Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(анат.) канал, органдарга суюктук өтүп тура турган жол. К. вольфов — к. Вольфовы каналы, к. гаверсов — Гаверс каналы, жиликтин сөөгүнүн ичиндеги майда канал; к. желудочнокишечный — ичеги-карын каналы, ооздон башталып, арткы тешик менен бүткөн түтүк; к. лауреров — Лаурер каналы, кээ бир трематоддордун үстүнкү бетиндеги кичине канал; к. мочеиспускательный — сийдик чыгаргыч канал, табарсыктан сыртты карай сийдикти өткөрүүчү түтүк; к. пищеварительный — к. Канал желудочнокишечный, к. полукружный — жарты тегерек канал, ички кулакта жаткан бир тетик; к. семяизвергательный — урук аттыргыч канал, урукту сийдик чыгаргыч каналга алып келүүчү түтүк; к. слезноносовой мурун-жаш каналы, көздүн чарасынан жашты мурундун көңдөйүнө өткөрүүчү түтүк; к. спинномозговой — жүлүн каналы, жүлүндүн өзөгүндөгү ичке түтүк; к. эндолимфатический — эндолимфалык канал, ички кулактагы түтүк.