КАНДАГАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тоо теке, багыш сыяктуу териси калың жаныбарлардын терисинен эр сайышта күрөштө кийүүгө ылайыкталып жасалган чалбар шым. Кагышка балбан кийүүчү, Кандагай болду кийгени («Сейтек»). Жайы, кышы кийгени, Кандагай теке шым экен (Жантөшев). 2. Согушка кирүүчү аттын калың териден жасалган жабдуусу. Алтыным теке терисин. Сырттан кылган кандагай («Эл адабияты»).