Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Киши өлтүргүч, канкор, ырайымсыз, мыкаачы, зулум. Эгерде комсомол, бул кан ичкич залимдерге каршы болсо, мен ага жазылып алсам болмок экен (Баялинов). Кыларын кылып коюп кан ичкичтер, Жылмайып четте гана аман калды (Турусбеков). В.: Кан ичер. Ат коюп алыс карап, мылтык атып, Басмачы кан ичерлер келе жатты (Шамшиев). Кан ичер жоону жеңүүгө, Камданып чыккан калкымдан (Бөкөнбаев). Кан ичме. Шаймердендин кан ичмеси кармап, калтаарыды (Сыдыкбеков). Калтырбай жинин жайнаткын, Сен кан ичмеңди карматкын, какбаш («Эр Төштүк»). Өрттөй көзү бек жайнап, Кан ичмеси чын кармап («Манас»).