мужские штаны из кожи горного козла (для эпического богатыря обязательны);
төрө Манастан калган кандагай фольк. кожаные штаны, оставшиеся от господина Манаса;
кара боюн тыңданып, кандагайын шымданып фольк. подтянув свой стан и заправив рубашку в кожаные штаны.
зат. Балбандар, баатырлар кийүүчү, багалеги кенен, текенин терисинен ийленип жасалган шым. Кандагай шымды кийгизди, Жетик катын Айчүрөк Жетиктигин билгизди («Сейтек»). Кагышка балбан кийүүчү, Алманбет уулу Күлчоро, Кандагай болду кийгени («Сейтек»).
кандагай (камдагай эмес)
(этн.)
КАНДАГАЙ (моңголчо «кандага» — багыш) — тоо текенин, багыштын жана башкалар терисинен жасалып, баатырлар, балбандар жоого, балбан күрөшкө, эр сайышка, оодарышка кийиш үчүн тигилген чалбар шым. Калың териден, булгаарыдан жасалып, кылыч, жебе өтпөй турган согуштук ат жабуу да К. деп аталат. К. кенен, согончокко жете узун, кашатынан карышча жери эки катталып, шырылып, тигиштерине башка түскө боёлгон жаргактан милте коюлуп, кош тарамыш менен тигилген. Кашатына тигилген бүгүшкө кайыштан ычкыр өткөрүлгөн. «Манас» эпосунда да жоого кийчү кийим катары К-га кеңири көңүл бурулат.

Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшкөн К-дын тарыхына өзгөчө көңүл бурулат. Аны тигиш үчүн Каныкей Анжыяндын ары жагы, Айым-Мүнсөк бери жагы Даңдуң - Баштын тоо текесинин териси калың болот деп угуп, Абыке баш болгон алтымыш мергенди атайы жөнөтүп, териге залал кылдырбай жалаң көзгө аттырып алат. Аны күндүн көзүн көрсөтпөй кургатып, жез челекке алты ай алманын кабыгынан жасалган малмага салып ашаттырат. Кайыптын кызы Арууке баш болгон токсон узга тиктирет. Ичине буулум ичтеп, тышы бышык болсун деп болот эгер ширетет. Мусулман кандарынын кийген шымдарынын ичинен жалгыз ушул К. балбанга түшчү Кошойго бап келип, ыраазы болгон ал аны жасаган Каныкейге батасын берет. Ошол батадан Семетей бойго бүтөт. Эпосто К-га мындай олутуу көңүл бурулушу, анын түпкүлүгүндө тотемдик жаныбар менен байланыштуулугунда. Адепки учурда ал магиялык күчкө ээ шым катары эсептелген. Муну анын К. аталышы ырастайт. Алтай тилдеринин чоң тобунда багыш — кандага (эвенкиче), кандахан (манжурча), хандагай (моңголчо) деп айтылат. Якуттардын мифтик ишениминде Алып хандагай токойдун ээси, аңчылыкты колдоочу. Байыркы Сибирь элдернде Хандагай (багыш) кудай жаныбар — тотем болгон. Ошондуктан кыргыздардын көп учурлары ушул тотем жаныбардын атын алып жүргөн (сары багыш, кара багыш, чоң багыш, багыш). Тотемдик жаныбардын терисин кийген адам анын колдоосу менен жеңилбес күчкө ээ болот деген ишеним болгон. Ошондуктан арстан кебин кийген Рүстөм, Геракл сыяктуу эле Кошой да багыш терисинен шым кийгенде кебелгис күчкө ээ болуп, эч кимден жыгылбаган Жолойду жеңет.
Ы. Кадыров, М. Толубаев
Азыркы кыргыз тилинде балбандар, батырлар кийчү текенин терисинен жасалган жаргак шым кандагай аталат. Моңгол тилинде болсо хандгай сөзү орусча лосъ деген жаныбарды билдирет. Ушуга караганда алгач кыргыз тилинде да кандагай сөзү лосту билдирген. Бирок кийин андай жаныбар Тянь-Шанда жок болуп калганда, ал сөз ошол жаныбардын терисинен жасалган шымдын атында сакталып калган. Балбандар менен баатырларга кандагайдын терисинен шым тигип берүү мүмкүн болбой, анын ордуна текенин териси пайдаланылса деле, эски көнүмүш боюнча ал шымдын аты кандагай аталып кала берген.
1. Тоо теке, багыш сыяктуу териси калың жаныбарлардын терисинен эр сайышта күрөштө кийүүгө ылайыкталып жасалган чалбар шым. Кагышка балбан кийүүчү, Кандагай болду кийгени («Сейтек»). Жайы, кышы кийгени, Кандагай теке шым экен (Жантөшев). 2. Согушка кирүүчү аттын калың териден жасалган жабдуусу. Алтыным теке терисин. Сырттан кылган кандагай («Эл адабияты»).