КАНЫН КӨӨКӨРЛӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бардыгына бел байлоо, тобокелге салып иш кылуу, өлүмгө башын тигип коюу. Калк үчүн каның көөкөрлөп, Кайрат кылып турасың («Эр Табылды»). Канымды көөкөрлөп согушка барып келдим («Ала-Тоо»). Бай, манаптарга каршы каныңды көөкөрлөп коюп күрөшкөнүң үчүн сени сөгө турган ким экен? (Сыдыкбеков). В.: Канын көөкөрдөө. Көөкөрдөп төктү канымды, Көп кетирди алымды (фольк.).