КАНЫ КАЙНОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ачуусу келүү, чыдамдуулугун жоготуп, кыжыры кайнаган абалда болуу, катуу кызууланып кетүү. Сатардын жүрөгү туйлап, каны кайнап, жини келди (Жантөшев). Менин каным кайнап, жанымды коёрго жер таппай турганымды командир билди (Өмүрбаев). Сокур намысы тээп чыккан Шаршеналы Асылбектин айтканын уккандай да болгон жок, каны кайнап, эшикти тарс жаап чыгып кетти (Абакиров). Эдигей болсо чыдай алчу эмес, талашып-тартышып, кызаңдап каны кайнап кетчү (Айтматов). В.: Каны кызуу. Барган сайын Кебек карыянын каны кызып, урушарга киши таппайт (Байтемиров). Ошону ойлосом, эми да каным кызыйт (Байтемиров). Карт балбандын каны кызып, Куйручукка ачуусу келди. (Бектенов).