КАНАТТУУГА КАКТЫРБАЙ, ТУМШУКТУУГА ЧЕКТИРБЕЙ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч кыйынчылыкка дуушар кылбай, жамандык көргөзбөй кастарлаган, бардык жагынан кам көргөн. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей бөпөлөп асыраган балам («Ала-Тоо»). Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей багам. Мага да бала керек. Кошкула (Сыдыкбеков).