Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Нерсенин түрүн, түсүн, сапатын, касиетин, жөнүн, абалын же башка белгилерин билүү үчүн берилүүчү суроо. Кандай бала болгонсуң? Кандай окуяга туш келер экенбиз? Элиңдин түрү кандай? (Турусбеков). Жаңы эжекемдин обону кандай чыгар экен? (Сыдыкбеков). 3. Бири-бирине окшоштуруу, жалпылыгы бар нерселерди өз ара салыштыруу иретинде колдонулат. Жомокто айтылган боз баштык кандай болсо, биздин чанач так ошондой (Сыдыкбеков). Боз тамдын сырты кандай жарды болсо, ичи да ошондой эле (Сыдыкбеков). 4. Бир нерсенин жөнүн, абалын, сапатын ж. б. өзгөчө белгилеп көрсөтүү (күчөтүү, ашкере жогорулатуу же төмөндөтүү) же ага суктангандыкты, таң калгандыкты билдирүү үчүн айтылат. Кандай ысык, кандай жакшы өскөн жер! (Токомбаев). Кандай мыкаачы адамдын колунан келди экен? – деп, балдар көгүчкөндүн абалына кейип жатышты («Жаш ленинчи»). Биз жашаган доор кандай шаттуу, кандай ыракат! («Ала-Тоо»). Кыял деген кандай жакшы (Сасыкбаев). 7. «Эч», «ар», «алда» деген сөздөр менен айкашып, тануу, жалпылоо, күдүк (белгисиздик) маанидеги ат атоочторду уюштурат. Айганыш эч кандай суроо берген жок (Байтемиров). Ар кандай кишилерди көрөсүң, ар кандай иштердин жөнүнө түшүнөсүң («Чалкан»). Алда кандай бир булут, Пайда болуп калганы («Манас»).