур санаа буркан-шаркан тушуп, канын кайнатты (Ашымбаев).
Бардыгына бел байлоо, тобокелге салып иш кылуу, өлүмгө башын тигип коюу. Канымды көөкөрлөп согушка барып келдим («Ала-Тоо»). Бай, манаптарга каршы каныңды көөкөрлөп коюп, күрөшкөнүң үчүн сени сөгө турган ким экен? (Сыдыкбеков).
Бардыгына бел байлоо, тобокелге салып иш кылуу, өлүмгө башын тигип коюу. Калк үчүн каның көөкөрлөп, Кайрат кылып турасың («Эр Табылды»). Канымды көөкөрлөп согушка барып келдим («Ала-Тоо»). Бай, манаптарга каршы каныңды көөкөрлөп коюп күрөшкөнүң үчүн сени сөгө турган ким экен? (Сыдыкбеков). В.: Канын көөкөрдөө. Көөкөрдөп төктү канымды, Көп кетирди алымды (фольк.).
к. КАКТАБАЙ КАНЫН СОРУУ
Адамдын канын сүлуктөй соргон кадимки Казы манап (Бектенов). Алардын канын аябай соргон экен, элдин айтымына Караганда («Ала- Тоо»).
Кыргын салуу, аябай катуу салгылашуу. В.: Канын суудай төгүү. Кыздын кан куугандары болсо, соту жок эле канын суудай төгөт, – деди танкист (Абдукаимов).
к. КАНЫН ИЧҮҮ
Канын ууртабасам, деп кекенди («Ала-Тоо»). Анын куну үчүн бүгүн сенин каныңды ууртаймын («Ала-Тоо»). Шылдыңдайсыңар ээ?! Каныңды ууртап коёюнбу?! (Тойбаев).
1. Токтоло элек, өкүм, чогоол, жеңил. Каны суюк балдарга Атышарга жаа бербе. Каны суюк жаш бала, Кагыша кетип жүрбөсүн (фольк.). Бала баатыр жалгызым, Каны суюк жаш бала («Курманбек»). 2. Кыялы чатак, албуут, опурулма, кызуу кандуу. Каны суюк Токбай уулу (Бектенов). Кээ бир каны суюк кишилер чыдай албай кулагын басатко? (Байтемиров).
1. Токтоло элек, өкүм, чогоол, жеңил. Каны суюк эр жүрөк, Жаш баласың баарыңар («Эр Табылды»). Каны суюк балдарга, Атышарга жаа бербе. Каны суюк жаш бала, Кагыша кетип жүрбөсүн (фольк.). Бала баатыр жалгызым, Каны суюк жаш бала («Курманбек»). 2. Кыялы чатак, албуут, опурулма, кызуу кандуу. Каны суюк Токбай уулу (Бектенов). Кээ бир каны суюк кишилер чыдай албай кулагын басат ко? (Байтемиров).
Өзүн-өзү токтото албай алеп-желеп болуу, токтоно албоо, жүрөгү алып учуу. Седептин каны ташкындап, эмне кыларын билбей, аркы-терки басып турат (Каимов). Көз ирмемге бир кездеги эне-баланын каректери чукул жерден чагылыша түштү. Денелери дүркүрөп, каны ташкындады (Исмаилов).
Өзүн-өзү токтото албай алеп-желеп болуу, токтоно албоо, жүрөгү алып учуу. Седептин каны ташкындап, эмне кыларын билбей, аркы-терки басып турат (Каимов). Көз ирмемге бир кездеги эне-баланын каректери чукул жерден чагылыша түштү. Денелери дүркүрөп, каны ташкындады (Исмаилов).
каныш I ханша, жена хана; "канышынын төрүндө жаткандыр төрөң" деп айтат фольк. он говорит, что твой господин, нужно полагать, лежит на почётном месте (см.төр 1) у своей ханши; мырзасынан кулу көп, канышынан күнү көп фольк. рабов там больше, чем господ, рабынь больше, чем ханских жён. каныш- II взаимн. откан- III.
КАНЫШАЙ — эпизоддук кейипкер. Кытай чегин кайтарган балбан аял, тыргооттун каны. Аял болсо да баатырдыгы, балбандыгы, кыраакылыгы менен айырмаланган К-га Эсенкан бекеринен бир элдин кандыгын берип, чекке коюп Манасын жолун тостурбайт (Саякбай Каралаев, 1. 166). К-дын оңой жоо эмес экенин, көзүн тазаласа Бээжинге барчу жол ачыларын билген Алмамбет амал менен анын ордосуна кирет. Ордодогу адамдардын ууланганына түшүнөр замат кыраакы К. Алмамбеттин Эсенкан чекке сакчы койгон Кулжа менен кырк кулач кызыл Түлкүнү, Маамытбек сокурду кырк кечили менен кошо жайлап келгенин туят.
К-дын буйругу менен кармамакчы болуп жабылганда күйүп турган чыракты Алмамбет ыргыта тээп Канжаркол, Музкиндик баштаган ууланган, мас балбандарын караңгыда бүт кырып салат. Каарданган К. ордону бир колу менен уратып тышка чыгып, байлануу күлүгүн минип Бээжинди карай чабат. Артынан кууп жетип К-ды өлтүрүшкөндөн кийин Алмамбет жанындагы Сыргакка: «Көңүлдө эми арман жок, Сыргак, Топон суу тийбес Бээжиндин Тосоту эми калган жок Сыргак», — дейт (Саякбай Каралаев, 2. 136).
КАНЫШАЙ — эпизоддук кейипкер. Ооган каны Түлкүнүн кызы, Бокмурундун жубайы. Оогандар тейит менен катаганды чаап алып, Кошойдун баласы Аликени өлтүрүп кеткенде эл Манастан жардам сурайт. Согушта оогандар жеңилип, Түлкүнүн иниси Акун колго түшүп калат. Акундун өтүнүчү боюнча эки эл жарашып, Акун Ооганга кан болот. Ошондо Бокмурун Канышайды жактырып калып, Манас куда түшөт. Бокмурун К-ды алганы кеткенде атасы Көкөтөй дүйнөдөн өтүп, баласы аялы менен өлүктүн үстүнөн чыгат. К. кайнатасына кайгырып ыйлап, ошондон «келиндин аягынан, койчунун таягынан» деген ылакап айтылып калган делет эпосто (Сагымбай Орозбаков, 2. 439; 3. 9— 10, 19, 20, 27, 28).