КАНДАРДЫН ЧАТАГЫ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАНДАРДЫН ЧАТАГЫ — «Манас» эпосунда айтылган алты кан кеңешип, кол курап Манасты чаап алмак болуп Таласка баргандагы окуя менен байланышкан. Чоң казат бөлүмүнүн киришүүсү катарында милдет аткарган салттык бул окуя эпостун көпчүлүк варианттарында бар жана туруктуу айтылат. К. «Манастын» сюжети.