КАНДЫ БУЛООН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Мал көп союлуп, эт-аш көп болгон, бака-шака түшкөн көрүнүш. Канча малын кырышып, Канды булоон кылышып («Манас», С. О.). Казан асып, эт салган, Канды булоон эл көрдүм («Эр Табылды»). Канды булоон союлган малдын саны жок (Сыдыкбеков). В.: Кандуу булоон. Тандап союп кандуу булоонго киришет (Осмоналиев).