КАНЫ ТАШКЫНДОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өзүн-өзү токтото албай алеп-желеп болуу, токтоно албоо, жүрөгү алып учуу. Седептин каны ташкындап, эмне кыларын билбей, аркы-терки басып турат (Каимов). Көз ирмемге бир кездеги эне-баланын каректери чукул жерден чагылыша түштү. Денелери дүркүрөп, каны ташкындады (Исмаилов).