КАН-ЖАЙЛАК
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАН-ЖАЙЛАК — топоним. Манас баатыр Ала-Тоого жүрүш жасап, ата-бабанын туулуп өскөн жерин сырткы душмандардан бошотуп, Алтайдагы кырк үйлүү (уруу) кыргыз элин өз жерине көчүрүп келишин баяндаган окуяда айтылат. Эпосто «жер соорусу» аталган Талас өрөөнүндөгү мал чарбасына ыңгайлуу, климаты жагымдуу, табияты кооз, идеалдуу жер катарында сүрөттөлөт. Географиялык реалияда Талас өрөөнүндөгү жайлоо.