КАНЫН КАЙНАТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ачуусун келтирүү, кыжырлантуу, каарын козгоо. Ал тургай кол мылтыгынан ок чыгарууга чейин барышы тигилердин бир жагынан канын кайнатса, экинчи жагынан ойлонтпой койгон эмес (Медетов). Эр намысы канын кайнатып, Жалийге сыпаа какшык жылдырды (Бейшеналиев). Сыртынан билгизбегени менен көөдөндө кур санаа буркан-шаркан тушуп, канын кайнатты (Ашымбаев).