КАНЫКЕЙДИН ҮҢКҮРҮ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КАНЫКЕЙДИН ҮҢКҮРҮ. Ичке жана Таш-Рабат ашуулары аркылуу Ат-Башыдан Ак-Сай өрөөнүнө ашып түшө берээрдеги капчыгайдан (Ат-Башы кырка тоосунун күңгөй бетинде) орун алган. Уламышка караганда бул үңкүргө Каныкей түнөп кеткен имиш.