Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Шайланууга же бир уюмга алынууга, ишке дайындалууга ж. б. талапкерлиги белгиленген адам. Жогорку Кеңештин депутаттыгына кандидат. 2. Диссертация жактоо аркылуу ээ болгон кенже илимий даража жана ошол даражаны алган адам (окумуштуу). Тарых илимдеринин кандидаты. Медицина илимдеринин кандидаты. 3. XIX кылымдын 80-жылдарына чейин Россияда жогорку окуу жайын артыкчылык менен бүтүргөндөргө берилип келген кенже илимий даража.