Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кандын көп агышынан алы кетүү, алсыроо. Токтолбой бир аздан соң кан куюлуп, Эр Төштүк кансырады, эстен танды (Маликов). Ашыр кансырап жаткан Ивановдун башын жөлөп олтура калды (Сасыкбаев).
2. өт. Кан төгүүнү, бирөөнү өлтүрүүнү каалап туруу. Оолуккан, кансыраган карышкырлар Уялбай бута ордуна адамды атты (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандын көп агышынан алсыроо, алы кетүү. Кансырап араң жаткан бирин таптык (Үмөталиев). Аягы сынып алсырап, Башы айрылып кансырап («Манас»). 2. өт. Кан төгүүнү, бирөөнү өлтүрүүнү каалоо, эңсөө. Кансыраган иттердин Канына сөөгү жуулду (Осмонкул). Оолуккан, кансыраган карышкырлар Уялбай бута ордуна адамды атты (Маликов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кансыра-;
жазыксыздарды кансыраткан каракчылар убийцы, пролившие кровь невинных;
ак сүтүңдү эмизбей, кансыратпа козуңду фольк. не давая сосать своё белое молоко, не изнуряй своего ягнёнка (своего милого ребёнка).