Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тып эле, дароо эле, ошол замат, арыдан-бери. Карым-катыштын кан буугандай басылып калышы Суусардын ичин туз куйгандай ачыштырды (Бердикеев). Өзү бүтүм чыгарды, өзү баарын кан буугандай токтотту, бирок Эдигейди ойлободу (Айтматов). Мурдагы кылык-жоруктары кан буугандай тыйылды («Кыргызстан маданияты»).