кансыра
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Кандын көп агышынан алы кетүү, алсыроо. Токтолбой бир аздан соң кан куюлуп, Эр Төштүк кансырады, эстен танды (Маликов). Ашыр кансырап жаткан Ивановдун башын жөлөп олтура калды (Сасыкбаев).
2. өт. Кан төгүүнү, бирөөнү өлтүрүүнү каалап туруу. Оолуккан, кансыраган карышкырлар Уялбай бута ордуна адамды атты (Маликов).
2. өт. Кан төгүүнү, бирөөнү өлтүрүүнү каалап туруу. Оолуккан, кансыраган карышкырлар Уялбай бута ордуна адамды атты (Маликов).